"ИМ"лидери Абу Бакр аль-Багдади тасмада пайда болду

Өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун лидери Абу Бакр аль-Багдади интернетке жайгаштырылган пропагандалык тасмада пайда болду.

Буга чейин анын каза тапканы тууралуу АКШ, Орусия кабарлаган. Американын атайын кызматы көп жылдар "көзгө көрүнбөгөн шейхтин" артынан аңдып келген. Бирок кийин анын өлүмү тууралуу кабарлар тастыкталган эмес.

2014-жылы Мосулдагы ан-Нури мечитиндеги намаздан кийин өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган экстремисттик топтун лидеримин деген Абу Бакр аль-Багдади өзүнө ант берүүнү талап кылган видеосу тараган. Ошондон баштап бир да жолу видео кайрылуулары чыккан эмес.

Акыркы жылдарда анын жарадар болгону жана өлтүрүлгөнү тууралуу бир катар маалыматтар чыккан. Соңку тасма анын тирүү экенин көрсөтөт. Бирок тасманын качан тартылганы белгисиз. Анда "ИМ" лидери Багхуздагы кармаштан утулуп калганын айтып жатат.

Март айында Сирия менен Ирактын аймагындагы "ИМ" тобу толугу менен талкаланганы айтылган. Бирок туш тарапка чачырап кеткен экстремисттик топтун коркунучу кала берүүдө.

АКШ Абу Бакр аль-Багдади тууралуу маалымат берген кишиге 25 миллион доллар убада кылган. 2017-жылы орусиялык күчтөр аны өлтүргөнүн жарыялашкан. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматында аль-Багдади Ракка шаарынан анчейин алыс эмес жерде аба соккудан каза тапкан болушу мүмкүн деп айтылган.

Абу Бакр ал-Багдадинин кайрадан тасмада пайда болгону анын өлгөнү тууралуу маалыматтарды жокко чыгарууда. (AbA)