Шри-Ланкада Пасхадагы сегиз жардыруу

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Жекшембиде дүйнөдөгү католиктер Пасханы майрамдап жатканда Шри-Ланкада отелдер менен католик храмдарында катар-катар жардыруулар болду. Курмандыктар саны 200дөн ашты.

Биринчи алты жардыруу бир убакта болду. Бир нече шаарда - Кохчайкаде, Баттикалоа жана Негомбодо пасхалдык сыйынуу маалында, ошондой эле баш кааланын борборундагы "Шангри-Ла", "Синнамон Гранд" жана "Кингсбери" мейманканасында жардыруулар дүңгүрөдү. Ондогон курмандыктар бар экени кабарланды.

Эки сааттан кийин Коломбодо зоопарктын жанындагы чакан мейманканада жетинчи жардыруу жасалды. Эки полиция кызматкери курман болду.

Эң акыркы сегизинчи жардыруу Коломбонун жанындагы Дематагода шаарчасында дүңгүрөп, андан үч полиция кызматкери набыт кетти.

Соңку маалыматка караганда, кеминде 207 адам курман болду, 450 жаракат алды. Бул сандар дагы өсүшү мүмкүн, жүздөгөн адам ооруканага жеткирилди.

Жергиликтүү бийлик курман болгондордун ичинен кеминде 27 чет өлкөлүк жарандар деп жатат. Анын ичинде Улуу Британиянын, АКШнын, Түркиянын, Португалиянын, Индиянын жана Нидерланддардын жарандары бар.

Азырынча бир да уюм жардырууга жоопкерчилик ала элек. Бирок коргоо министри Руван Виджеваранде жардырууну жасагандарды бийлик билет деп билдирди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Жардырууга шектүүлөрдү кармоо операциясы

Анын айтымында, көп чабуулдарды жан кечтилер жасады. Жардырууга шектүү катары сегиз адам кармалды, кийин алардын саны 13кө чыкты. Коломбодо кылмышка шектүүлөрдү кармоо операциясы убагында дагы үч полиция кызматкери курман болду.

"Франс пресс" агентигинин маалыматы боюнча, ушул айдын башында Шри-Ланканын полиция башчысы чет элдик чалгын кызматтарынан алынган маалыматка таянып, террордук чабуула боло турганын эскерткен экен. (КС)