Ат-Башыны "аралаган" каңырыш кеп кайдан чыкты?

Ат-Башыдагы индустриалык-соода-логистикалык борбор курулат делген жер Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Ат-Башыдагы индустриалык-соода-логистикалык борбор курулат делген жер

Ат-Башы районуна курулат деген индустриалык-соода-логистикалык борбордун айланасында талкуу кызыды. Кээ бир жергиликтүү тургундар логистикалык борбор райондун ичкери жагына эмес, чек ара тушка курулсун, антпесе кытайлар каптап кетет деген сыяктуу талаптарды коюп жатышат. Буга чейин 200 гектарга чукул жер кытайга берилип кетиптир деген сөздөр тараган эле.

Ат-Башыда жергиликтүү бир нече тургундун катышуусунда жыйын болуп, ага райондун акими Жакыпбек Субакожоев, Нарын эркин экономикалык аймагынын жетекчилиги жана активисттер келишкен.

Жыйын талаш-тартыш менен өтүп, жергиликтүү бир нече тургун "жер кытайлыктарга сатылып кетиптир, курулушка, логистика борборуна жалаң кытайлар ишке алынат экен, эмнеге так эле Торугарттын өзүнө салынбайт" деген сыяктуу суроолорду беришкен.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Ат-Башы районуна курулат деген индустриалык-соода-логистикалык борбордун макети

Алар район акими Жакыпбек Субакожоевдин кээ бир жоопторун толук кулак салып угушкан жок.

Жыйынга катышкандардын бири, Ат-Башы айылдык кеңешинин төрагасы Турат Ыдырысов Би-Би-Сиге буларды айтып берди:

"Whatsapp группалар ачылып, анда аябай талаш-тартыштар жүрүп жаткан экен. Биз ошол группаларда эле чуру-чуу түшө бербей, бетме-бет олтуруп, чын-бышыгына жетели деп атайын жыйынга бардык. Жерди берип салыптыр деген маалымат тарап кеткен. Ал боюнча документтеринен бери көрсөтүп беришти. Эмнеге так эле Торугартка курулбайт дегендерге да жооп берилди. Эгер сиз Торугартты көрсөңүз анда билесиз. Климаты абдан катаал, түтөк бар. Эч нерсеси жок жерде кантип логистикалык борбор өнүгөт? Ошонун баарын эске алып, өкмөттүк деңэгээлдеги атайын комиссия иштеп, эң ынгайлуу ушул жер болот, бул жерге жүрөк оорулуу адам келсе да коопсуз деп азыркы жерге токтолушкан экен. Бетме-бет жыйындан соң нааразы болгондордун көбү баштагы пикиринен кайтып, маалыматтын чын-бышыгын билишти".

Өкмөт бул логистикалык борбор облустун өнүгүүсү үчүн абдан зарыл экенин айтып, негизи жок маалыматтарга ишенбөөгө чакырууда. Борбор кирешенин булагы болоорун өкмөт баса белгилеп келе жатат.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Индустриалык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салган маал

"Инвестор бул долбоор үчүн 280 миллион доллардын тегерегинде инвестиция жумшайт. Күн жылымдаса эле ал жерде жеңил конструкция жана темир түзүмдөр менен курулуш иши башталат. Курулушка негизги жумушчу күчүнүн баары ошол жергиликтүү элден алынат. Өкмөттүн да талабы ошол. Эгер Ат-Башы районундагы жумушчулардын саны аздык кылса, анда облустан алынат. Курулуш иши аяктаган соң атайын окутуу өткөрүп, анан жумушчуларды тандап алышат. Кыргызстандын жарандары гана алынат. Ал жер Нарын эркин экономикалык аймагынын жери. Суу, канализация сыяктуу эч бир шарты жок. Мурда жайыт жер болгон экен. Какыраган эле жер. Бул мамлекеттин жери болсо, аны кантип Кытайга берип салмак эле? Туура эмес маалымат",- деди Би-Би-Сиге вице-премьер-министр Замирбек Аскаров.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, логистикалык борбордун курулушу масштабдуу долбоор. Ал Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борбордун бири болот деп айткан эле. Логистикалык борбордун курулушу менен бери дегенде 10 миң жумуш оруну түзүлүп, бул орундун 90 пайызы Кыргызстандын жарандарына бериле тургандыгын айткан.

Инвесторлордун айтымында, долбоордун алгачкы этабы жаз алды менен башталып, 2020-жылдын август айларында аяктап, ишке кирет. Индустриалык-соода-логистикалык комплекс логистикалык, соода жана индустриалык аймактардан турат.

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар