Казакстан: Жаңы президент Токаевдин алдындагы беш негизги көйгөй

Казакстанда жекшембиде өткөн шайлоонун расмий тыянактары жарыяланды. Шайлоого катышуу 77 пайызды түзүп, Касым-Жомарт Токаев 70 пайыз добуш алды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенти болуп шайланды

Шайлоону оңой утканы менен жаңы президенттин алдында оор маселелер күтүп турат. Ошол эле учурда көпчүлүк саясат таануучулар Токаевди өз алдынча саясий фигура боло албайт деп эсептейт.

Касым-Жомарт Токаев президенттик кызматта турганда чечүүгө тийиш болгон беш маселе тууралуу айтып беребиз.

Каршылык маанай

Көпчүлүк эксперттер өлкөдө жаңыланууга умтулган жана бийликтин саясатына нааразы болгон топтор активдешкенине көңүл бурууда. Бирок албетте, массалык мүнөзгө ээ эмес. Шайлоого байланышкан каршылык жүрүштөрүнө бийлик катаал реакция кылды.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Шайлоо күнү санкциясы жок митингге чыкканы үчүн полиция беш жүздөй адамды кармады

Митингге чыккандар кууп таратылып, ондогон киши кармалды. Мындай катаал мамиле казак бийлигинин коомдун колдоосуна ишенбеген, күмөнсүнгөн абалынан кабар берет. Бийликтин катаал мамилеси кайра каршылыктын жаңы очокторун пайда кылат. Реалдуу оппозицияны жаратышы мүмкүн.

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, өлкөдө күч түзүмдөрүнүн ролу күчөп, керек болсо алар өзүнчө бир бийликтин таасирдүү тобуна айланышы мүмкүн.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Каршылык жүрүштөрдү бийликтин күч менен басып жаткандагы катаалдыгынын себеби ушунда. Бирок "шумкарлар" канчалык катуу тепкен сайын, ошончолук диалог түзүүгө жол дагы жабыла бермекчи.

Үй-бүлөнүн "көлөкөсү"

Казакстанда социалдык маселелер курчуп кетти. Жыл башынан бери көп балалуу жана жалгыз бой энелер бир нече ирет каршылык акциясына чогулган. Эми Токаев "социалдык камикадзенин" ролунда болот деген пикирлер айтылууда.

Токаев эмитен эле буга байланыштуу бир катар билдирүүлөрдү жасады. Негизги приоритет - ички саясат жана социалдык көйгөлөрдү чечүү, деди ал.

Жаңы президент салык системасынын түзүмүн кайра карап чыгууну, чакан бизнеске жеңилдик берүү жана саламаттыкты сактоо тармагын реформалоону убада кылды.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Мурдагы президент Назарбаев өлкөдөгү башкаруу рычагдарын сактап калды

Ички саясат, системалуу маселелердин чечилиши мурункудай эле Нурсултан Назарбаевдин эркинде болот. Токаевди көзөмөлдөп турууга "үй-бүлөнүн" башка мүчөлөрүнүн дагы мүмкүнчүлүгү бар. Тагыраагы эл башынын тун кызы Дарига Назарбаева азыр сенаттын төрайымы.

Ошондуктан Токаевдин өз алдынча саясат жүргүзүшү өтө эле күмөндүү, дейт саясат талдоочулар. Маселен, коңшулаш Өзбекстандагы бийлик алмашуу менен Казакстандагы абалдын кескин айырмасы бар. Казакстандын саясий турмушунда Нурсултан Назарбаев менен анын кланы өтө терең тамырлаган. Ошондуктан дароо эле эки чылбыр, бир тизгинди колго карматпашы турган кеп. Өзбекстанда болсо кырдаал такыр башка эле.

Досым Сатпаевдин пикиринде, Назарбаев тирүү турганда, президент Токаев экинчи пландагы фигура катары кала бермекчи.

Экономика

Казакстанда азырынча рецессиянын белгилери жок. Бирок экономикалык өсүү бардык тармакта токтоп калды.

Евробиримдик менен катар эле Казакстандын негизги соода өнөгү - Кытай жана Орусия. Булар менен мамиле түзүүдө президент кылдаттык менен балансты кармаш керек.

Президент Токаевдин алдындагы негизги тапшырмалардын бири - социалдык программаларды ишке ашыруу үчүн каражат табуу. Муну менен өлкөдөгү социалдык чыңалууну бошоңдотуу.

Казакстан Борбор Азиядагы эң ири экономикага ээ. Анын көп бөлүгү негизинен табигый ресурстар жана нефти запасынан. Диверсификация сезилерлик тыянактарды берген жок. Эгерде ресурстарга болгон баа арзандаса, бул Токаев үчүн сокку болот. Андан сырткары экономикалык жактан Орусияга болгон көз карандылык дагы жаңы президенттин мүмкүнчүлүктөрүн чектемекчи. Анткени ЕАЭБ тууралуу кандай жагымдуу сөздөр айтылганы менен беш жыл аралыгында бул биримдик кандайдыр бир ийгилик жарата алган жок.

Кремль менен мамиле

Бул кырдаалда Токаев утушта турат деп айтсак болот. Акыркы жылдары Кремль Назарбаевден кийинки Казакстандын багыты кандай болот деп тынчсызданып келген.

Москва жаңы президентти өз кишиси катары кабыл алды. Анткени МГИМОдо окуган, казакчага караганда орусчасы мыкты дегендей. Кремль үчүн андан дагы маанилүүсү казакстандык атайын кызмат Назарбаевдин кол алдында турганы.

Муну менен Москва бир нече жылга жеңил дем алып, тынчсызданбайт деп айтууга негиз бар, дейт саясат таануучу Аркадий Дубнов.

Ал эми Досым Сатпаев 2014-жылдагы Крымдын аннексияланышынан кийин казак коомунда Орусияга каршы маанай өсүп жатканын эске салууда. Азырынча өлкөнүн саясий элитасы жана бийлик стабилдүү турганда, эч кандай коркунуч жок. Эгерде келечегинде казак бийлигинде маселе чыкса, Казакстан Орусия менен жакын мамилени сактап калууга аракет кылат. Буга коомчулук нараазы болуп, катуу басым кылышы мүмкүн, деди Сатпаев.

Сүрөттүн автордук укугу Mikhail Metzel

Пекин менен мамиле

Кытайдын чөлкөмдөгү сырткы саясаты биринчи кезекте узак мөөнөттүү экономикалык кызматташтыкка негизделген. Бээжин үчүн Казакстан президентинин ысымы кандай болушу маанилүү эмес. Кытайдын негизги экономикалык кызыкчылыктары жабыркабаса болгону.

Борбор Азия өлкөлөрү үчүн чөлкөмдүн коопсуздугун Орусия камсыздап, экономикалык шарттарды Кытай түзөт деген жазылбаган формула бар, дейт Аркадий Дубнов.

Деген менен бул эки чоң державага карата чөлкөмдөгү ишенбеген көз-караштарды дагы белгилеп коюш керек. Айталы, бир эле Казакстан эмес, Кыргызстанда дагы "антикытайлык маанай" сакталып келүүдө.

Ушул себептүү дагы Си Цзиньпиндин "Бир алкак - бир жол" долбоору соңку мезгилдерде акырындап мурдакы популярдуулугун жоготуп барууда.

Кытай менен АКШ ортосундагы соода согушу дагы Нур-Султандын жүрүштөрүн өтө кылдат жасоого түрттү. Алдыда Москва, Бээжин жана Вашингтон менен тең салмактуу саясатты кармануу - азыркы казак бийлигинин негизги тапшырмасы.

Мурдагы тажрыйбасына салып, азырынча бул байланыштарды Назарбаев өзү тескеп турчудай. (AbA)

Тектеш темалар