Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди

Памирдеги этникалык кыргыздар Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg

Ооганстандагы Кичи жана Улуу Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздарга Кыргызстандан гуманитардык жардам жеткирилгенин кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Гуманитардык экспедиция памирлик кыргыздарга азык-түлүк, жылуу кийим-кече, жылытуу мештери, дары-дармек, медициналык буюмдар жана башка эң керектүү болгон товарларды жеткирди. Бул үчүн Кыргызстандын Өкмөтү 5 млн сом бөлгөн. Жалпы жүктүн салмагы 70 тоннаны түздү.

Гуманитардык экспедициянын курамындагы медицина кызматкерлери андагы элди медициналык кароодон өткөрүп, төрөт кабыл алып жана катуу ооруп жаткандарга шашылыш жардамдарды көрсөтүштү.

Мындан тышкары гуманитардык экспедициянын мүчөлөрү Кичи жана Улуу Памирдин тургундары менен жолугушуу өткөрүп, анда Кыргыз Республикасынын аймагынан балдарына билим берүү маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап бул маселеге жардам берүүгө даяр экендиктерин билдирген.

Сүрөттүн автордук укугу Gov.kg

Памирлик кыргыздар Кыргызстандын бийлигине жана элине колдоо көрсөткөнү жана берген жардам үчүн ыраазылык билдиришти.

Экспедициянын мүчөлөрүн Ооганстандын тышкы иштер министрлигинин, миграциялык кызматтын, Бадахшан провинциясынын жана Вахан районунун администрациясынын өкүлдөрү жана Ооганстанстандагы премьер-министринин этникалык кыргыздар маселеси боюнча кеңешчиси Ажи Махмуд тосуп алды.

Тектеш темалар