Өкмөт айып пулдун көлөмүн азайтууyну чечти

Жол кыймылынын бир нече эрежелерине салынган айып пулдун көлөмүн азайтуу боюнча Ички иштер министрлигинин демилгесин өкмөт колдойт. Бул тууралуу вице-премьер-министри Жеңиш Разаков билдирген.

«Бизге коомчулуктан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан, айдоочулардан айып пулдардын бир нечесин азайтуу боюнча жетишээрлик кайрылуулар келип түштү. Биздин жумуш топ келип түшкөн сунуштардын негизинде эреже бузуунун сегиз түрү боюнча айып пулду азайтууга макул болду», - деди Жеңиш Разаков.

Жол кыймылын төмөнкү категориялары боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу сунушталууда:

  • Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы;
  • жолдун жүрүүгө уруксат берилген бөлүгүндөгү белгилердин талаптарын аткарбагандыгы (кууп келип, ашып кетүү же каршы тилкеге чыгып манёвр жасоо сындуу эрежелерди бузуу фактыларын кошпогондо);
  • унааны туура эмес жерге токтотуу боюнча эрежени бузуу;
  • коопсуздук дистанциясын жана аралыкты сактабай, автомагистралдар боюнча жол эрежелерин бузуу;
  • светофордон уруксат берилбеген учурда стоп-сызыгынын алдына токтоо, көрсөтүлгөн жол белгилерин же өтүүгө уруксат берилген жолдун бөлүгүнөн Жол кыймылынын эрежелерин сактабай өтүү;
  • ашып өтүү боюнча эрежени бузуу;
  • сырткы жарык берүүчү приборлорду же эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.
Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Видео байкоо кандай эреже бузууларды каттайт?

Жогоруда тизмектелген эреже бузуулар боюнча айып пулдун көлөмүн 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүү күтүлүп жатат.

Быйыл жаз айынан тарта Бишкектин көчөлөрүнө жана бир катар негизги унаа жолдорго видео байкоолор орнотула баштаган. Расмий маалыматтарда үч айдын ичинде эле Бишкекте 78 миң 164 жол эрежесин бузуу фактысы катталганы айтылган. Анын ичинен 33 миң 133 айдоочу айып пул төлөгөн. Айыптан мамлекеттин казынасына 47 млн 641 миң 495 сом түшкөнү айтылган эле. Көпчүлүк айдоочулар айып пулдардын көлөмү өтө эле жогору экенин даттанып келүүдө. (AbA)