Индиядагы шайлоо: Добуш берүү жайлары миллион, шайлоочулары миллиард

Индиянын жаңы тарыхындагы эң масштабдуу демократиялык шайлоо башталды. Парламентке шайлоодө партиялар 543 мандат үчүн күрөш жүргүзөт. 272 же андан көп мандат алган партия өкмөттү курайт, ал эми партиянын лидери премьер-министр болот.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Каруселден" качуу үчүн добуш берген шайлоочулардын манжасына оңой менен өчүп кетпеген белги коюшат

Учурдагы өкмөт башчы Нарендра Моди «Бхаратия Жаната» улуттук партиясы менен 2014-жылдагы ийгилигин кайталагысы келет. Өткөн шайлоонун алдында Моди Индия экономикалык жана аскердик кубаттуу супер державага айланат деп убада берген.

Модинин негизги атаандашы - Индира Гандинин небереси, оппозициялык «Индия улуттук конгресси» партиясынын лидери Рахул Ганди. Ал Модини өлкөдөгү демократиялык институттарды талкалады деп айыптап келүүдө.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө Ганди «Бхаратия Жаната» улуттук партиясы өлкөнүн сот системасынын ашмалтайын чыгарды деп сынга алды. Сот тармагына өкмөттүн кызыкчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алган "өз кишилери" толуп алды деди Ганди.

Ганди шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө убадалары менен көңүл бурдурууда. Маселен, жакыр жашаган ар бир кишиге ай сайын миң доллардан жөлөк пул берүүнү убадалап жиберди.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө негизги басым экономикалык маселелерге жасалды. Анын ичинде жумушсуздук маселеси курч талкууга алынууда.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Индиядагы шайлоону түшүндүрөбүз

Өткөн жылы өлкөнүн Статистика министрлиги ИДӨ көлөмү өскөнүн жарыялаган. Бирок эксперттер Модинин рейтинги Кашмирдин пакистандык бөлүгүнө Индия аба соккуларын жолдогондон кийин өсүп кетти деп белгилешет. Аскер кызматкерлерине жанкечти чабуулу болуп, 46 киши мүрт кеткен окуядан соң, Индия аба соккуларын жолдогон эле.

Моди шайлоонун алдында өлкөнүн космостук программалары "болуп көрбөгөндөй ийгилик" жаратканын, жандоочту атып түшүрө алган ракетасын ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүн жар салган. Оппозиция дароо эле билдирүү таратып, премьер-министр мындай жол менен "саясий упай" топтоого аракет кылып жатат деп сындады. Рахул Ганди болсо Модинин "дүйнөлүк театр күнү" менен куттуктап жиберди.

Индия шайлоосу чыгымдары боюнча дагы дүйнөдө эч кимди алдына чыгарбайт. Ага 7 млрд доллар чамалуу каражат сарпталат. Бул эми болжолу ар бир шайлоочуга 8 доллардан туура келет дегендик. Дүйнөлүк банктын эсебинде, өлкө калкынын дээрлик жарымы күнүмдүк керектөөлөрүнө 3 доллар гана сарптай алат.

Салыштыруу үчүн: 2016-жылы америкалыктар президенттик шайлоосуна жана конгресстин шайлоосуна 6,5 млрд доллар короткон.

Эмнеге мынча көп каражат коротот?

Өткөн шайлоодо 830 млн кишинин шайлоо укугу бар эле. Бул жолу 900 млн чамалуу киши добуш берүү укугуна ээ болду. Өлкөнүн булуң-бурчунда жашаган, анын ичинде чөлдө, шарты катаал аймактарда жашаган шайлоочулар дагы бар.

Мыйзам боюнча добуш берүү участоктору шайлоочу жашаган жерден 2 чакырым аралыкта болушу керек.

Шайлоо комиссиясында 300дөй киши иштейт. Бирок шайлоочулардын баарын камтуу үчүн 10 млн кызматкерди тартууга туура келди. Айрым шарты катаал аймактарга тик учак менен же кайык менен гана барыш керек болот. Комиссия мүчөлөру кээ бир алыскы аймактагы шайлоочуга жетиш үчүн пил минип да барууга аргасыз.

Шайлоо жараяны жети этап менен 11-апрелден 19-майга чейин өтөт. Тыянактар 23-майга барып белгилүү болот. (AbA)

Тектеш темалар