Кумтөр: Сынга кабылган стратегиялык келишим

Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold компаниясынын ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө киргенден тартып Кумтөр боюнча талкуу коомдо дале токтой элек. Көпчүлүк кен маселеси Кыргызстандын дагы кызыкчылыгын коргогондой болуп чечилгенине ишенип-ишенбей турган чакта Ысык-Көл облусундагы "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты канадалык ишканага кен казуу үчүн берилди деген маалымат тарады. Бирок тиешелүү мекемелер айрым эл аралык маалымат каражаттары тараткан мындай кабар чындыкка дал келбейт деп жатат.

"Кыргызалтын" ишканасынын маалыматына ылайык, учурунда Centerra Gold компаниясына кен казуу үчүн берилген 26 миң гектар жерге "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругунун эч кандай тиешеси жок.

"Чалгындоо иштери борбордук карьердин флангдарында жана түштүк-батыш, түндүк-чыгыш жумуш аймагында гана жүргүзүлүүдө. Маселен, кен казуу үчүн берилген аянт 26 миң гектар болсо, геологиялык чалгындоо иштери 1 миң гектардан аз жерде гана жүрүп жатат. Учурда стратегиялык келишимдин алкагында "Кумтөр" ишканасына кошумча 16 миң гектар жер берилди деп айтып жатышат. Чындыгында андай болгон жок. 2009-жылкы концессиялык келишимге ылайык Centerra Кыргызстандын үлүшүн 15 пайыздан 33 пайызга көтөргөн. Андан тышкары салыктар дагы жогорулаган. Ошонун эсебинен 16 миң гектар жер кен иштетүүгө берилген, бирок бул жерге "Сары-Чат - Ээр-Таш" мамлекеттик коругунун тиешеси жок",- деди "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков Би-Би-Сиге.

Мыйзамга ылайык, корукка алынган жердин статусуна өзгөртүү киргизмейинче ал аймакта кен казууга жана чарбалык иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.

Жаңы стратегиялык келишим

"Кумтөр" алтын кени Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийинки эң ири инвестициялык долбоор. Ошол эле убакта экологиялык жана экономикалык жактан чырдан башы чыкпаган иш болуп келе жатат.

Кыргыз өкмөтү жакында эле Centerra Gold компаниясы менен жаңы стратегиялык келишим күчүнө киргенин жана ага ылайык экологиялык максаттагы каржылык төлөмдөрү көбөйгөнүн жар салды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен иштеп баштаган 22 жылдын ичинде биринчи жолу жаратылышты коргоо чараларына олуттуу каражат бөлүнүп жаткандыгын айтууда.

"Күчүнө кирген документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тарап милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон милдеттенмелер жазылган. Стратегиялык макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин жалпы суммасы 6 млрд 073 млн сом каражат келип түшөт. Биздин өкмөт макулдашуунун алкагында финансылык келип түшүүлөрдүн мурдагы кол коюлган көлөмүнө макул эместигин билдирген жана узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма 10 млрд 471 млн 950 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Ага геологиялык чалгындоо иштери да киргизилген. Биз кошумча 4 млрд 399 млн сомго жетиштик, аны менен бирге биз өзүбүзгө бир дагы кошумча милдеттенмелерди алган жокпуз. Мунун өзү тараптар ортосунда конструктивдүү биргелешкен иштер жүргүзүлгөнүн айгинелейт, анын натыйжасында ушундай жыйынтыктарга жетишип отурабыз. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Кыргызстан 5 млрд 375 млн 601 миң сомдон ашуун каражат алат. Анын ичинде Онкологияга каршы күрөшүү фондуна учурда келип түшкөн 488 млн 691 миң сом бар"- деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

"Мунасалык келишимде чоң деле өзгөрүү жок"

Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин өкүлү Дүйшенбек Камчыбеков өкмөт менен Centerra Gold түзгөн мунасалык келишимде чоң деле өзгөрүү жок деп жатат. Бүдөмүк бойдон калып жаткан маселелер дале арбын. Ошого карабастан, кыргыз өкмөтү Centerra Gold компаниясы менен бир пикирге келүүгө мажбур болду дейт.

"Азыркы өкмөт башчы келгенден бери келишим 8 жолу узартылды. Эгерде бул жолу дагы кол коюлбай калса, Centerra Gold компаниясынын кыргыз өкмөтүнө болгон ишеними кетмек. Centerra буга чейин эле акцияларын Кытай компаниясына сатып жиберүү жагын караштырып келген. Биздин 26,6 пайыз үлүшүбүз болгон күндө дагы чечим кабыл ала албайбыз. Себеби, убагында шарттар ошондой түзүлүп калган",-деди Камчыбеков.

Советтер союзу учурунда Кумтөрдө 700 тоннадан ашык алтындын кору бар деп эсептелип келген.

Сүрөттүн автордук укугу OFFICIAL

Кен алгачкы жолу мурдагы президент Аскар Акевдин тушунда канадалык "Камеко" компаниясына иштетүүгө берилген. Долбоордо Кыргызстандын үлүшү 66 пайыз болгон. Андан бери келишим кайра-кайра өзгөртүлүп отуруп, азыркы убакта кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 26,6 пайызга түшүп калды.

2012-2013-жылдары "Кумтөрдү" текшерген мамлекеттик комиссия аны коррупциялык долбоор деп атап, андан кыргыз тарап экологиялык жана экономикалык чоң зыян тартты деген тыянак чыгарган.

Тектеш темалар