Теңирден тескери экспертиза, тебеленген укуктар

Бишкекте Путинге каршы саясий талап менен чыккан активисттин улут аралык касташуу боюнча айыпталышы мамлекеттик лингвистикалык экспертизанын жоопкерчилиги жөнүндөгү маселени күн тартибине кайрадан чыгарды.

Сүрөттүн автордук укугу Google
Image caption Укук коргоочулар Кыргызстанда мамлекеттик соттук экспертиза жаңы гана калыптануу жолунда дешет

Мамлекеттик экспертизаны бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланып, адам укуктарынын одоно бузулушуна алып келип жатканын укук коргоочулар сынга алышууда.

HRW уюму активист Нурлан Карымшаков менен жубайы Гүлзана Имаевага козголгон иш боюнча кыргыз бийлигин айыптап, аларды куугунтуктоону токтотууга чакырды. Уюм орус президентине карата айтылган сында улуттар аралык мамилени козуткан билдирүү болбогонун билдирди.

Өлкөдө мындай берене менен айыпталган жалгыз Карымшаков эмес.

"Мамлекеттик эксперттер көпчүлүгү бийликтин пайдасына чечет"

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу учурунда көпчүлүк саясатчыларга "Улуттар аралык мамилени козутуу" же "Бийликти күч колдонуп басып алууга аракет жасоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгону белгилүү. Алардын көпчүлүгү саясий жана лингвистикалык экспертизалардын корутундусуна негизделген.

"Мамлекеттик эксперттер көпчүлүгү бийликтин пайдасына чечет. Бул жагынан эксперттер адилеттүүлүктөн тайып жатат. Алардын адамдык сапатынан, кесипкөйлүгүнөн күмөнүм жок. Бирок эксперттик корутунду чыгарганда кишинин тагдыры менен ойноп коюп жатышат. Бизде экспертиза тандалма жол менен уюштурулат. Маселен, мурдагы президенттин балп эттирип айткандарына эмнеге саясий, укуктук баа берилбейт? Эгер саясий системадагы тескери көрүнүштөргө калыс жана адилеттүү саясий жана лингвистикалык баа берилип турганда, бардыгы жакшы нукка өзгөрмөк",- деди юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашов.

Саясатчылар эмнеге нааразы?

Сүрөттүн автордук укугу FACEBOOK
Image caption Бекболот Талгарбеков

"Элдик парламенттин" жетекчиси Бекболот Талгарбеков башында турган Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов сыяктуу бир катар саясатчылар убагында "Регионалдык кастыкты козутуу" беренеси боюнча айыпталган. Би-Би-Си менен болгон маегинде Талгарбеков аларга козголгон кылмыш иши боюнча саясий жана лингвистикалык экспертиза иштерин жүргүзүүдө мыйзам одоно бузулганын айтат.

"Мыйзам боюнча корутунду чыгарып жаткан адистер атайын эксперт деген сертификатка ээ болушу керек экен. Биздин иш боюнча корутунду берген он бешке чукул адистердин эксперт деп аталганга укугу жок экен. Аларда сертификат болбогондуктан адис катары пикир калтырууга гана укуктуу. Учурда Кыргызстанда соттук-медициналык экспертиза боюнча гана мыйзам бар. Саясий экспертиза боюнча эч кандай мыйзам же жобо кабыл алынган эмес. Демек, биздин материалдарга саясий экспертиза жүргүзүүгө мүмкүн эмес болчу".

Укук коргоочулар Кыргызстанда мамлекеттик соттук экспертиза жаңы гана калыптануу жолунда дешет. Бирок алар "бөрк ал десе баш алып", бир тараптуу корутунду берип жатканы өлкөнүн соттук-укуктук системасын туңгуюкка алып келет дейт жарандык активист Рита Карасартова.

Сүрөттүн автордук укугу iStock
Image caption Мамлекеттик эксперттер көпчүлүгү бийликтин пайдасына чечет дейт адистер

"Акыркы эле жасалган экспертизалар тууралуу айтсак. Бабанов боюнча УКМК буйрутма берди. Жакында эле каршылык акциясына чыккан жубайлар боюнча "Улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө аракеттенди" деп корутунду чыгарып беришти. Эки сааттын ичинде даярдалган экспертиза эч качан сапаттуу болбойт. Соттун чечими, алардын баш коргоо чарасы ошол корутундудан көз каранды. Бул өтө коркунучтуу нерсе".

"Улуттар аралык кастыкты козутуу" боюнча айыптоо "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановдун дагы башында турган маселе. Мамлекеттик экспертиза анын сөзүнөн кылмыштын белгилерин дароо эле таап берип жатканда, көз карандысыз эксперттер улут аралык касташуунун эч бир белгиси жок деп тыянак чыгарышкан.

Ушундай эле күмөндүү экспертиза Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин, өздөрүн саясий туткундар атаган Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров сыяктуу саясатчылардын иши боюнча дагы болгон.

Кыргызстанда кайсы бир максатта мыйзамсыз корутунду чыгарган экспертиза үчүн атайын жоопкерчилик чаралары мыйзамда да каралган. Бирок акты кара кылган экспертиза үчүн кимдир бирөө жоопко тартылган учур боло элек дейт адистер.

Тектеш темалар