Кытай менен Орусия ортосундагы Кыргызстан: Путиндин максаты эмне?

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Аны эрте менен "Манас" аэропортунан президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.

Сүрөттүн автордук укугу DOSALIEV SULTAN

"Расмий жолугушуу аземи "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында болот. Эки мамлекеттин башчыларынын сүйлөшүүсү алгач чакан форматта болуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөр андан кийин кеңири курамда эки өлкөнүн делегация мүчөлөрүнүн катышуусунда уланат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат. Кыргызстандын жана Орусиянын президенттери жалпыга маалымдоо каражаттарына биргелешкен билдирүү жасашат. Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Орусия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө",-деп кабарлады президенттин басма сөз кызматы.

Сүрөттүн автордук укугу DOSALIEV SULTAN

Путиндин Кыргызстанга сапары бир күнгө гана пландалган. Тараптар отуздан ашуун келишимге кол коёт деп күтүлүүдө. Анын ичинде аскердик-техникалык келишимден тартып, инфраструктуралык долбоорлорго чейин кызматташтык боюнча келишимдер каралашы мүмкүн.

Бирок, айрым аналитиктер мамлекеттик сапарды көбүрөөк саясий максатта деп мүнөздөп жатышат. Борбор Азияда Кытайдын тааасири өсүп жаткандыктан, Путин өз позициясын чыңдагысы келет.

"Биздин экномикадагы Орусиянын таасири көбүрөөк саясий мүнөзгө ээ. Биздин ЕАЭБдин базары чакан экенин түшүнүү керек. Экспорт үчүн көп товарлар эл аралык стандарттарга шайкеш келбейт. Бирок Батыш менен мамилеси чыңалып жана биримдиктен Грузия чыгып кетип, Армениянын дагы чыгып кетүү коркунучу болгондуктан, Орусия азыркы учурда биримдиктин бүтүндүгүн сактап калуу аргасында",-дейт эксперт Игорь Шестаков.

Талдоочу кошумчалагандай, "эгер алар кол сунбаса, башкалар кол сунарын" орус бийлиги жакшы түшүнүп турат.

Путиндин мамлекеттик сапарын улай эле ушул жылдын июнь айында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин сапары күтүлүп жатат.

"Бир алкак - бир жол" долбоорунун өнүгүшү кыргыз-кытай кызматташтыгын соода жаатында дагы, инфраструктуралык жактан дагы күчөтөт деген пикирлер бар.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Кытай Кыргызстанга насыя берген негизги өлкө. Кытайдын Экспорт-импорт банкына болгон Кыргызстандын карызы 2018-жылдын декабрына карата 1 млрд 719,38 миллион доллар деп айтылган. Бул өлкөнүн сырткы карызынын 44,9 пайызын түзөт.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2017-жылы Кытай кыргызстандык 574 ишканага инвестиция салган. 2013-жылдан 2017-жылга чейин Кытайдан түз келген инвестиция 1768,6 млн долларды түздү.

Салыштыруу үчүн алсак, бул жылдар аралыгында Орусиянын инвестициясынын көлөмү 1035,8 млн доллар болгон.

Орусия негизги тармактарды кармап калууга умтулат, дейт талдоочулар. Бул жолку Путиндин сапары учурунда темир жол боюнча дагы келишимдер каралат деп күтүлүүдө.

Кыргызстандын темир жол ишканалары Орусияга сатылат экен деген кеп-сөздөр болгон. Бирок кыргыз расмийлери муну четке кагып, "Кыргыз темир жолу" ишканасынын активдерин сатуу тууралуу эч кандай сөз жок экенин айтты.

Орус тарап Кыргызстандын темир жол тармагына инвестиция салышы мүмкүн. Ошол эле учурда бир нече жылдан бери Кытай-Кыргызстан-Ɵзбекстан темир жолун куруу демилгеси талкууланып келүүдө.

Темир жолдон сырткары Орусия Кыргызстандын өндүрүш жана айыл чарба тармагына кызыкдар болуп жатканы айтылды. Маселен, саясат таануучу Марс Сариевдин пикиринде, орус тарап бош жаткан Ленин атындагы мурдакы аскердик заводду иштетүүгө кызыкдар дейт.

Эксперт Игорь Шестаков биргелешкен ишканаларды түзүү менен Орусияга болгон миграциянын агымын дагы азайтууга мүмкүн эле дейт.

«Каалайбызбы же жокпу, миллионго чукул кыргызстандык мигрант Орусияда жүрөт. Алар ИДПнын болжолу 35 пайызын толтурат. Орусия бул факторго көз жумуп коео албайт. Ошондуктан мигранттар экономикага дагы, ички саясатка дагы таасирин тийгизет»,-деп эсептейт Шестаков.

