Жапончо тазалык: көчө шыпыргычы, таштанды челеги жок өлкө

Жапонияда жашап калсаңыз, тазалыкка абдан маани берген жашоо ыгына бат эле көнөсүз. Бирок бул жерде көчө шыпыргандар, таштанды үчүн атайын челектер жок. Анда эмне үчүн Жапония дүйнөдөгү эң таза өлкө?

Улица японского древнего города Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Класста окуучулар сабак бүтөрү менен үйүнө учуп жөнөчүдөй болуп сумкелерин алдына даяр кармап олтурушат. Узакка созулган сабактардан кийин (50 минутадан жети сабак) окуучулардын абалы ушундай эле болсо керек. Бирок эртеңки күндүн пландары тууралуу айтып жаткан мугалимдин сөзүн кунт коюп угушту.

Соңунда салтка айлангандай эле окуучуларга тапшырма берилди: "Эмесе, бүгүн биринчи, экинчи катардагылар класстты жыйнайсыңар. Үчүнчү, төртүнчү катар коридор менен тепкичти жуугула. Акыркы катар даараткананы тазалагыла".

Бешинчи катардагылар арасында оор үшкүрүк чыкканы менен баары ордунан туруп, шкафтан чакаларын, шыпыргы жана башкаларды ала башташты.

Мындай көрүнүш Жапониядагы ар бир мектепте күн сайын кайталанат. Алгачкы жолу бул өлкөгө келгенде тазалыгын көрүп оозуң ачылары турган кеп. Анан барып таштанды челек жок экенин аңдайсың. Көчө шыпыргандар дагы көзүңө урунбайт.

Жооп жөнөкөй эле: өлкө жарандары ушундай тазалыкты өздөрү сакташат.

"Мектептеги он эки жыл ичинде башталгыч класстардан жогоркусуна чейин тазалап, жыйноо сабак катары күнүмдүк окуу жадыбалына киргизилет",-дейт өкмөт өкүлү Маико Аване.

Жапонияда жашап калсаңыз, тазалыкка абдан маани берген жашоо ыкмасына бат эле көнөсүз Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

"Үйдө дагы ата-энелер ушундай эле эрежени карманат. Тазалыкты сактабагандык - өтө жаман адат экенин жеткиришет".

Ошентип балдардын тазалыкка, айлана чөйрөгө болгон мамилеси эс тарткандан тарта эле көкүрөгүнө кыттай уюп баштайт. Күн сайын тазалап жаткан мектебин ким эле таштандыга толтуруп, кайра булгагысы келсин.

"Айрым учурда мектептеги тазалоо иштерине моюнум жар бербей калчу. Бирок айла жок ага моюн сунат элек. Себеби, бул күндөлүк тартиптин бири саналат. Менимче мектептеги мындай аракет өтө пайдалуу. Анткени биз өзүбүз колдонуп жаткан жердин тазалыгы үчүн жоопкерчиликти алганды үйрөнүшүбүз керек",-дейт котормочу болуп иштеген Чика Хаяси.

Балдар улам эр жеткен сайын алардын тазалыкка болгон жоопкерчилиги дагы, аймагы дагы кеңейе берет. Алды менен өзүнүн кварталы, андан соң шаар, анан бүтүндөй өлкө.

Балдар улам эр жеткен сайын алардын тазалыкка болгон жоопкерчилиги дагы, аймагы дагы кеңейе берет Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Балдар улам эр жеткен сайын алардын тазалыкка болгон жоопкерчилиги дагы, аймагы дагы кеңейе берет

Жапон футбол күйөрмандарын эстесеңер. Алар дүйнө чемпионаттарында стадиондогу өздөрү олтурган жайды тазалап кетишкен.

Жапон футболчулары кийинүүчү жайды дагы тазалап, иреттеп кетишет. "Башка командалар үчүн кандай үлгү!",-деп жазган эле "Твиттер" баракчасына ФИФА координатору Присцилла Янсенс.

Жапондордун күнүмдүк жашоосуна байкоо салсаңыз, алардын социалдык жоопкерчилигине таң каласыз. Маселен, эрте мененки 8ден тарта офис кызматкерлери, дүкөндө иштегендер өздөрүнө жакын жердеги көчөлөрдү тазалашат. Балдар болсо ай сайын өткөн ишембиликтерге активдүү катышып турат. Тазалаганга эч нерсе калбай калса деле чогулуп, ишембилик өткөрүү салт болуп калган.

Алар көзгө көрүнбөгөн бактерия жана микробдорго чейин маани беришип, ошондон сактанууга аракет кылышат. Айталы, тумоолоп калса сөзсүз медициналык бет кап кийип, вирусту таратпоого аракет кылышат.

Жапондордун тазалыгы мурдатан канына сиңген адат Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жапондордун тазалыгы мурдатан канына сиңген адат

Жапондордун тазалыгы мурдатан канына сиңген адат. 1600-жылы жапон жерине алгачкылардан болуп буту баскан саякатчы Уилл Адамс алардын тазалыгына баа берген.

Жайлс Милтон анын өмүр баяны тууралуу жазып жатып, "Адамс алардын ушунчалык тазалыкка маани бере турганын өзгөчө белгилегенин" жазат. Даараткана жана канализациясы үлгү боло тургандай деп айткан экен. Ал маалда англиялык шаарларда тазалык чоң маселе эле.

Жапондор европалыктардын өздөрүнүн гигиенасына маани бербегенин көрүп таң калышкан экен. Мындай мамиленин өлкөнүн табияты менен дагы байланышы бар. Жапониядагы ысык жана нымдуу климатта азык-түлүк бат эле бузулат. Бактерия көбөйүп, вирустар тарайт. Ошондуктан гигиенанын эрежелерин сактоо - ден соолук үчүн өтө маанилүү.

Тазалык - буддизмдеги өзгөчө түшүнүк Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Тазалык - буддизмдеги өзгөчө түшүнүк

Андан ары тереңдесек, тазалык - буддизмдеги маанилүү түшүнүк. Бул дин Жапонияга VI-VIII кылымдар аралыгында Кытай менен Кореядан тараган.

Күн сайын сүкүт чалып, "кирди тазалоо" үчүн руханий жана физикалык көнүгүүлөрүн аткарышат.

Башында айтып өткөндөй, эгерде Жапонияда жашап калсаңыз, тазалыкка абдан маани берген жашоо ыкмасына бат эле көнөсүз. Кишилердин алдында какырынып-түкүрүнбөй, дүкөн, офистерде колду таза кармаш үчүн коюлган атайын каражаттарды колдонуп каласыз. Үйүңүздөгү таштандыны 10 категорияга бөлуп иреттейсиң.

Жапондор бала кезден тазалыкка үйрөтүшөт Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Жапондор бала кезден тазалыкка үйрөтүшөт

Кийин өзүңүн өлкөңө кайра келгенде, бет алдыңызда чүчкүрүп-бышкырган кишилерди, төгүлүп чачылган таштандыларды көргөндө, шок абалында болсоңуз керек.

Бирок үмүт үзбөңүз. Покемон, суши жана камералуу телефондор деле дүйнөгө бат эле тарап кеткен жок да. (AbA)

Макала айрым кыскартуулар менен берилди. Түп нускасын англис тилинде BBC Travel сайтынан окуңуздар.

Тектеш темалар