Ч. Эсенгул: ШКУ - Кытай менен Россиянын геостратегиялык плацдармы

ШКУнун кезектеги саммити 14-июнда Бишкекте болду. Сүрөттүн автордук укугу dosaliev
Image caption ШКУнун кезектеги саммити 14-июнда Бишкекте болду.

ШКУ өзүнө мүчө мамлекеттердин ортосунда коопсуздук, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты чындоо максатын жар салууда, бирок эксперттердин баамында көбүнчө геостратегиялык плацдарм катары каралып келатат.

Шанхай уюмунун бүгүнкү абалы жана андагы негизги тренддер жөнүндө Би-Би-Синин суроолоруна эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул жооп берди.

Ч. Эсенгул: ШКУ жөнүндө сөз болгондо биз дайыма эки ири мамлекет жөнүндө айтып келебиз, алар Кытай менен Россия. Негизинен коопсуздук маселелерин чечүү максатын көздөгөн уюм катары пайда болбоду беле, Шанхай бешилиги деген ат менен. Андан кийин Шанхай Кызматташтык Уюмуна айланды, Ɵзбекстан мүчө болуп кирди. Бир-эки жыл мурун Индия менен Пакистан кошулду. Азыркы убакта өзүн дүйнөдө чоң саясий роль ойной турган уюм катары көрсөтүүгө умтулууда. Бирок экономика жаатында өзүн анчалык деле көрсөтө алган жок. ШКУнун Ɵнүктүрүү банкы же башка долбоорлорун алып карасак, конкреттүү түрдө ишке аша элек.

Бул Кытай менен Россиянын бири-бири менен дүйнөлүк деңгээлдеги негизги маселелерди карап талкуулаш үчүн түзүлгөн өзүнчө бир баарлашуу аянтчасы же платформасы десек болот. Ошол эле убакта алар Борбор Азияда өздөрүнүн функциясын бөлүп алышкандай көрүнөт. Россия коопсуздук маселесин карайт, Кытай экономикалык долбоорлорду каржылап берип жатат. Ошол мүмкүнчүлүктөн азыр Ɵзбекстан жакшы пайдаланууда. Казакстан да Хоргос сыяктуу транзиттик базаларды салып, жакшы пайдаланып алды.

Бул жерде Кыргызстан менен Тажикстан алсыз болуп, мүмкүнчүлүктөрдү көрбөй жатат. Мүмкүнчүлүктөрдү колдонуш үчүн дагы кандайдыр бир салмак, экономикалык масса керек экен. Ɵзбекстандын калкы көп, экономикасынын өндүрүш потенциалы күчтүү, ошон үчүн активдүү колдонуп жатат.

Корутундулап айтканда, ШКУнун экономикалык ролу анча эмес, менин баамымда, аны көбүнчө геосаясий уюм катары карасак болот.

Би-Би-Си: Ошол эле убакта Борбор Азияда геостратегиялык көз караштан алганда Кытай менен Россия кайсы бир деңгээлде атаандаш да болуп жатпайбы. Бул региондо Кытайдын геостратегиялык таасири күчөп кетишине Россия кантип жол берет?

Ч. Эсенгул: Албетте, туура айтасыз. Кызматташтык бир заматта эле бири-бирине атаандаштыкка өтүп кетиши мүмкүн. Бул башка чоң ири күчтөрдүн, Европа Биримдиги же АКШ болобу, ошолордун мамилесине да жараша болот. Мисалы, азыр АКШ менен Кытайдын ортосунда болуп жаткан соода согушу, аны дагы жакшы карап турушубуз керек. Жалпысынан алганда Россия менен Кытайдын Борбор Азиядагы саясаты алардын башка ири мамлекеттерге болгон мамилеси менен да байланышкан да.

Борбор Азияда Россия менен Кытайдын атаандаштык саясатын жокко чыгарууга болбойт, бирок алар ШКУ аркылуу кызматташкан формат менен иштеп атышат. Мен жогорудай айткандай, алар функцияны өз ара бөлүп алышкан. Анткени, Кытай Борбор Азиянын дагы эле жакшы түшүнбөйт, азыр изилдеп жаткан чагы.

