Өкмөттүн маалыматтык саясаты чабалбы?

Жергиликтүү медиада Өзбекстанга Аравандан жер берилип кетти деген мааниде маалымат тарады. Бир нече күндөн кийин өкмөт айрым басылмаларга жерлерди алмашуунун чоо-жайын чечмеледи. Эксперттер өкмөт коомдук пикир жаралып калгандан кийин гана түшүндүрүү жүргөнүн белгилешүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Google Map
Image caption Жергиликтүү басылмалар колдонгон Керкидан суу сактагычынын Гуглдагы картасы

Жер берилди деген маалыматтын чоо-жайы

Өлкөдөгү маанилүү окуялар боюнча бийликтин маалымат берүү саясаты чабал жүрүп жатабы? Анын кесепеттери кандай болушу мүмкүн?

Аравандагы жергиликтүү тургундар жер алмашылганын мурдатан билген. Муну алар менен маектен түшүнсө болот.

Бул жолу өзбек тарап чек арада курулуш ишин баштаганына нааразы болуп чогулушту. Андан сырткары алар коңшу өлкөгө өткөн илгерки айдоосун, жайытын кайтарып алуу талабын азыр да билдирүүдө.

"Керкидан көлү турган жер биздин ата-бабалардын жери болгон. Аны Өзбекстанга суу сактагыч кылып өткөрүп беришкен. Азыр эми суудан бери жакты тосуп жатышат. Биз ары жактан тосуп, биздин жерди калтыргыла деп жатабыз ", - деген Би-Би-Сиге Керкидан айылынын тургуну Рашид Максутов 11-сентябрда.

Чек ара тилкесине бир нече ирет жашоочулар чогулган күндөрү өкмөт маалымат тараткан жок. Андан кийин кайрылган басылмалардын суроолоруна жооп берүү менен чектелди.

Буга чейин Ысык-Көлдөгү коруктун 16 гектар жери "Центерра Голд инк" компаниясына алдыда алтын алуу максатында берилди деген маалымат да талаштуу пикирлерди жаратты.

Өкмөт өкүлдөрү маалыматты төгүндөп, коруктан жер берилбегенин улам ар кайсы медиага түшүндүрүү менен алек болду.

Расмий маалымат фейктен бат болуш керек

Мындан улам эксперттер бийлик маанилүү окуялар тууралуу бат жана так маалымат бериш керек дешүүдө.

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Медиа жана коомчулук менен байланыш тармагындагы эксперт Гүлнура Торалиева

Медиа эксперт Гүлнура Торалиева бийликтин маалымат таратуусу ачык гана эмес, активдүү да болуш керек дейт. Анын айтымында, маалыматтын пайда болушу, кульминациясы, басаңдоосу сыяктуу бир канча жайылуу баскычы бар. Маанилүү окуялар учурунда өкмөт түшүндүрмөнү башында бербесе, аны башкаруу кыйын болуп калат. Анткени эл терс жана сенсациялуу маалыматты бат кабыл алат.

"Өкмөт салык төлөөчүлөрдүн акчасына жашайт жана ошолор үчүн иштейт. Ошондуктан биз алардан активдүү позицияны күтөбүз. Азыркы өкмөттүн позициясы менин баамымда активдүү эмес. Алар бир маалымат коомчулукка чыгып кеткенден кийин ойлонуп, реакция кылсакпы же кылбай эле койсокпу, балким өтүп кетет деп күткөндөй туюлат. Ал түшүнбөстүккө алып келет. Мисалы, азыр биз ири тендерлер эмне болду билбейбиз, Кытай компаниясы боюнча маалымат жок. Сарычат-Ээрташ коругу, "КТ Мобайл" боюнча так жооп алган жокпуз", - деди Торалиева Би-Би-Сиге.

Эксперт мындан сырткары элге берилген маалымат сапаттуу, түшүнүктүү болбой жатканын кошумчалады. Мисалы, бир жолугушуунун болуп өткөнү эмес, эмне маселе чечилгени, анын салык төлөөчүгө кандай пайдасы бар экени айтылыш керек.

Саясат таануучу Эмил Жураев да Кыргызстанда бийлик кайсы бир иш-чаранын максатын, жыйынтыгын түшүндүрбөйт.

"Чечимдер кабыл алынат, бирок эмнеге ушундай чечим кабыл алынганы, ал кимге пайдалуу экени чечмеленбейт. Бул биздин саясий маданиятыбыздабы же бюрократиянын маданиятындабы, айтор, ушундай калыптанып калган. Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү өзгөчө ушундай болуп жатат. Министрликтер, агенттиктер, президент баш болуп эл менен маңыздуу диалог түзүү биринчи кезектеги маанилүү маселе ", - деген эле Би-Би-Сиге маегинде Эмил Жороев.

Журналист Тимур Токтоналиевдин айтымында учурунда таратылган туура маалыматтын коомду аралаган жалган маалыматты алдын алууда мааниси зор:

"Мамлекеттик органдар, чиновниктер, алардын басма сөз катчылары текшерилген маалыматтарды оперативдүү түрдө жибериш керек. Калыс маалымат вакцина сыяктуу. Эгер элге чын маалымат биринчи түшсө алар кийин келген фейктерге ишенбей калат".

Сүрөттүн автордук укугу Social media
Image caption Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эсенгул уулу Чынгыз

Коомдук пикирди коомдук тармактар өзгөртүп жатат

Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эсенгул уулу Чынгыз колунда бар маалыматты бөлүшүп, күнү-түнү журналисттер менен байланышта иштеп жатышканын билдирди.

Ал коомдук тармактарда фейк аккаунттар жана айрым сайттар маалыматты өз кызыкчылыгы үчүн атайын бурмалашарын айтууда:

"Биздин белгилүү, кадыр-барктуу эле журналисттер ошо фейк аккаунттардын бурмолоосуна, белгисиз сайттардын кабарына ишенип коомдук тармактарда билдирүү жазып чыкканы эң өкүнүчтүү".

Эсенгул уулу Чынгыз азыркынын термини менен айтканда Кумтөргө, Өзбекстанга жер берилди, Нарында контейнер мектеп ачылды деген өңдүү окуялар ар тараптуу талданбай, хайпка айландырылганын белгиледи.

"Чек ара маселесине келгенде, эки мамлекеттин мамилесине тийиштүү бир жагдайларда дыкаттык менен иштеп, маалымат бериш керек. Шашып бергенде кээде техникалык ката кетет же кызматкер жаңылышып калышы мүмкүн. Ошондуктан биз маалыматты тактап, ылгап жана таразалап туруп беребиз. Ал эми ички ар кандай маселелер боюнча билдирүүлөрдү ыкчам эле таратып жатабыз", - деди Би-Би-Сиге Эсенгул уулу Чынгыз.

Маалыматтын элге жетишинде азыркы күнү интернет менен коомдук тармактын орду чоң. Эксперт Торалиева ошондуктан расмийлер тиги же бул окуя боюнча коомдук тармакта ыкчам билдирүү жазып туруш керек дейт.

Туура эмес коомдук пикир жаралбаш үчүн маалымат боштугу толтурулуш керек дешет адистер.

Тектеш темалар