Мэрия думуккан Бишкекте 800 000 сомго салют аттырат

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Шаарда аба кирдеп жатканына кабатыр активисттер жаңы жыл тосуу убагында жардыргыч колдонбоо чакырыктары менен акция да өткөрүштү

Бишкекте аба булганыч болуп жатканы жөнүндө талкуулар басылчу түрү жок. Айрым пульмонолог дарыгерлер тамеки чеккендер арасында гана кездешет деген дем алуу органдарынын оорулары эзели чылым чекпегендерден да чыгып жатканын айтууда.

Аба ушундай булганыч болуп жатса жаңы жылдык жардыргыч заттардын кереги жок, алар абаны түтүн эле эмес, химиялык уу заттар менен булгайт деп кабатыр болгондор да жок эмес.

Адатта жаңы жылдын алдында базарларда жардыргыч, түтөткүчтөрдү түрү менен сатып башташат эмеспи, ошондуктан базарга жөнөдүм.

Image caption Ош базардагы желим балатылар

"Мурда салютту түрлөп сатчу элек. Үч-төрт жылдан бери тыюу салынып, сатканды токтоттук. Азыр эки күн кыдырсаңыз да базардан таба албайсыз. Мурда бул жерде дүңүнөн салют саткандар да жардыргычты сатыктан алып салган. Негизи кирешеси дурус эле болчу. Бирок, эл аны түшүнүп калды. Көз ачып-жумганча эле очойгон акча кытайга кетип калат экен дешип, сатып албай, сурабай да калды. Азыр салютка кардар да жок. Негизи өзүм сатылышына да, атылышына да каршымын",-дейт базардагы соодагер Эркингүл.

Бир эле сатуучунун айтканына ишенип албайын деп майда-барат саткан дагы башка катарды да кыдырып чыктым. Чындап эле бир да сатуучудан нур чачкыч (фейерверк) таба алган жокмун. Бирок, алардын бири так ошол жаңы жыл деген күнү чоочун эле кишилер базардын ар кайсы бурчуна, көчө боюна тура калып сатарын айтып берди.

Базардан чыгып, жалаң жардыргыч заттарды саткан кытай ишкерлеринин дүкөнү делген жайлардын бирине баш бактым. Кардар көрүнбөйт. Сатуучусу суроолорума кыска эле жооп берди.

Image caption Көчө аралап шаар тургундарынан салют аттыруу жөнүндө сурамжыладым. Сүйлөшүп алгандай, сурамжылоого катышкандардын баары салюттун кереги жок дешти.

Анын айтканына караганда, асманга бийик атылып, жарк эте түшкөн салюттарды, жаш балдар "фонтанчик" деп аталган жардыргычтын түрүн көбүрөөк алышат экен. Кардарлардын жоон тобу декабрдын соңку күндөрү агылып келет экен. Бул компания кардардын азайып же көбөйгөнүн азырынча байкай элек.

Андан соң көчө аралап шаар тургундарынан салют аттыруу жөнүндө сурамжыладым. Сүйлөшүп алгандай, сурамжылоого катышкандардын баары салюттун кереги жок дешти. Жоопторуна караганда жардыргыч заттардын абага зыянынан мурун баасы, ага корогон каражат маанилүүдөй. Айрымдары Казакстанда он беш бала так ушул салюттан көзү көрбөй калганын кеп кылды.

Image caption Оюнчук беткап

Шаарда аба кирдеп жатканына кабатыр активисттер жаңы жыл тосуу убагында жардыргыч колдонбоо чакырыктары менен акция да өткөрүштү.

Баса, шаарлыктарга жакшы маанай тартуулоо үчүн Бишкек мэриясы борбордук аянтка көз жоосун алган балаты орнотту. Майрам жасалга жана концерт менен эле чектелеби же салют шоусу да көрсөтүлөбү деп сурап, мэрияга кайрылдым.

"Быйыл алты мүнөткө созулган салют аттыруу аземи болот. Мэрия ал үчүн 800 000 сом каражат сарптады. Бул боюнча буга чейин эле тендер өтүп, жеңүүчүсү аныкталып калган соң андан баш тартууга мүмкүн болбой калды",- дейт калаа башчысынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова.

Муну да окуңуз:

Бишкек аба кир, беткап кийүү керек деген кабатыр ой менен кышты тосту. Кыязы жаңы жылдык салют үчүн айрымдар мэрияны айыптоо менен жаңы жылды тоскону калды окшойт.

Тема боюнча башка макалалар