Шайлоо-2020: боордон баскан босого чек

Жаш партиялар шайлоодогу босого чекти тогуз пайыздан бешке түшүрүүнү демилгелеп жатышат Сүрөттүн автордук укугу AFP Contributor
Image caption Жаш партиялар шайлоодогу босого чекти тогуз пайыздан бешке түшүрүүнү демилгелеп жатышат

Кыргызстанда жаш партиялар шайлоодогу босого чекти тогуз пайыздан бешке түшүрүүнү демилгелеп жатышат. Буга чейин парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев ушул мазмунда мыйзам долбоорун сунуштап, бирок колдоо тапкан эмес.

Босого чек деген эмне жана башка өлкөлөрдө анын кандай тажрыйбасы бар.

Чөнтөк парламент

"Жаратман эл" партиясынын лидери Расул Түлеев босого чекти төмөндөтүү боюнча "Улут ордо", "Улуу Кыргызстан" өңдүү жаш, саясий партиялар биригип жатканын айтты.

"Келе жаткан шайлоого жаңы, жаш партиялар катыша албай тургандай болуп калды. Себеби, 9% босого чек өтө эле чоң тоскоолдук. Эгер өткөн шайлоону мисалга алсак, Жогорку Кеңешке мындай босого чек менен алты партиянын үчөөсү гана өтмөк. Эми кийинки чакырылыш олигархтардан жана капчыгы калыңдардын парламенти болот. Чөнтөк парламенти болот, анан ал бир кишинин оюунан чыкпаган Жогорку Кеңеш болот".

Сүрөттүн автордук укугу Akipress
Image caption Расул Түлеев, "Жаратман эл" партиясынын лидери

Шайлоо мыйзамдына босого чек тууралуу өзгөртүүлөр соңку жолу 2017-жылы киргизилип, ал жети пайыздан тогузга чейин көтөрүлгөн.

Кыргызстанда кийинки жылы парламенттик шайлоолордо жеңишке жетишүү үчүн партиялар мурункудан да көп добуш топтошу керек болуп калды.

Атайын квота

Ошондо 2020-шайлоодо жеңип чыгуу үчүн жаңы эрежелерге ылайык, бир партия канча добушка ээ болушу керек?

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов түшүндүрөт:

"Ал добуш берүүчүлөрдүн шайлоого катышканына көз каранды. Мисалы, бизде үч миллион 300 миң шайлоочу болсо, анын эки миллиону эле катышкан болсо, анда бир партия 180 миңден кем эмес добуш алышы керек болот".

Сүрөттүн автордук укугу Official
Image caption БШКнын төрагасынан орун басары Абдыжапар Бекматов

Мынча добушка жетишүү жаңы эмес, дасыккан партиялар үчүн деле оңойго турбас.

Бул себептүү босого чекти төмөндөтүү сунушу быйыл парламенттин өзүндө да берилди. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев май айында "Шайлоолор тууралуу" мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрду демилгелеп, анын ичинде босого чекти беш пайызга түшүрүүнү да сунуштаган.

Шайлоодо үч пайыз босого чекти багындыра алган партияларга беш мандаттык атайын квота берүүну да демилгелеп, бирок Жогорку Кеңеште колдоо таппады.

Башка өлкөлөрдө кандай?

Пропорционалдык шайлоо системасы бар постсоветтик өлкөлөрдүн биринде дагы тогуз пайыздык босого чек жок.

Алалы, Арменияда - 3%, Грузияда - 5%, Латвияда - беш, Литвада - 5%, Молдовада - 5%, Орусияда - 5%, Казакстанда - 7%; Украинада - 5%, Эстонияда - 5%, Тажикстанда - 5% босого чек каралган. Украинада жаңы президент Зеленский быйыл июнда шайлоодогу босого чекти үч пайызга түшүрүүнү сунуштап, бирок Рада аны колдогон жок.

Европа өлкөлөрүн алалы: Германияда босого чек - 5%, Данияда - 2%, Нидерландыда - 0,67%, Норвегияда - 4%, Израилде - 3,25%, Польшада - 5%, Швеции - 4%, Словенияда - 3,2%, ал эми Түркияда - 10 %.

Түркияда 10% босого чек менен 2002-жылы парламенттик шайлоо өтүп, анда Эрдогандын "Акыйкат жана өнүгүү" партиясы жеңишке жетишкен. Андан бери партия шайлоолордо алдыда келип, 2017-жылы конституциялык реформа аркылуу Түркия парламенттик башкаруудан президенттикке өткөнү белгилүү.

Авторитаризм коркунучу

Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи Мурат Үкүшов Түркиянын тажрыйбасын мисал келтирип, "жогору коюлган босого чек мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин кайсы бир саясий күчтүн колуна салып берип, авторитардык режимди орнотууга шарт түзөрүн" жазды.

"2017-жылы Кыргызстанда босого чек атайылап жогорулатылышы оюн эрежесине бүлүк салды, барып отуруп ал 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоодо коомдук-саясий кырдаалды да курчутушу мүмкүн. Тогуз пайыздык босого чекти жактагандар азырынча аны аңдабай турушат. Жеңилип калуу тобокелчилигине барып жатышат", -деп жазды Үкүшов Elgezit аналатикалык басылмасына.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Кыргызстанда саясий партиялардын саны эки жүздөн ашат

Учурдагы оор саясий жагдайды эске алып, юрист Жогорку Кеңеште ар кайсы күчтөр жана көз караштагы адамдардын болушун эп көрөт.

Бирок тогуз пайыздык босого чек менен аны камсыз кылуу мүмкүн кылбай турат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар