Бала ооруп турганда энеде кайдан ден-соолук?

Жылдыз баласы аутист экенин укканда дендароо болуп, туңгуюкка кептелип калгандай сезимде болгон. Ал баштан өткөргөн депрессия өзүнчө эле психологиялык оор жүк болгону түшүнүктүү. Тарбиячы өзүнүн эне катары башынан өткөрүп жаткан оор тагдырын баяндап берип жатып, мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багууну мээнеткечтик эле эмес, эрдик деп атады.
Image caption Жылдыз баласы аутист экенин укканда дендароо болуп, туңгуюкка кептелип калгандай сезимде болгон. Ал баштан өткөргөн депрессия өзүнчө эле психологиялык оор жүк болгону түшүнүктүү. Тарбиячы өзүнүн эне катары башынан өткөрүп жаткан оор тагдырын баяндап берип жатып, мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багууну мээнеткечтик эле эмес, эрдик деп атады.

2-апрелде дүйнө коомчулугу аутизмден жабыркаган балдарды коргоо күнүн белгиледи. Кыргызстан да бул көйгөйдөн четте калган эмес. Негизинен эле бул сыяктуу илдеттерден майып болуп калган балдарга кам көрүү чоң түйшүктү талап кылаары талашсыз. Кыргызстан жыл башынан бери мындай балдардын эң жакын адамдарынын бирине маяна сыяктуу эле акча төлөп баштады.

Бишкектеги "Колдон колго" деп аталган борборго баш бактым. Бир караганда бала бакчадан эч айырмасы жок бул имаратта аутизмден жабыркаган балдар тарбияланат.

Image caption Камчыбек Узакбаев: Мүмкүнчүлүгү чектелген 28 миң балага миллиарддаган каражат жумшалып жатат. Ошонун үч эле пайызын алдын алуу процесстерине багыттасак, Кыргызстанда заманбап эки генетикалык лабораторияны куруп коймокпуз.

Бул жерде бир чети тарбиячы катары иштеп, өз баласын да ушул борборго тапшырган тарбиячыга кезиктим. Ал бул сыноо башка түшкөндө эмне дарт, эмне илдет экенин билбей катуу убара тартканын айтып берди. Анын айтымында, психолог, АВА-терапист сыяктуу айрым бир адистер, дарыгерлер аба-суудай зарыл. Тарбиячы кээ бир өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасына тамшанып да алды. Тамшанып дегеним, бакубат өлкөлөрдө генетикалык лабораториялардан эле түйүлдүктүн бир топ ооруларын аныктоого мүмкүн экенин айтып жаткандагысы.

Жылдыз баласынын аутист экенин укканда дендароо болуп, туңгуюкка кептелип калгандай сезимде болгон. Ал баштан өткөргөн депрессия өзүнчө эле психологиялык оор жүк болгону түшүнүктүү. Тарбиячы өзүнүн эне катары башынан өткөрүп жаткан оор тагдырын баяндап берип жатып, мүмкүнчүлүгү чектелген баланы багууну мээнеткечтик эле эмес, эрдик деп атады.

Жылдыз да январь айынан тарта оорукчал баланы баккан ассистент катары 4900 сомдон мамлекеттен каражат ала баштаган. Бир нече жыл мурун мындай жардам куру кыялдай эле туюлчу эле дейт. Бирок жыл башынан бери иштеп келе жаткан жаңы мыйзамдын айрым бир өксүктөрү да байкала баштады. Мында төлөмдүн өлчөмү, кимдер ассистент боло алат деген сыяктуу дагы башка суроолорду толуктоо, тактоо тууралуу сөз болуп жатат.

Image caption Аутист бала тарткан сүрөт. Бишкек шаары

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бөлүм башчысы Чолпон Мамбетаипова ассистенттер кыйналбасын деп каражаттын тийиштүү салыгын, социалдык фондго төлөмүн дароо эле өздөрү которуп жатканын билдирди.

Статистикага караганда, Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген 28 миңден ашуун бала бар. Бирок аларды карап баккандардын баарына эле мындай каражат берилбейт. Тагыраак айтканда, алты миң адамга гана ассистент катары акча каралган. Учурда бул каражатты алып жаткандардын саны 5018ге жетти.

Аутизмден башка тубаса оорулар да аз эмес. Кантип алдын алуу керек?

Майыптардын саны жылдан жылга өсүп жатканын, аларга ар тараптуу камкордуктун зарылдыгын эске алганда, мамлекеттин акчасы көйгөйдүн алдын алууга эмес, анын кесепети менен күрөшүүгө жумшалып жатат дегендер да жок эмес. Алардын жүйөөсүндө, өтө зарыл лабораторияларды куруу менен майыптардын санын азайтып эле эмес, миллиондогон каражатты да үнөмдөп калууга мүмкүн болмок.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Өнүккөн кээ бир өлкөлөрдө саламаттыгына карабай баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү аракетинен бир көрүнүш

"Эненин ден-соолугун чыңдасак, эненин ден-соолугуна мамлекеттик деңгээлде көңүл бурсак гана төрөлгөн балдардын саламаттыгын чыңдоого мүмкүн болот. Тубаса оорулардын эң негизги себептеринин бири аз кандуулук менен инфекциялык оорулардын жылдан жылга өсүп жатышы. Кыргызстанга генетикалык лаборатория керек деп, жыйырма беш жылдан бери эле айтып келе жатабыз. Бирок эч жыйынтык жок. Ага көп деле акча кереги жок эле. Мүмкүнчүлүгү чектелген 28 миң балага миллиарддаган каражат жумшалып жатат. Ошонун үч эле пайызын алдын алуу процесстерине багыттасак, Кыргызстанда заманбап эки генетикалык лабораторияны куруп коймокпуз. Бирөөсү Бишкекте, экинчиси Ошто болот эле. Ошону менен биз мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын санын азайта алат элек",-дейт Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Камчыбек Узакбаев.

Дарыгерлер өлкөдө болочок энелердин көбү ымыркайдын саламаттыгы үчүн өтө маанилүү болгон маалыматтан кабары жоктугун байма-бай айтып келе жатат. Маселен аз кандуулук сыяктуу илдеттердин алдын алуунун өзү эле далай балээден куткармак дешет.

Тема боюнча башка макалалар