Эверестке чыгууyнун жол жоболору өзгөрөт

Непалдын өкмөттүк комиссиясы Эверестке чыгууну каалагандарга талапты күчөтүү боюнча сунуш берди.

Сүрөттүн автордук укугу AFP PHOTO / PROJECT POS
Image caption Эверест

Негизги талаптардын бири -Эверестке 6500 метр бийиктиктен жогору чыгуу үчүн тажрыйба талап кылынат. Тажрыйбасы жок альпинисттерге татаал чокуларга барууга уруксат бербеш керек деп жатышат.

Ошондой эле тоого чыгуу үчүн төлөнгөн каражаттын суммасын дагы көтөрүү сунушталды. Деңиз деңгээлинен 8848 метр бийиктикке чейин баруу үчүн 35 миң долларга чейин, 8 метрден жогору болгон башка чокуларга чыгуу үчүн 20 миң доллар төлөм киргизүү каралууда.

Непалда дүйнөдөгү эң бийик делген 14 тоо кыркасы жайгашкан. Комиссия мындан кийин альпинисттер милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өтүшү керек деген талапты койду. Эксперттердин сунушуна ылайык, Эверестти багындырууну каалагандар алды менен ден соолугу тууралуу медициналык документтерди тапшырышы шарт. Ошондой эле тоогу чыгуунун алдында альпинисттердин базасынан дагы медициналык текшерүүдөн өткөрүү каралып жатат.

"Эверестке чыгуу үчүн кишинин каалоосу жетишсиз. Тоого чыкканга уруксат кагаздарын берүүдөн мурун алардын саламаттыгын текшерип алуу өтө маанилүү", -деди Непалдын туризм министри Йогеш Бхаттараи.

Андан тышкары Эверестке чыгууну каалаган альпинисттер тажрыйбалуу гиддердин кызматын колдонуп, Эверестке чыгуу үчүн топ түзүү боюнча үч жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, сертификатка ээ компаниялар менен иштешиши керек.

Өкмөттүк атайын комиссия быйылкы жазгы сезон учурунда Эвересттин 8848 метр бийиктигине чыгууга аракет кылып жатып, 11 киши каза болгондон кийин түзүлгөн. Алардын үчөө тоонун түндүк тарабынан, тагыраагы Тибет тарабынан чыгып баратып кырсыкка учураган. Калгандары Непалдын аймагынан катталды.

Сүрөттүн автордук укугу PHUNJO LAMA

Адатта мындай адам өлүмүнүн көбү кар көчкүнүн кесепетинен же маршруттан адашып кеткенден улам болот.

Эверестти багындырууга болгон альпинизмдинтарыхында 280 киши каза болгон. Курман болгондордун дээрлик жарымы көчкү алдында калган. Ар бир бешинчиси маршруту үзгүлтүккө учурагандан улам коз жумган. Курч гипоксиядан жана башка оорулардан каза болгондор 16 пайызды түзөт.

Быйыл курман болгондордун бири дагы көчкү алдында калган эмес. Адам өлүмү менен коштолгон 11 учурдун ону альпинисттердин ден соолугу кескин начарлап кеткендиктен болгон. Каза болгондордун тогузунун жашы кырктан жогору эле.

Сүрөттүн автордук укугу AFP

Алардын каза болуусуна бир нече объективдүү себептер болгон. Бийиктикке чыгуунун татаалдыгы жана аба ырайынын шартынын начарлыгы.

Көптөгөн эксперттер Эвересттеги өлүмдөрдү даярдыктын начарлыгы менен байланыштырып, уруксат документтерин берген Непал бийлигин сынга алышты. Тоого чыгууга уруксат кагазын алуу үчүн ар бир альпинист 11 миң доллар төлөйт.

Эксперттик комиссия жаңы сезондо тоого чыгуу үчүн жүргүзүлүүчү төлөмдү үч эсеге же 35 миң долларга чейин көтөрүүнү сунуштап жатат. Учурда Эвересттке Непал тарабынан классикалык маршрут менен көтөрүлүү үчүн алынуучу акы киши башына 11 миң долларды түзөт.

Сүрөттүн автордук укугу FRANK BIENEWALD

2014-жылы Непал бийлиги чокуга чыгуу үчүн төлөнүүчү акыны 25 миң доллардан 11 миң долларга төмөндөткөн.

Быйылкы сезондо Непал өкмөтү Эверестке чыгуу үчүн 381 уруксат документин берген. Бул рекорддук көрсөткүч. Анткени 1990-жылдардан бери урксат кагазын берүү жеңилдеп, көп кишиге бериле баштады. Коммерциялык экспедициянын саны дагы өскөн.

Эксперттик комиссия Непалдагы башка тоолорго чыгуу үчүн уруксат кагаздарын берүү төлөмдөрүн дагы жогорулатыш керек деп эсептейт. Алардын 8 миң долларлык урксат документин 20 миң долларга чейин жогорулатуу керек деп эсептейт.

Альпинисттерден жана туристтерден түшкөн төлөмдөр өлкөнүн негизги кирешесин түзөт. (VA)

Тектеш темалар