Ал эми мурун бир союзда чогуу болгондуктан, биздин оюбузду, саясатыбыздын баарын Россия жакшы билет. Ошондуктан Кытай коопсуздук жакка же саясат жакка кийлигишем десе, Россияга утулуп калаарын билип жатат. Азырынча буга мүмкүн убакыт келе электир. Бирок келечекте азыркы кызматташтык өзүнчө бир атаандаштыкка өтүп кетиши мүмкүн.

Би-Би-Си: ШКУда коопсуздук эң башкы маселе деген менен, Пакистан менен Индия бул уюмга мүчө болуп киргенден кийин деле алардын аймактык жаңжалдары токтогон жок.

Ч. Эсенгул: Шанхай кызматташтык уюмун Уставын карасак, андай максат же ошондой функциялары жок. Уюмга мүчө мамлекеттер сырткы дүйнөгө кандайдыр бирдиктүү позиция менен чыгат. Бирок ошол эле ШКУга кирген мамлекеттин ичиндеги же алардын ортосундагы коопсуздук маселелерине эч качан кийлигишпейт. Мисалы, 2010-жылы бизде коогалаң болгондо деле ШКУ эчтеке деген жок, ошол эле ЖККУ да эч нерсе деген жок. Анткени башынан эле коюлган форматтары башкача, мамлекеттердин ички маселесин чечпейт булар.

Коммунисттик идеологияны карманып келаткан Кытай, мурунку коммунисттик мамлекет катары Россия, Кыргызстан, Казакстан сыяктуу постсоветтик өлкөлөр, булардын кандайдыр бир идеология жактан жакындыгы бар, өзүнчө геосаясий бир регион. Башка мамлекеттер менен сүйлөшүүгө өзүнчө платформа болуп берип жатат.

Индия менен Пакистандын киргени, менимче, бул баягы эле ири мамлекеттер өзүнүн маселелерин чечүү үчүн жасап алган формат деп ойлойбуз. Мисалы, Индия дагы экономикалык жактан күчтүү болуп баратат, Индия менен Кытайдын ортосунда бир топ атаандаштык бар. Евразия континентинде болгон маселелерди чечкенге бир платформа болуп берип атат.

Би-Би-Си: Иран боюнча да айта кетели. Иран ШКУга кошулганга көптөн бери аракет көрүп жатат, максаты деле түшүнүктүү. Бирок анын ШКУга киришине эң биринчи тили, маданияты жагынан жакын болгон Тажикстандын каршы болуп жатканы кызык. Бул жагын кандай чечмелесек болот?

Ч. Эсенгул: Ирандын өнүгүү форматы революциядан кийин диний жол менен кетти. Бул мурунку атеизмде жүргөн, светтик модел менен өнүгүп аткан биздин Борбор Азия мамлекеттерине, ошол эле динге дагы тыюу салынган Кытай сыяктуу коммунисттик мамлекетке түшүнбөстүк жараткан модел да. Менимче, ушул форматтардын келишпестиги негизги факторду ойноп жатат да бул жерде. Биз башкача модел, башкача конституция менен жашаган мамлекеттербиз.

Ирандын Батыш менен да мамилеси жакшы эмес башынан эле. Анткени, Иран исламда демократия бар деген моделди айтып келатат, Батыш аны жокко чыгарып келатат. Ошон үчүн Иранга мүмкүнчүлүк берилбейт го дейм эч качан, Иран өзү менен өзү эле калат сыяктуу.

Иран - Россиянын АКШ менен болгон мамилесинде колдонуп аткан фактору. Бул жерде үч эле мамлекет негизги ролду ойноп атат: АКШ, Кытай жана Россия. Коопсуздук жагынан Түркия болобу, Иран болобу, булар Россияга же АКШга көз каранды. Азырынча аларды "разменный монета" деп койсок болот чоң геосаясатта.

Тема боюнча башка макалалар