Акылбек Жамангулов: Башкасынан эмес, кудайдан гана корком

Акылбек Жамангулов Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Акылбек Жамангулов

Чуудан арылбай жаткан "КТ Мобайл" ишканасынын ишмердигин иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын биринчи жыйыны болуп өттү.

Дал ошол жыйын учурунда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, "Мегаком" компаниясынын жетекчиси Акылбек Жамангулов ага мурунку министр, учурда "Ачык өкмөт" эл аралык уюмунун катчылыгын жетектеп жаткан Иманкадыр Рысалиев тарабынан коркутуулар болгонун билдирди. Жамангуловдун айтымында, бул сыяктуу аракеттер оозеки да, телефон аркылуу да, жазуу жүзүндө да болуп келген. Ал Иманкадыр Рысалиев "ишиңди укук коргоо органдарына текшертем, керек болсо өзүңө, ал тургай балдарыңа кара" деген сыяктуу коркутуп-үркүтүүлөрдү жасаганын айтып жатат. Депутаттык комиссиянын мүчөсү Мирлан Жээнчороев, буга прокуратура көңүл бурушу керек деп жатат. Жамангулов дал ушундай эле маалыматты жыйын соңунда Би-Би-Си менен кыска маегинде да ырастады.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Акылбек Жамангулов: "Балдарыңа сак бол дегенге чейин жетти", үй-бүлө ыйык да

Бирок, коркутту деп жаткан Иманкадыр Рысалиев Акылбек Жамангулов кечирим сурасын деп жатат. Иманкадыр Рысалиев менен болгон маекти толугу менен ушул жерден көрүңүз:

"КТ Мобайлдын" айланасындагы чууну кененирээк бул шилтемеден окуңуз:

Иманкадыр Рысалиев өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы. Анын баласы Эрназар Иманкадыр уулу чырдын чордонунда турган "КТ Мобайлдын" жетекчи орун басары болуп иштеп келген. Кечээ күнү кызматынан кетти. Жыйын учурунда анын айына 157 000 сом эмгек акы алып келгени, ошол эле учурда анын жетекчиси эч кандай эмгек акы албаганы айтылды.

Курманкул Зулушев жетектеген депутаттык комиссиянын жыйынынан соң көп өтпөй эле маалымат каражаттарына Иманкадыр Рысалиевдин Акылбек Жамангуловго жазган смс билдирүүсү деген сүрөт тарай баштады. "Ачык өкмөт" катчылыгынын башчысы өзү жазган смстердин мазмуну бурмаланды деп, аны текшерип, териштирүүнү өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылды. Би-Би-Сиде болгон интервьюсунда Акаевдин доорунан бери белгилүү саясатчы Жамангуловдун айткандарын жалган деп четке какты.

Акылбек Жамангулов менен Иманкадыр Рысалиевдин ортосунда дүрт эткен жаңжалды эми Башкы прокуратура териштирүүгө тийиш. Эки тараптын тең өзүнүн чындыгы бар, бирок ким мамлекеттик кызыкчылыкты коргоду, ким өз көмөчүнө күл тартты, муну так жана калыс караганга көзөмөл органынын тиши өтөбү деген суроо турат.

Тема боюнча башка макалалар