Чек ара: Аравандагы тургундардын талабы эмне?

Ош облусунун Араван районунда Төө-Моюн айыл аймагына караган Керкидан айылынын жашоочулары Өзбекстандын чек арасын тосуп жатканына нааразы. Алар ушул жердеги кыргыз-өзбек чек ара тилкесине 10-сентябрдан бери улам чогулуп, тарашты.

Сүрөттүн автордук укугу social media

Керкидан айылынын тургуну Рашид Максутовдун айтымында өзбек тарап зым тартып жатат, мамылар буга чейин орнотулган. Жергиликтүүлөр бул жер мурда кыргыз тараптыкы болгон үчүн тосулушун каалабай жатышат.

"Керкидан көлү азыр Өзбекстанда камалып турат. Ошол жер да биздин ата-бабалардын жери болгон. Аны Өзбекстанга суу сактагыч кылып өткөрүп беришкен. Азыр эми суунун изи калган жерди тосуп жатышат. Эреже боюнча суунун изи калган жерди тосо алышпайт", - деди Би-Би-Сиге Рашид Максутов.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Керкидан, Эсен деген айылдар кошулуп бир нече айылдын илгерки жайыты, айдоосу Өзбекстан тарапка өтүп калды.

"Булар эми чек арасын катуу бекемдеп жатат. Бул биздин жерлер болгон деп эл нааразыбыз. Чек араны өздөрү жактан тоссун. Ортобуздагы көлдүн бир жээгинен экинчи жээгине зым тартып кетишсин. Берки бети Кыргызстанга калыш керек. Маалыматыбыз боюнча алар 412 гектар жерди басып алып турушат", -деп кошумчалады Керкидан айылынын тургуну Максутов.

Араван районунун акими Курманбек Айтибаев чек арада чогулган эл жок деди:

"Баары тынч, эл чогулган жок. Эмне болуп жатат деп карап келген бирин-экин жарандар эле болуп жатат".

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, чек ара иштери боюнча комиссиянын мүчөсү Байыш Юсупов аталган жер демаркация боло элек деди Би-Би-Сиге:

"Делимитация болгон, бирок демаркация боло элек. Ал тилкелерге инженердик иштерди жасап, мамыларды коюшубуз керек. Жумушту демаркация болгондо жүргүзөбүз".

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Жергиликтүүлөр тартып алган видеодон алынган сүрөт, 10.09.2019

Чек араны тактоо боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Аламановдун айтымында, демаркация дагы эки тараптын катышуусу менен жүрүш керек, ар ким өз чек арасын өзүнчө тосо албайт.

Расмийлердин маалыматына ылайык, Керкидан суу сактагычы турган аймакты Кыргызстан Өзбекстанга 1960-жылдары жерлерди алмашканда берген. Ал учурда Кыргызстан Өзбекстандан 1041 гектар жер алмай болуп, анын 404 гектары 2017-жылы гана Аравандын Керме-Тоосунан кыргыз тарапка өттү. Мына ушундан кийин Төө-Моюндун жашоочулары Керме-Тоонун ордуна Керкиданды кайра албайсыңарбы деген талаптар менен чыгып келген.

Кыргызстан менен Өзбекстан эки жылдан бери чек араны тактоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жандандырды. 2017-жылы бул боюнча өткөөл келишимге кол коюлду. Ошол жылы эки өлкөнүн чек арасынын 15 пайыздайы такталган эмес деген маалымат жарыяланган. Чек ара иштери боюнча атайын комиссия иштеп келатат.

Би-Би-Синин өкмөттөгү өздүк булагынын билдиришинче ошол талаштуу 15 пайыздын үчтөн экиси чечилип калды.

Комиссиянын мурдагы төрагасы Саламат Аламанов кантип чечип жатышканы, тилкелерди кантип алмашып жатканы азыр жашыруун бойдон калып жатканына көңүл бурду.

"Азыр туура чечилип жатабы же жокпу табышмак боюнча калып жатат. Маалыматты эч кимге беришкен жок. Кайсы жерлер бизде калды? Биздин дагы кызыкчылыкты көздөгөн жерлерби же айла жок жерлер берилдиби? Менде ушундай ойлор бар. Андай болбосо экен деп жүрөм" , - деди Би-Би-Сиге Аламанов.

Аламанов чек араларда улам пайда болгон чыр көбүнчө чарба маселелеринен жана элде маалымат жоктугунан келип чыгарын кошумчалады. Ал ошондой эле кыргыз-өзбек чек арасынын 15 пайызы расмий түрдө такталган эмес деп таанылат деди.

Эки өлкө ортосундагы чек ара 1378 чакырым. Расмий маалыматтарда анын 1170 чакырымы такталганы айтылып жүрөт.

Тектеш темалар