Синцзяндагы бала менен ата-энени ажыраткан лагерлер

Image caption Синцзяндык уйгурлардын арасында балдарынан айрылып, таба албай кыйналган ата-энелер көп.

Би-Би-Си Кытайдын Синцзянь регионунда мусулман балдар ата-энелеринен зордук менен ажыратылып жатканынын жаңы далилдерин таап чыкты. Расмий документтер саясий тарбия берүү макатында көп сандагы мамлекеттик мектеп-интернаттар курулуп, алардын айрымдары балдарга эсептелгенин көрсөтүүдө. Кытай өкмөтүн сынга алгандар балдарды үй-бүлөсүнөн бөлүп ажыратууну бул жакта максаттуу түрдө болуп жаткан саясат деп аташууда.

Би-Би-Си кабарчылары колдору жеткен документтерге таянып, кысымга учураган үй-бүлөлөрдүн чет өлкөдөгү ондогон мүчөлөрү менен сүйлөшүп, бул региондо балдардын абалы жөнүндө көп маалымат топтоду. Синзянда саясий тарбиялык лагерлерде миллиондон ашык адам кармалып жатканын Би-Би-Си мурда кабарлаган эле.

Кытай бийликтери лагерлердин максаты диний экстремизмдин алдын алуу экенин айтып жатышат. Эми Кытайдан качып чыккан уйгур ата-энелер өздөрүнүн жакын туугандары эле эмес, бала-бакырасы да жоголуп табылбай жатканын айтууда. Алардын балдарынын кайда экенин эч ким айтпай жатат.

Image caption Стамбулда ондогон ата-энелер чоң залда кезекке туруп, Синцзянда калган балдарынын сүрөтүн кармап, өздөрүнүн башынан өткөн оор окуяларды айтып берип атышат.

Документалдуу маалыматтар бир эле шаарда 400 бала бир эмес, ата-энесинен бирдей ажыратылганын көрсөтүүдө.

Синцзянда журналисттердин ишине катуу көзөмөл болгондуктан маалымат табуу кыйын, бирок укуктук басмырлоону күбөлөгөн фактыларды Түркиядан табууга мүмкүн болду.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кытай мечиттерди жок кылууда

Стамбулда ондогон ата-энелер чоң залда кезекке туруп, Синцзянда калган балдарынын сүрөтүн кармап, өздөрүнүн башынан өткөн оор окуяларды айтып берип атышат.

«Мен билбейм ким аларды карап жатканын, - дейт үч кызынын сүрөтүн көтөргөн бир эне, - эч бир байланыш жок".

Бир кыз менен үч эркек баласынын сүрөтүн көтөргөн дагы бир эне көз жашын тыя албай, балдарын интернатка алып кетишкенин айтууда.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Кытайдагы мусулмандар кармалган лагер

Жазылып алынган 60 интервьюда ата-энелери менен туугандарынын Синцзянда жүздөн ашык баланын жоголуп кеткени жөнүндө ыйлап, кайгырып айтып берген көрсөтмөлөрү бар. (КС)

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар