Аскар Акаев: Ошол иште чоң ката кеткен экен...

Кыргызстанда 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленүүдө. Бул күнү оту өчпөгөн отузунчу жылдардагы кандуу репрессиянын курмандыгы болгондор да эскерилет.

1991-жылы Бишкектен анча алыс эмес Чоң-Таш айылындагы кыш заводунун эски мешинен ондогон кишинин сөөгү табылып, бул кабар мурдагы СССРге мүчө мамлекеттерге көз ачып жумганча тараган. Жарым кылымдан ашуун дайын-дареги чыкпай келген бир катар мамлекеттик ишмерлердин сөөгү күтүүсүз бир чуңкурдан табылган эле.

Алардын катарында Кыргызстандын 20-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик жана коомдук ишмерлери - Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Эркинбек Эсенаманов, Мурат Салихов, Иманаалы Айдарбеков, Касым Тыныстанов сындуу чыгаандардын сөөгү да табылган эле. Дал ушул улуу сырдын бетин ошол кандуу окуядан түз кабары болгон Бүбүйра Кыдыралиева, КГБнын ошол кездеги офицери (капитан) Болот Абдрахманов жана археолог Михаил Иванович Москалевдор ачкан эле.

Коомчулукта тилекке каршы ушул үч адамдын эмгеги татыктуу баасын албай, унутта калды деген пикир байма-бай айтылып келе жатат. Би-Би-Си Аскар Акаев менен дал ушул темада маек курду.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар