УКМК төрагасы: Атамбаевдин максаты мамлекеттик төңкөрүш уюштуруу болгон

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев 7-8-августтагы окуялар боюнча маалымат берип жатып, буга чейин коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратып жаткан суроолорго жообун берди.

"Бүгүнкү күнү Атамбаевдин чагымчыл аракеттери тууралуу көптөгөн оперативдик маалыматтарды ачыктай алам. Бул аракеттер эмнеге жана кантип уюштурулганы белгилүү эле болуп калды. Анын күбө катары мыйзамдын негизинде көрсөтмө берүүгө ИИМдин чакырууларын четке какканы. Ички иштер министринин орун басары, тергөө амалдарынын башчысы Каниметов А.Атамбаевдин үйүнө барганда, аны имаратка киргизбей коюшкан. Ал жакшы билген, күч түзүмдөрүнүн мындан кийинки кадамы, аны күч менен алып келүү экенин. Дал ошол себептен ал аялдарды, балдарды жана карыяларды үйүндө кармап турган. Аларга миң сомдон үч миң сомго чейин акча берип турган. Бул эмнеге жасалды эле - милиция келгенде тирешүү болот деген план бар болчу. Дарбазанын алдында үйүлүп, чөп менен жабылган таштар буга далил. Ага кан төгүү керек болду. Урматтуу достор! Кан төгүлгөндөн кийин ал мамлекеттик төңкөрүштү уюштурмак. Ошондуктан мыйзамдын чегинде аны күч менен кармап келүү чечими кабыл алынган. Мындай буйрук Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке түшкөн",-деди УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption 8-август күнү дагы Атамбаевдин тарапташтары менен милиция күчтөрү ортосунда кагылышуу болду

"Азыр көптөр айтып жатат, атайын даярдыктагы күчтөр, "Альфа" кармоого тартылбашы керек болчу деп. Ооба, атайын даярдыктагы күчтөр террордук коркунучтар менен күрөшүү үчүн түзүлгөн. Бирок кандай учурларда атайын даярдыктагы күчтөр тартылышы керек экени боюнча кошумча беренелер бар. Тергөөчүгө териштирүү учурунда коркунуч жаралса, мага рапорт жазылат. Анын негизинде мен тергөөчүлөрдүн тобуна көмөк көрсөтүү боюнча чечим кабыл алууга укугум бар. Мындай учурлар буга чейин дагы катталган. Мисалы, Ош облусунда баңгизат соодагерлерин кармоодо, Кара-Балта шаарында кылмыштуу топтун өкүлдөрүн кармоодо буга окшош чечимдерди кабыл алгам. Бул адаттагыдай эле кадам. Көптөгөн суроолор түшүп жатат, "эмнеге атайын даярдыктагы "Альфа"тобу жана эмнеге аз сандагы аскерлер жөнөтүлгөн" деген суроолор. Мен кайрадан айтып кетейин, бул атайын операция эмес, атайын даярдыктагы "Альфа"тобу тергөөчүлөрдү калкаламак. Башкача айтканда атайын даярдыктагы топтор тергөөчүлөрдү тышкы тараптардан калкалоо болчу. Сиздер өзүңүздөр топтолуп турган таштарды көрдүңүз, алар жалпак тил менен айтканда корридор түзүп бериши керек эле. Ошону үчүн гана "Альфа"тобу барган, ошондуктан алардын саны аз болчу. Күч менен кармап келүүнү беш башка сценарийи бар болчу. Биринчисин алгачкы аракетте колдондук. Ал эң оптималдуу жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү эң көп болчу. Себеби, ар бир аракетибиз Атамбаевдин штабына жеткирилип турган. Муну дагы так билгенбиз. Анткени мурдагы кызматкерлер жана азыр дагы иштеп жаткан кызматкерлер, ошол эле А.Сегизбаев менен У.Исраиловдун кол алдында иштегендер, штабдан маалымат үчүн акчалай сыйлык алып турушкан. Кандай чечимдер кабыл алып жаткандан тарта, баяндамаларды ким окуп жатканы боюнча дагы маалымат ачыкталып жаткан болчу. Ошондуктан күтүүсүз жерден күч менен кармап кетүү керек эле. Менин мурдагы кесиптештеримдин көбү УКМКга сын тагып жатат. Мен дагы бир жолу белгилеп кетейин, биздин ар бир аракетибиз, атайын даярдыктагы аскерлерге берген буйругубуз боюнча маалымат жарым саатын ичинде Атамбаевдин штабына жеткирилип жатты. Дароо эле 400-500 киши топтолуп калып жатты. Алардын көбү аялдар, балдар жана карыялар экенин дагы бир жолу белгилеп кетем. Аны сиздер жакшы түшүнүп турасыздар. Ага кан төгүү керек болуп жатты. Ошондо ал бийликти айыптап, мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга жол ачмак."

