Күрддөр Сириядагы жихадчылардын үстүнөн эл аралык сот талап кылууда

Сириянын түндүгүндөгү күрддөрдүн администрациясы "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун туткундалган миңдеген мүчөлөрүн жоопко тартуу үчүн эл аралык сот түзүүгө чакырды.

Сүрөттүн автордук укугу EPA
Image caption Күрддөр Сирияда туткунга түшкөн миңдеген жоочуларды кармап турат

Администрация мүчөлөрүнүн бири Абдул Карим Омар Би-Би-Сиге билдиргендей, Сириянын түштүгүндөгү Багхуз аймагында колго түшүрүлгөн жихадчылардын маселесин чечүү керек. Аларды эмне кылыш керек деген суроого чечим кабыл алуу зарыл болуп турат деди Омар.

Өткөн аптада "Сириянын демократиялык күчтөрү" америкалык аба күчтөрүнүн жана күрд кошуундарынын жардамы менен "ИМ" тобу кармап турган акыркы чепти бошотту.

Күрддөр туткунга алган жихадчылардын ичинде миң чамалуу чет элдиктер бар. Алар "ИМ" тобунун катарына кошулган элүүдөй өлкөнүн жарандары.

Бул өлкөлөрдүн көбү өз жарандарын артка кайтарып алуудан баш тартууда. Алар коопсуздугунан жана ишти сотко өткөрүүдөгү татаалдыктардан чочулап турат.

Сүрөттүн автордук укугу AFP/Getty
Image caption "Сириянын демократиялык күчтөрү" америкалык аскерлер жана күрд кошуундары менен чогуу аракеттенет

Жыл башында "Сириянын демократиялык күчтөрү" беш миңге чукул жихадчыларды колго түшүргөн. Алар абактарда, лагерлерде кармалып турат. Ал эми аялдар жана балдарды атайын түзүлгөн борборлорго жеткиришкен.

Кабарларга караганда, жихадчылардын тогуз миңдей үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде көптөгөн балдар күрддөр тарабынан уюштурулган ал-Холдогу лагерде кармалып турат.

Бул лагер 20 миң кишиге ылайыкталган. Бирок азыр 70 миң киши жашап жатат. Дүйшөмбүдө АКШнын Сирия боюнча өкүлү Жеймс Жеффри билдирүү жасап, негизги тапшырма жихадчыларды өз өлкөлөрүнө кайтаруу экенин айтты.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption "ИМ" катарында согушкан жоочулардын көбү азыр Сирия аймагындагы лагерлерде кармалып турат

Деген менен көптөр 2014-жылы экстремисттик топтун катарына кошулган АКШнын Алабама штатынын тургуну Хода Мутананын окуясын эске салып жатышат. Американын бийлиги анын артка кайтуусуна тыюу салган. Мамлекеттик катчы Майк Помпео анын жарандыгы болгон эмес деп билдирген. Бирок Мутананын үй-бүлөсү анын жарандыгы болгонун ырастайт.

Азырынча эл аралык сот түзүү боюнча маселе талкууланган жок, деди Жеймс Жеффри.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Жихадчылардын үй-бүлөлөрү Сирия түндүгүндөгү убактылуу лагерлерде кармалып турат

Мурда мындай эл аралык соттордун куралдуу жаңжалдар орун алган өлкөлөрдө түзүлгөнү бар. Маселен, 1990-жылдары Боснияда, 1994-жылы Руандада ушундай соттор уюштурулган.

2002-жылдан тарта Гаагадагы эл аралык сот иштеп келүүдө. Бирок Сирия бул сотту түзүү боюнча эл аралык келишимдерди ратификациялаган эмес.

Юрист Жоел Хубрехттин пикиринде, Сириянын түндүк-чыгышында мындай эл аралык сотту уюштуруу мүмкүн эмес. Мунун бир нече себеби бар:

  • Күрддөрдүн администрациясы эл аралык деңгээлде таанылган эмес;
  • Мындай сотту түзүү бир топ убакытты талап кылат;
  • Жарандык согуштун запкысын тарткан өлкөдө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жыйноо өтө эле татаал.

Кыргызстан дагы чарасын көрөт

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Сириядагы жаңжалга аралашкан кыргызстандыктар:

Жакынкы Чыгышта куралдуу жаңжал башталгандан бери Кыргызстандын аймагынан жети жүздөй киши чыгып кеткени айтылып келүүдө.

"Бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатат. 2018-жылы "Сириядан бизди алып кеткиле, Кыргызстандын жарандарыбыз" деген үч кайрылуу келип түшкөн. Кийин иликтеп көргөндө, бизге коңшулаш өлкөлөрдүн жарандары болуп чыкты. Алар Кыргызстан мыйзамында каралган жазалар жеңил болгон үчүн ушундай кайрылууларды жасашат. Бирок биз азыр Тышкы иштер министрлиги менен тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп жатабыз",-деп айтып берди УКМКнын атайын өкүлү Рахат Сулайманов.

Сирияга агылган кыргызстандыктардын кээ бири үй-бүлөсү менен чогуу чыгып кеткендиктен, ал жакта жүздөн ашуун жаш балдар жана аялдар бар деп айтылып жүрөт. Бирок артка кайтып клегендери тууралуу так маалымат жок. Айрым маалыматтарга караганда, жаңжалга аралашкан жүзгө чукул кыргызстандык Сирия аймагында каза тапкан. Бирок канча жаран бар, алар артка кайтарылабы деген суроого расмийлер так жооп берүүдөн карманууда.

Буга чейинки маегинде Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Эрлан Бакиев кыргызстандык жарандардын кайтып келүүсүнө эч кандай чектөө жок, бирок мыйзам чегинде жазага тартылат деп билдирген эле.

"Лагерлерде жаш балдары менен биздин жарандарбыз жүрөт деген маалыматтар бар. Алардын кайтып келүүсүнө эч кандай чектөө жок. Бирок мыйзам чегинде жаза каралган",-деген Бакиев.

Сирия менен Ирактагы лагерлер тууралуу жыл башында француз журналисттери тарткан даректүү тасмада кыргыз паспорту менен жүргөн адамдын көрүнгөнү дагы өлкө ичинде бир топ талкууланды. Андан кийин кыргызстандык кыз-келиндер Сириядагы күрд лагеринен алып кеткиле, деп кайрылганы тууралуу маалыматтар чыкты. Бирок кыргыз бийлиги жарандарын артка кайтарган учур боло элек. Коңшулаш Казакстан жыл башында Сириядагы элүүгө чукул жаранын кайтарып келди. Алардын арасында 30 бала жана 11 аял бар деп айтылган. (AbA)