Кызыл-Омпол кенин иштетүүгө тыюу салынды

Кызыл-Омпол кениндеги чалгындоо иши токтотулду. Бул жөнүндө Тоң районунун тургундары менен жолугушуу учурунда биринчи вице-премьер-министр билдирди.

Эл арасындагы каршылыктар күчөгөндөн кийин өкмөт атайын комиссия түзүп, экологиялык экспертиза бүтмөйүнчө кенди чалгындоону убактылуу токтоткон эле. Чалгындоо убактылуу токтогону менен коомдо нааразылык күчөп жатканына байланыштуу вице-премьер-министр баштаган өкмөт өкүлдөрү бүгүн кен жайгашкан аймакка барды.

"Бүгүнкү күндө толук кандуу иш токтоду. Изилдөөгө, чалгындоо берилген лицензия 2020-жылы мөөнөтү бүтө турган болсо дагы артка чакыртылды",-деди Кубатбек Боронов.

Жергиликтүү тургундар ошол эле убакта кенди иштетүүгө таптакыр тыюу салууну жана мыйзам бузуулар боюнча тийиштүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароону талап кылышты.

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаты Турдакун Давлетов одоно мыйзам бузуу менен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы чалгындоо эмес, кадимкидей эле казуу иштерин жүргүзүшкөн деп айыптады.

"Биздин активисттер 100 челек уранды алып бараткан жеринен кармады. Сиз Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетектегенсиз (ред. Кубатбек Бороновго кайрылууда), кооптуу, зыяндуу заттарды жеткирүү, сактоо деген эрежени билесиз да. Эч кандай коштогон унаалары жок эле уранды жүктөп бара жатышат. Сууга кулап кетсе эмне болот?! Миң-Кушта уран казылганда ошонун техникаларын иштеп бүткөндөн кийин, шахтанын ичине киригизип жардырып, жок кылышкан. Бул жерде иштеген техникаларды айдап чыктыңар, алар болсо айылдарга кирет. Көзөмөлдөгөн эч ким жок. Алдыда туристтик сезон келе жатат. Муну таптакыр жаап салуу керек",-деди Турдакун Давлетов.

Союз убагында иштетилген Майлы-Суу, Миң-Куш уран кендеринин оор кесепетин Кыргызстан азыркы күнгө чейин тартып келе жатат. Ошон үчүн уранды иштетүүнүн кесепетинен коомчулук чочулап, катуу каршылык көрсөтүүдө.

Ысык-Көл биосфералык зона болуп саналат. Ошол себептүү адистер биосфералык зонада зыяндуу өндүрүшкө тыюу салынарын баса белгилешүүдө.

Ал ортодо Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов жана «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов тарабынан «Кыргызстанда уран кенин изилдөөгө, чалгындоого жана казууга 2070-жылга чейин мораторий киргизүү боюнча» мыйзам долбоорун сунушталууда.(AbA)

Тектеш темалар