Британияны каптаган миллиондогон кооз көпөлөктөр

Кооз көпөлөктөр Сүрөттүн автордук укугу BUTTERFLY CONSERVATION

Британия миллиондогон көпөлөктөрдүн учуп келишине даярданууда. Көпөлөктөрдү коргоо боюнча коомдук уюмдун волонтерлору алардын ар кандай түрлөрүн санап чыгууга каалоочуларды жардамга чакырууда.

Аталган уюм мындай санакты февралдан баштап августка чейин көпөлөктөрдүн ар кандай түрлөрү миграция болгон учурда утур-утур өткөрүп келатат. Көпөлөктөр климаттын өзгөрүшүнө өтө тез реакция кылат, ошол себептүү аларды саноо кийинки өзгөрүүлөрдү божомол кылганга жардам берет. Бул дүйнөдө өзүнчө эле бир чоң долбоор.

Бул жылы Британ аралдарына Европадан учуп келген көпөлөктүн айрым түрлөрү мурда болуп көрбөгөндөй көп болду.

Сүрөттүн автордук укугу BUTTERFLY CONSERVATION/PA
Image caption Репейница

Мисалы, бул Репейница деп аталган бул көпөлөк саатына 48 км ылдамдык менен учат. Ал жыл сайын 12 миң км жол жүрүп, Африкадан баштап дүйнөнүн бир бурчун айланып чыгат.

Алар Британияга ар бир жайда келишет, алардын саны ар бир он жылда ондогон миллионго жетет. Соңку жолу мындай көрүнүш 2008-жылы болгон. Анда алардын саны 11 миллионго жетти эле.

Image caption Pararge aegeria
Сүрөттүн автордук укугу Правообладатель иллюстрацииPA MEDIA
Image caption Polygonia c-album
Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Polyommatus Icarus