Якутиядагы мигранттарга каршы маанай

  • Наталия Зотова
  • Би-Би-Си

Аэропорттон түшкөндө эле "Якутск шаарында 2019-жыл - ынтымак жылы" деген жазуу көзгө урунуп турат.

18-мартта бул жерде массалык митинг болду. Якутия мындай митингди соңку он жылдыкта көргөн эмес эле. 17-мартта жергиликтүү аялды болжолу теги кыргызстандык мигрант зордуктаган деген маалымат чыгып кеткенден кийин эл толкуп кеткен.

Би-Би-Си кабарчылары 120 этностун өкүлдөрү жашаган Якутияда эмне үчүн мындай каршылык маанай курчуп кеткени тууралуу иликтеп келди.

Кыргызстандын Ош аймагынан келген Набиджан Якутск шаарында жашылча-жемиш саткан дүкөндү иштетет. Мурда такай келип жүргөн кардары өткөн аптада аны коркутуп кеткенин кеп салды:

"Бир чечим кабыл алганча, сенден эми эч нерсе сатып албайм деп ачуулуу сүйлөдү. Сенин жашылча-жемиштериңди эч ким жебейт! "Бул жерде кыргыз иштейт, кирбегиле" деген жазууну илип кетем. Мен сага каршы деле эмес элем. Бирок азыр сага каршы манайдамын, түшүндүңбү?! Жыйналгын дагы, жоголгун, деп айтты".

Набиджандын кардары ага ачуу сөздөрүн жаадырып, телефонуна тартып алган. Ушундай маанайдагы видеолор WhatsApp сыяктуу кат алышуу кызматтарына жайнап чыккан экен.

Бир жерде якут мигрант таксистти опузалап жатат, бир жерде жашылча-жемиштерин чачып, мигрант сатуучуну сөгүп, дагы бир жерде тапанча менен мигрантты коркутуп, сабаганы тартылган. Мындай тасмаларды акыркы күндөрү якуттар бири-бирине жөнөтүп, коомдук сайттарга тарап, тездик менен жайылды.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кыргызстандын Ош аймагынан келген Набиджан Якутск шаарында жашылча-жемиш саткан дүкөндү иштетет

Башка мигранттар сыяктуу эле Набиджан үч күн жумушка чыккан эмес.

"Кийин Youtube аркылуу, "Инстаграмдан" сабиз керек, апельсин керек деген кайрылуулар түшө баштады. Анан дүкөндү барып ачтым. Баары жайындабы деп сурап, соода кылгандар көп болду",-дейт ал.

Жергиликтүүлөр менен сүйлөшүп жатканда, "менин кыргыз эмес, өзбек экенимди билсе" деп ызаланды.

Чөлкөмгө 2018-жылы келген 70 миңден ашуун мигранттын 42 миңи Якутск шаарына каттоого турган.

"Менин эсебимде Якутск шаарындагы мыйзамсыз жүргөндөр бул жердеги жалпы мигранттын 10 пайыздайын түзөт. Эми үч миң мигрантты мыйзамсыз иштеп жүрөт деп айтсак болот",-деди республиканын жетекчиси Айсен Николаев Би-Би-Си менен маегинде.

Өткөн аптадан тарта полиция мыйзамсыз жүргөн мигранттарды жана мыйзамсыз бизнести аныктоо максатында атайын рейд өткөрө баштаган.

Мунун баары 17-мартта башталган. Жергиликтүү басылмалар бир аялды кыргызстандык мигрант зордуктаганы тууралуу жазып чыгышкан. Жаңылык ушунчалык тездик менен тарап, мигранттарга болгон кыжырдануу дароо дүрт эте түштү.

Сүрөттүн булагы, Vadim Skryabin/TASS

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Бийлик нааразылык билдирип, көчөгө чыккандарды шаардагы "Триумф" деп аталган концерттик залга чогултту. Алты миң киши жыйылган

Ал тургай жолдошу кыргызстандык болгон үчүн республикадагы таанымал ырчы Олимпианын дарегине коомдук сайттар аркылуу ачуу сөздөрдү жаадырып жиберишти.

Бийлик нааразылык билдирип, көчөгө чыккандарды шаардагы "Триумф" деп аталган концерттик залга чогултту. Алты миң киши жыйылган. Көчөгө нааразы болуп чыккандардын так саны белгисиз, бирок Якутияда мынтип чыккан учур көп жылдан бери болгон эмес эле дешет. 1986-жылы якут жана орус жаштарынын үч күнгө созулган массалык мушташы катталганда, ушундай көрүнүш орун алган, деп сүрөттөйт жергиликтүү журналисттер.

"Триумфдагы" митинг учурунда аялы кыргызстандык болгон үчүн жергиликтүү кеңештин депутаты, белгилүү спортчу Павел Пинигинди ышкырык, ызы-чуу менен кабыл алышкан.

Бул жерде шаардын мэри Сардана Авксентьева жана республиканын башчысы Айсен Николаев чогулгандарга кайрылуу жасаган.

"Якуттар көпкө чыдады, мен көрүп тургандай, мына бүгүн чегине жеткен экен. Баарыбыз биригип, тартипти орнотуубуз зарыл. Биздин шаардын кожоюну ким экенин көрсөтүшүбүз керек",-деген мэр митингдеги сөзүндө.

Мэр "кожоюн" деп айтканда бир эле якуттар тууралуу эмес, бүтүндөй жергиликтүүлөр жөнүндө сөз болгон деп түшүндүрүүдө.

"Эгерде санкцияланбаган митингде кишилерди бейбаштык үчүн же башка себептер менен кармап, жаңжалды басып, ооздорун жаап салган менен көйгөй жок болуп кетпейт",-деди Авксентьева.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Шардын борборун муздан жасалган айкелдер кооздоп турат. Алардын бири өкмөт үйүнүн алдына коюлган

Азыр жергиликтүү бийлик WhatsApp аркылуу канча видео тараса, мигранттарга кол салуулар саны деле ошончо деп жатат. Мэрдин айтымында, болжолу мигранттарды коркутуп-үркүткөн алты бейбаштык катталган. Мигранттын дүкөнүнө кирип, жашылча-жемишин чачып, опузалагандар, тапанча менен коркуткандар кармалды дейт мэр.

Полиция мигранттар иштеткен дүкөндөргө жана жергиликтүү мечитке видео байкоолорду орнотуу кеңешин берүүдө.

Ал эми республиканын жетекчиси Айсен Николаев тургундарга болгону кылмышкер жоопко тартыларын убадалаганын айтты. "Анткени алар мени ошон үчүн шайлашкан. Мыйзамдын чегинен чыкпай, мен алардын кызыкчылыгын коргошум керек",-дейт ал.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Якутск шаарындагы жападан жалгыз мечиттин имамы Муса Сагов

Якутск шаарындагы жападан жалгыз мечиттин имамы Муса Сагов бийликтин аракеттерине макул эмес.

"Менимче мэр менен республика жетекчисинин митингге келгени туура болбой калды. Президент мыйзам чегинде катаал саясатты карманышы керек эле. Ал бул жерде жашагандардын баарынын коопсуздугунун гаранты эмеспи",-дейт Муса Сагов.

Толкундоолор болуп жаткан учурда алабарман айрым топтор мечитке дагы келишкен. Дароо полиция кайгуулу жетип келген экен.

"Эл күнөөлүүлөрдү издөөгө умтулат"

Мэр Сардана Авксентьеванын айтымында, республикада жаралган кырдаал расалык кастык үчүн чыккан жок. Агрессия экономикалык каатчылыктан улам пайда болду.

"Эл деген көйгөй жаралса, башка тараптан күнөөлүүлөрдү издөөгө умтулат",- дейт Сардана Авксентьева.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Якутсктун калкы дагы деле эски жыгачтан салынган үйлөрдө жашайт

Орусиянын статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылы калктын 20 пайызы жакырчылыкта жашаган. Бул аймакта алмаз жана алтын өндүрүлөрүн эске сала кетели. Өлкөдөгү жалпы жумушсуздуктун көрсөткүчүн алганда Якутияда жумуш таба албай жүргөндөрдүн саны да жогору.

Ошондой эле Якутия авариялык абалга кабылган турак-жайлар боюнча Орусияда рекорд жаңырткан. Аймакта бүтүндөн райондор эски жыгачтан салынган үйлөрдө жашайт. Якутскка келген коноктор ал үйлөрдү ээн калган турак-жайлар деп ойлошу мүмкүн. Алардын көбүндө канализация же таза суу жок.

"Аба ырайы катаал, айлык акы төмөн, жашоо кымбат. Мигранттарды кууп чыксак эле турмушубуз оңолуп кетпейт. Мигранттарга каршы нааразылык мени таң калдырды. Анткени мындан дагы олуттуу көйгөйлөр бар, ошолорго чогулушса болмок. Мисалы, пенсия реформасы",- дейт курулуш базарында соода кылган Надежда.

"Алардын саны көп, кыжырың келет "

Якуттар мигранттар менен катар эле курулуш базарында, ачык асман алдындагы соода жайларында иштешет. Абанын температурасы 10 градус суук болгондор, соодагерлер "жаз келди" деп кубанышат.

"Мигранттарды кууп чыгыш керек деген, эмне деген суроо? Алар бейбаштар. Биз мигранттар менен чогуу иштейбиз, алар базарда абдан көп. Чогулушка мен дагы баргам. Анткени окуяга кабатыр болдум",- деп кеп салды сатуучу болуп иштеген Эдик.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Курулуш базарында иштеген Эдик мигранттар жергиликтүү калкты сыйлабайт деген пикирде

Анын досу Валек дагы биздин талкуубузга кошулуп калды:

- Мыйзамды бузбаса иштей берсин. Биздин деле жердештер чет өлкөдө иштейт. Алар мыйзамды сыйлайт. Кыргызстандагы жашоо дагы жыргал эмес, ошол себептен келип жатышат да. Биз аларды сыйлайбыз, алар бизди да сыйласын.

- Алар сыйлабайбы?

- Жок, сыйлабайт. Алар акча табууну эле көздөйт,- деп кепке аралашты Эдик.

- Абал чыңалып кеткенде мен дагы бир нерсе кылгым келди,- деп Валек мойнуна алды. - Жок, алардын соода саткан жерин талкалап эмес, барып сөз менен коркутуп! Жөн киши ушул жерге келип иштемек беле? Коомдон обочолонгондор, бейбаштар келет да!

- Биз улутчул эмеспиз,- дейт курулуш материалдарын саткан улгайган якут аял. - Бирок алар абдан көп, кыжырың келет. Бизди таарынтабы? Жок, жакшы эле мамиле кылат. Өтө көп болгону эле жаман. Аны баары түшүнөт.

"Байанай-центр" аттуу аңчылардын дүкөнүндө мылтык менен мергенчилердин бычагы сатылат. Аңчылык үчүн буюмдар "өзүн сыйлаган ар бир якутта" бар деген түшүнүк кеңири тараган.

- Кууп чыгуу керек. Эмнеге? Себеби таштандыларды жөн ыргытышпайт. Кар эригенде көчөлөрдүн баары эле таштанды,- дейт дүкөндүн сатуучусу.

- Алардан жер-жемиш сатып аласызбы?

- Мен жер-жемиш такыр жебейм,- деди сатуучу.

- Көптөн бери байкап жүрөм, алар коомдук транспортто бекер жүрүшөт,- дейт дүкөндүн алдында кар тазалап жаткан абышка. - Алар бекер жүрөт, а биз төлөйбүз. Айына төрт миң коротобуз! Анан бизге мыйзамды сыйлагыла деп айтышат, муну кандай түшүнсө болот!

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

WhatsApp аркылуу "өзүн сыйлаган ар бир якутта аңчылык үчүн мылтык менен бычак бар" деген маалымат тараган

"Базардын баарын басып алышты"

"400 жыл мурун орустар Якутияны Ай планетасы сыяктуу эле алыс жайгашкандай карашчу. Бул жерде эчтеке жок, Жер планетасынын кыйыры деген пикир бар эле. Бул жердин калкы болсо аймакты милиция же прокурору жок эле башкарып келген",- дейт Василий Атласов.

Василий якуттардын маданиятын даңазалаган конок үйүнүн ээси.

"Орустар келгенден кийин уурулук күчөдү, арак сатыла башталды. Баалуу аң терилер арзан сатылды. Азыр ага кайтып баруу болбойт. Ага карабастан бизди экинчи жолу тоноп кетели деп жатышат. Базардын баарын басып алышты, мисалы, жер-жемиш базарын. Ал жерде якуттар иштебей калды. Монополияга айлантышты, бааны каалагандай көтөрүшөт. Ошондуктан эл нааразы болуп жатат. Албетте, өзүнүн нааразылыгын билдиришет",- дейт Василий.

Якуттардын көбүнөн мигранттар жумуш орундарды ээлеп алды деген сөздү уктук. Жергиликтүү бийлик болсо жумушсуздук көйгөйү мигранттардан улам жаралган жок экенин билдирди.

"Автобустардын айдоочулары катары жергиликтүү калкты албай, мигранттарды алышат деген жалган, -деди Якутия республикасынын башчысы Айсен Николаев. - Таксини алалы, биз inDriver (Якутияда пайда болгон смартфон программасы, кийин чет өлкөгө да тараган) программасын түзгөнбүз, ал жалпыга жайылды. Жергиликтүү калк дагы программаны колдонуп иштейт. Курулуш тармагында дагы жергиликтүү калк иштейт. Курулуш сезону кыска болгону башка маселе. Кыска мөөнөттө көп иш аткарылышы керек. Ошондуктан мигранттар ишке тартылат. Бирок курулушта иштеген мигранттар жазында келип, күзүндө кетет. Алардын иш издеп келгенине каршы эмеспиз. Бир гана мыйзамды сыйлап, салыктарды төлөшсүн".

Би-Би-Сиге берген маегиден кийин бир нече күн өткөн соң Айсен Николаев мигранттарга сатуучу, унааларды оңдоочу, автобус менен такси айдоочу катары иштөөгө тыюу салган токтомго кол койду. Ага ылайык, тизмектелген тармактарда иштейм деген мигранттарга патент сатылбайт. Мигранттар негизинен ушул тармактарда иштегени талашсыз.

Бирок токтом Кыргызстандын жарандарына эч таасир этпейт. Себеби Бажы биримдигине мүчө болгон өлкөлөр Орусияда патент сатып албай эле иштөөгө укуктуу. Кыргыз диаспорасы Якутияда эң көп саналат - болжолу менен 30 миң кыргызстандык бар деп айтылууда.

Мигранттарга күйөөгө чыккан якут кыздар

Якутияда Николай Петров, Иван Андреев же Василий Борисов деген ысымдар кеңири жайылган. Орустар аймакка келип, өз динин тараткандан кийин жергиликтүү калк балдарына орус ысымдарын беришкен. Совет доорунда балдарга якут ысым коюу уят катары саналчу. Азыр абал өзгөрдү, көптөр балдарына якут ысым беришет.

Ошондой эле аймакта якут тилиндеги ырлар, кинолор да кеңири тарап жатат. Мындан улам байыркы якут дини да тарай баштады - түрк элдеринин түндүк бутагына таандык теңирчилик. Якут тилинде аны "Аар Айыы" деп аташат. 2014-жылы "Аар Айыы" Орусиянын Юстиция министрлигинде дин катары каттоодон өткөн.

Аар Айыы динин кармангандар "Ус Тумсуу" уюмуна биригишкен. Болжолу менен 60 миң мүчө бар экени айтылат. Учурда бул уюм Якутияда храм курууга умтулууда.

Жаңы жылда "Ус Тумсуу" уюму полиция менен бирге түнкү клубдарды кыдырып, якут кыздарын мигранттар менен ичкилик ичпөөгө үндөгөн.

"Түнкү клубдардагы рейд коомчулуктун көңүлүн бурду,- дейт "Ус Тумсуу" уюмунун өкүлү Юрий Жегусов. - Биз эч нерсе деле кылган жокпуз, полицияны коштоп жүрдүк. Жаш кыздарга сын пикирибизди айттык. Биздин кыздар мигранттар менен ичкилик ичип, өздөрүн коркунучка кептейт".

Якутияда кыздар "өздөрүнө" гана күйөөгө тийиши керек деген түшүнүк бар. Албетте, айрым кыздар орустар менен турмуш кураган.

"Күйөөм менен көчөгө чыкканда, башкалардын көз карашын, мамилесинен корком. Эмнеге бул кыз "чоочундар" менен жүрөт дегендей карашат. Бизде чет өлкөлүккө күйөөгө тийгендерди сойку деп аташат",-дейт теги тажик менен турмуш курган Екатерина. Ал сүрөткө түшкүсү келбей, чын ысымын жашыруун кармоону суранды. Екатерина сегиз жыл мурун күйөөгө чыккан, төрт баласы бар. Күйөөсү курулушта иштейт.

"Жергиликтүү эл мигранттар кыздарды колдонуп туруп, качып кетишет деген пикир бар. Балким андайлар дагы бардыр. Бирок менде андай болгон жок", -дейт Екатерина. Ал башынан эле якутка күйөөгө чыккысы келген эмес: "Алар көп ичишет, иштегиси келбейт. Бала кезимде атам ичип келип, апамды көп сабады. Ошондодон бери чет өлкөлүккө күйөөгө чыгам деп өзүмө сөз бергем".

Екатеринанын кыялы орундалды, күйөөсү алкаголдук ичимдик ичпейт. Абал чыңалганда күйөөсүн жумушка жиберүүдөн коркконун айтат. Эми балдарынын келечегине тынчсызданат.

Алар азыр жаш, ксенофобияга туш боло элек.

"Биз үй сатып алалы деп жатканбыз, төрт бала менен чоң үй керек. Эми ойлонуп калдык, бүдөмүк абал пайда болду",-дейт Екатерина.

Ал мигранттарды Якутиядан кууп чыгуу керек дегендерди эч түшүнбөйт. "Москвада бизди эч ким билбейт. Якут деген ким экенин билишпейт. Мени казак, кыргыз менен алмаштырышты. Башкача айтканда Москвада якуттарды мигрант катары кабыл алышат". (AbA/AT)