Иран британ кемесин колго түшүрүүгө аракет кылдыбы?

фрегат HMS Montrose Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Улуу Британиянын өкмөтү Ормуз кысыгында мунай тартып бара жаткан британдык кемени Иран күчтөрү токтотууга аракет кылганын кабарлады. Мындан бир апта мурун Гибралтар кысыгында британдык деңиз аскерлери Ирандын мунай кемесин токтотушкан эле.

Британ өкмөтүнүн маалыматына караганда, Ормуздагы окуя шаршемби күнү болду. Ирандык үч катер British Heritage коммерциялык кемесине тоскоолдук жараткан. Бирок кемени коштоп бара жаткан HMS Montrose аскер кемеси жете келип, ирандык катерлер артка чегинип кеткен.

Ирандык Fars агенттиги Ислам революциясынын сакчылары корпусунун окуяга тиешеси жок экенин жазып чыкты.

"Мунун баары кырдаалды курчутууга багытталган. Ошондуктан бул билдирүү негизсиз",-деген Ирандын Тышкы иштер министрлиги.

4-июлда Гибралтар кысыгында британдык деңиз аскерлери Ирандын мунай кемесин токтотушканы белгилүү болгон. Ирандык кеме АКШ менен Евробиримдиктин санкцияларын бузуп, мунай чийики затын Сириядагы заводко ташып бараткан болушу мүмкүн деп кармалганы айтылган эле. Иран болсо муну пираттык иш-аракет катары мүнөздөдү.

Региондогу кырдаал өзөктүк курал келишиминен АКШ бир тараптуу чыгып кеткенден бери курчуп жатат. АКШ келишимден чыгып кеткен соң, Иранга каршы санкцияларды киргизип, ирандык мунайды Кытай, Индия, Түштүк Корея, Жапония жана Түркияга сатууга чектөө койду.

АКШнын Иран менен Йемендин кеме жолдорун кайтарууга алуу сунушу

Мунун алдында АКШ бийлиги Ормуз жана Баб-эль-Мандаб кысыктарында кемелердин коопсуздугун көзөмөлдөгөн эл аралык коалиция түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөр штабынын комитетинин жетекчиси Жозеф Данфорд билдирген.

"Бул маселени биз азыр бир катар өлкөлөр менен талкуулап жатабыз. Коалиция Ормуз жана Баб-эль-Мандаб кысыктары аркылуу өткөн кеме жолдорундагы коопсуздукту камсыз кылмак ",-деген Данфорд.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Кайсыл өлкөлөр менен сүйлөшүү болуп жатканын америкалык генерал так айткан жок. "Алдыдагы апталарда кайсыл өлкөлөрдүн саясий эрки жетип, бул демилгени колдой турганын аныктайбыз",-деген генерал.

Вашингтондун билдирүүсүн Тегеран коркутуп-үркүтүү максатындагы "психологиялык согуш" катары мүнөздөдү. Буга жооп кылып Иран Ормуз кысыгын жаап салам деп эскертүүдө. Бул кысык аркылуу дүйнөдө керектелген мунайдын бештен бири өтүп турат.

АКШ менен Иран ортосундагы чыңалуу

Май жана июнда Перс булуңунда бир нече мунай танкерлерине кол салуу болуп, АКШ Иранды айыптап, чөлкөмдөгү аскердик даярдыгын күчөткөн.

АКШ бийлиги Перс булуңуна Patriot үлгүсүндөгү абадан коргонуу системасын жана бир нече аскер кемелерин жөнөткөн. Андан кийин президент Дональд Трамп кошумча аскер күчтөрүн жөнөтүү тууралуу чечимин жарыялады.

13-июнда Перс булуңунда Сауд Арабиянын Сингапурга жана Тайванга бараткан эки мунай танкеринде жардыруу болду.

Сүрөттүн автордук укугу AFP
Image caption Оман жээктериндеги чабуулга кабылган танкерлердин бири
  • Перс булуңу - дүйнөдөгү эң тынчы жок аймактардын бири жана соңку 40 жылда бир нече ирет куралдуу жаңжалдар орун алды. Булуңдагы өлкөлөрдүн ар бири этияттап саясат жүргүзгөнү менен кээде чөлкөмдөгү таасир талаштан бири-бирине үстөмдүк кылуу үчүн агрессивдүү кадамдарга барган учурлар болот.

Вашингтон танкерлерге кол салууга Тегеранды айыптап жатат. Иран өз кезегинде бул дооматты четке кагып келет.

20-июнда болсо Иран аба мейкиндигин бузуп кирген америкалык чалгынчы дронду атып түшүргөнүн билдирди. АКШ бул пилотсуз учак Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык болгонун ырастаган.

Мындан бир апта алдын Ормуз кысыгында - дүйнөлүк маанилүү мунай артериясында Жапония менен Норвегиянын мунай ташыган кемелерине чабул жасалган.

АКШ бул чабуул үчүн Иранды айыптады. Бирок Тегеран окуяга тиешеси жок экенин билдирип, айыптоолорду кескин четке каккан. (AbA)

Тектеш темалар