Индия: Кутурган педофилдерге каршы күрөш

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Индияда Жогорку Сот балдарга жыныстык зомбулук көп жасалган райондордун баарында атайын сотторду түзө турган болду. Кырдаалды изилдеп көргөндө, полиция каттаган балдарга зомбулук болгон учурлардын төрттөн бири гана сотко жеткени белгилүү болду.

Би-Би-Синин Делидеги кабарчысы Мумбайбан Йогита Лимайенин айтымында, атайын сотторду түзгөнгө эки ай мөөнөт берилди. Жогорку Сот ошондой эле прокурорлор менен сот кызматкерлери балдарга жыныстык зомбулук көрсөткөн иштерди иликтөө боюнча атайын окуп даярдыктан өтсүн деген талап койду.

Жогорку Сот ошондой эле атайын сотторду каржылоону камсыз кылууну өкмөттөн өтүнүп, балдарды зордуктоо кылмыштары көбөйүп, барган сайын кооптуу тенденцияга айланып баратканын билдирди.

Индияда мыйзам боюнча зордуктоо жана жыныстык зомбулук кылмыштары ыкчам иликтениши керек, бирок тийиштүү инфраструктура менен даярдыгы бар кызматкерлердин жоктугунан иштин каралышы бир жылда эмес, бир нече жылга узарып кетиши мүмкүн. Жогорку Сот эми бул көйгөйдүү чечүүнүн аракетин көрүүдө.

Сегиз жашар кызды зордуктап өлтүргөн зөөкүрлөр

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Сегиз жаштагы кыздын зордукталып өлтүрүлүшү бүт Индиянын кыжырын кайнаткан кылмыш болуп калды.

Июнь айынын башында Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн жагында сегиз жаштагы кызды жабыла зордуктап туруп өлтүргөн сегиз зөөкүрдүн алтоосун сот күнөөлүү деп тапты жана чоң мөөнөткө түрмөгө кести.

Мусулмандардын Гуджар уруусундагы кыздын сөөгү 2018-жылы январда Катуа шаарынын жанындагы токойдон табылган.

Кылмышка шектүү деп кармалган сегиз адамды индуисттик уюмдар менен адвокаттар күнөөсүз деп коргоп келишти.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
"Мен акыйкаттык болоруна ишенгем, кудай мага күрөшкөнгө күч берди", - деди зордукталып өлтүрүлгөн кыздын энеси.

Айыпталгандардын үчөө өмүр бою түрмөгө кесилди. Үч полиция кызматкери далилдерди жок кылганы үчүн күнөөлүү деп табылып, ар бири беш жылдан эркинен ажыратылды.

Алардын баары сотто күнөөсүн мойнуна алышкан жок. Айыпталгандардын бирөөсүнүн гана баласы күнөөсү жок деп кутулду.

Тестиер кыз 2018-жылы Жаңы жылдын алдында жоголуп кетип, анын мыкаачылык менен кордолгон сөөгү үч аптадан кийин токойдон табылган.

Тергөөчүлөр кызды индуисттер храмга алып барып кармашып, ага уйкунун дарысын сайып, эс-учун жоготушкан деп жатат.

Соттун корутундусунда кызды бир нече күн катары менен зордукташып, акыры өлтүрүп тынышканы айтылат.

Кол салгандардын максаты көчмөн гуджарларды коркутуп, башка жерге журт которууга аргасыз кылуу болгон экен.

Расмий статистикага караганда, Индияда ар бир 15 мүнөттө бир бала жыныстык зордук-зомбулукка кабылат. Эксперттер курмандыктар саны чынында мындан да аябай көп дешет. (КС)

Тектеш темалар