Ташкентте Борбордук Азиянын лидерлери чогулду

Борбордук Азия лидерлеринин экинчи саммити Сүрөттүн автордук укугу president.uz

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчылары Ɵзбекстандын баш калаасында кезектеги кеңешме саммитке чогулду.

"Саммиттин күн тартибинде саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-коммуникациялык жана маданий-гуманитардык тармактагы регионалдык кызматташтык маселелери турат",-деп айтылат Ɵзбекстандын президентинин басма сөз кызматы тараткан кабарда.

Эң кызыгы саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев келбей эле, бул өлкөнүн биринчи биринчи президенти Нурсултан Назарбаев катышып жатат.

Сүрөттүн автордук укугу president.uz
Image caption Нурсултан Назарбаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын кеңешме жыйынынын ардактуу төрагасы болуп шайланды

Эксперттер ансыз деле бул саммит Назарбаевсиз өтпөйт го деп болжоп жатышкан. Анткени Назарбаев дагы убагында регионалдык интеграция маселесинде демилгелерди көтөрүп, биринчи болууга умтулуп келгени белгилүү.

Борбордук Азия лидерлеринин башчыларынын кеңешме саммити өткөн жылы мартта Нур-Султанда болгон. Андагы жыйынга Түркмөнстан президенти Бердимухамедов келген эмес.

Региондогу өлкөлөрдүн башчыларынын өзүнчө бейформал жолугушуусу жөнүндө Ɵзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 2017-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында биринчи болуп демилге көтөргөн.

Ошондуктан эксперттер Борбордук Азиянын интеграциялык процессинде Казакстан менен Ɵзбекстандын лидерлик атаандаштыгы жөнүндө сөз кылып жатышат.

"Бул жерде интеграциялык процесстин лидери ким болот деген маселе турат. Мирзиёев президент болгондон кийин Ɵзбекстандын тышкы саясаты өзгөрүп жатат. Ислам Каримовдун убагында мамлекет аралык союздарга келгенде консервативдүү мамиле болуп келгени белгилүү. Ал эми Шавкат Мирзиеёвдин позициясы таптакыр башкача, ал өзүнүн республикасын регионалдык интеграцияга активдүү кошконго умтулуп жатат. Бул жерде эң биринчи экономикалык кызыкчылык жатат. Ошол эле убакта Казакстан дагы бул процессте алдыда болгонго аракет кылып келген. Ошол себептүү бул жерде анчалык ачык көрүнбөсө дагы региондогу лидерлик үчүн Нур-Султан менен Ташкенттин ортосунда кызыкчылыктардын кагылышы болуп жаткансыйт",-деди Бишкектеги "Пикир" эксперттер клубунун жетекчиси Игорь Шестаков.

Сүрөттүн автордук укугу president.uz
Image caption Түркмөн президенти Бердимухамедовду Ташкентте Өзбекстан илимдер академиясынын ардактуу академиги кылып, көңүлүн алышты.

Көпчүлүк эксперттердин баамында бул региондо Россиянын таасири күчтүү бойдон калууда. Россия Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бүт баарынын стратегиялык союздашы жана өнөктөшү болуп саналат. Ошондуктан регионалдык интеграция көпкө чейин Кремлге кылчактаган режимде болбой койбойт дешет.

Күн тартибиндеги маселелердин ичинен биринчи кезекте транспорттук-логистикалык стратегия маанилүү болуп саналат. Ɵзбекстандын президенти Казакстанда болгон саммитте сүйлөгөн сөзүндө Борбордук Азияны дүйнөлүк деңиз порттору жана чоң рыноктор менен байланыштырган транспорттук долбоорлор керектигин баса белгилеген болчу. Мирзиёевдин пикири боюнча Улуу жибек жолунун борборунда жайгашкан региондун геостратегиялык орду анын чоң транспорттук-транзиттик потенциалын көрсөтүп турат. Ɵзбекстан президенти транспорттук коридор маселеси боюнча Ташкентте эл аралык чоң конференция өткөрүү жөнүндө демилге көтөргөнү белгилүү.

Ошол эле убакта бул региондогу өлкөлөрдүн ортосунда толук чечилбей келаткан чек ара, суу-энергетикалык дагы маселелер көп жылдан бери келатат. (КС)

Тектеш темалар