Вакцинанын пайдасын түшүндүрөбүз
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Вакцинанын пайдасын түшүндүрөбүз

Эксперттер өтө кооптуу бирок алдын алууга мүмкүн болгон жугуштуу илдеттерге каршы күрөштө коомдун вакциналарга болгон ишенбестиги дүйнөлүк коомчулукту чоң коркунучка кептөөдө деп эскертишти. Элдин эмдөөгө карата мамилеси боюнча жүргүзүлгөн ири иликтөөдө айрым аймактарда вакциналарга ишенбестик күчөгөнү адистерди кабатыр кылат. Өлүмгө алып келчү илдеттерге каршы эмдөөдөн өтүү эң эле эффективдүү ыкма экенин илим аныктаган. Вакцина миллиарддаган кишилерди жугуштуу оорулардан сактап калуда.