УКМКнын төрагасы ошондой эле каза тапкан офицерди өлтүрүү үчүн атайын жүрөккө атышканын айтты. Бул окуяга тиешелүүлөр жазага тартылгандан кийин кызматтан кетем, деди УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев.

"Алар жооп катары күч колдонгон жок. Менин буйругумду аткарышты. Алар бир дагы жаран жабыркабасын деген буйрукту аткарышты. Менин эң мыкты кызматкерлеримдин бири каза тапты. 8-августта Атамбаев эмоционалдуу кайрылуу жасады. Ал өзү алты жолу "Альфаны" көздөй атканын айтты. Ошол анализдин негизинде жана окуяга күбө болгондордун көрсөтмөлөрүнүн негизинде алты жолу ок атылганы боюнча тактадык. Биринчи ок Ныязбеков Үсөнгө, "Альфанын" башчысына атылган. Анын төрт баласы калды, эң кичүүсү бир жарым жашта. Биринчи аялынан эки баласы бар. "Альфанын" 57 кызматкери, беш тергөөчү, үч башкармалыктын жетекчиси эч жакка качпай, буйрукту аткарып турду. Экспертиза так көрсөттү - Ныязбековго жүрөккө атышкан. Ок зооттолгон кемселинен өтүп барган. Демек, ок өлтүрүү үчүн атылган. Бутуна же колуна атылса болмок эле, бирок ок өлтүрүү үчүн атылган, жүрөгүнө. Үсөн дароо жан берген. Андан кийин бир нече атайын кызматтын аскерлери октон жарадар болгон"-деди УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев.

7-августта кечинде УКМК Кыргызстандын мурдакы президенти Алмазбек Атамбаевди күч менен суракка алып келүү аракети ишке ашпай калып, өлкөдөгү саясий кырдаал чыңалган. Бир нече киши жаракат алып, атайын багыттагы аскер бөлүгүнүн офицери каза тапкан.

8-август күнү дагы Атамбаевдин тарапташтары менен милиция күчтөрү ортосунда кагылышуу болду. Жүзгө чукул киши жаракат алган. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестик укугунан ажыраткан эле. Анын иши боюнча парламентте маалымат берип жатып, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Атамбаев өлкөнү башкарган жылдары ыйгарым укуктарынан аша чаап, мамлекеттин кызыкчылыгына оор залака келтирген деп билдирген. Ошондой эле ал мурдагы президенттин ишинде оор кылмыштын белгилери боюнча материалдар жетиштүү экенин айткан эле. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө бир нече аптадан бери тарапташтары чогулуп, бийликке нааразылык билдирип жаткан.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Буга чейин Ички иштер министрлиги Атамбаевди күбө катары үч жолу суракка чакырып, бирок ал барбай турганын ачык айткан. Анын адвокаты Сергей Слесарев Жогорку Кеңеш мыйзамды одоно бузуу менен мурдагы президентти кол тийбестигинен ажыратуу токтомун кабыл алганын айтып, Атамбаев эч кандай тергөө сурагына барбай турганын билдирген эле.

Бишкектен бир нече чакырым аралыктагы Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө анын тарапташтары атайын штаб уюштурган. Күн сайын кечинде Атамбаев тарапташтары менен жолугуп жаткан.

24-июнда Атамбаев Канттагы Орусиянын авиабазасынан атайын борт менен Москвага учуп барып келди. Аны бир нече тарапташы узатып келген эле. Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолукканы белгилүү болгон.

"Биз региондогу жана Кыргызстандагы кырдаал боюнча сүйлөштүк", -деген эле Путин.

Тектеш темалар