Ошол эле учурда орусиялык эксперттер Кыргызстандын сырткы саясаты мурдакыдай эле Орусияга ыктаган багытта деген пикирде. Кытайдын экономикалык экспансиясы болгону менен башка таасири төмөн. Буга Кыргызстандагы кытайлык мигранттарга каршы маанайды мисал келтиргендер бар.

Ишенимдүү союздаштар жана стратегиялык өнөктөштөр

Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков кызматташтык боюнча 16 документке кол койгону белгилүү болду.

Экономикалык, билим берүү, соода, өндүрүш, транспорт трамактарынан сырткары аскердик-техникалык кызматташтык боюнча келишимдерге кол коюлду. Кыргызстандагы орусиялык «Кант» авибазасынын макамын өзгөртүү жөнүндө келишим кабыл алынды.

"Кыргызстанда сизди ак ниет дос жана ишенимдүү өнөктөш катары билишет жана баалашат. Сиз менен жана россиялык досторубуз менен жолукканыбызга ар дайым кубанычтабыз. Орусия - биздин жакын, ишенимдүү союздашыбыз жана маанилүү, узак мөөнөттүк стратегиялык өнөктөшүбүз. Орусия Федерациясы менен мамилелерибизди дайыма жогору баалайбыз жана барктайбыз. Сиздин жеке колдооңуз менен биздин эки өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге чыкты",-деди Сооронбай Жээнбеков тар курамдагы жолугушуу учурунда.

"Кыргызстан - биздин ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз буга чейин да иштегенбиз, мындан кийин да эки тараптуу планда жана эл аралык аянтчада бирге иштешүүгө даярбыз. Биз эми эле Кыргызстан жакында чоң эл аралык уюмду — Шанхай Кызматташтыгы Уюмунун Саммитин кабыл алаары жөнүндө сүйлөштүк. Бул ири эл аралык иш-чара жогорку деңгээлде өтөт деп ишенем. Сиздин аракетиңиз менен Кыргызстанда тынч, туруктуу кырдаал орноп, социалдык-экономикалык мүнөздөгү маселелерди чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүн өзгөчө баса белгилегим келет",-деп баса белгилеген Владимир Путин.

Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин биргелешкен билдирүү жасап, төмөндөгү документтерге кол коюлду:

  • Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы 2012-жылдын 20-сентябрынан Кыргыз Республикасынын аймагында Бириккен Орусия аскердик базасынын статусу жана болуу шарттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүү тууралуу Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясы ортосундагы протокол.
  • Аскердик-фельдъегердик-почта байланышы жаатында кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Орусия Федерациясынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу.
  • Мунай жана мунайзатты жеткирүү чөйрөсүндө кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол.
  • Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен Орусия Федерациясынын экономика министрлигинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну активдештирүү боюнча өз ара иштешүү жөнүндө меморандум.
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Интеллектуалдык менчик жана иновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Орусия Федерациясынын интеллектуалдык менчик боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы PatSearch патенттик издөөнүн маалыматтык-издөө системасына кирүүгө уруксат берүү тууралуу макулдашуу.
  • Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлиги, «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы менен Орусия Федерациясынын транспорт министрлиги, «Орусия темир жолдору» ачык акционердик коомунун ортосунда Кыргыз Республикасынын аймагындагы темир жол тармагын өнүктүрүү долбоору боюнча кызматташтык жөнүндө меморандум.
  • Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги менен Орусия Федерациясынын агартуу министрлигинин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
  • Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Орусия Федерациясынын спорт министрлигинин ортосундагы дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу жөнүндө меморандум.
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Орусия Федерациясынын адамдын бакубаттуулугун жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо тармагын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызматынын ортосундагы эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди киргизүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиясы менен Орусия Федерациясынын улуттар иши боюнча Федералык агентигинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.
  • Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик комитети менен Орусия Федерациясынын «Газпром» ачык акционердик коомунун ортосундагы мунайгаз тармагындагы инвестицияга тийиштүү жол картасы.
  • ВТБ банкы менен «Группа Альянс» ААК жана «Альянс Алтын» ЖЧКнын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
  • Орусия -Кыргыз Өнүктүрүү фонду менен Орусиянын түз инвестициялар фондунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
  • «Астра Солар» ЖЧК, «Хэвел» ЖЧК менен ВЭБ мамлекеттик корпорациясынын ортосунда продукцияларды экспорттоо жөнүндө Меморандум.
  • Кыргыз Республикасы менен Евразиялык өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2019-2021 жылдарга кызматташтык жөнүндө жол картасы.
  • Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ассоциациясы менен Орусиянын ректорлор союзунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу.
  • Кыргыз Республикасынын президенттинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясы менен Орусия Федерациясынын президентинин алдындагы эл чарба жана мамлекеттик кызмат Академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум. (AbA)