Гарри менен Меган Канадада жашагысы келет. Бирок алардын чыгымын ким көтөрөт?

Гарри менен Меган Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Сассек герцогу менен герцогинясы королдуктагы иштерди жыйыштырып, жарым убактысын Канадада жашай турган болушту. Канаданын премьери өзүнүн эли буга кубанычта экенин айтууда. Бирок, бул кубанычтын акысын ким төлөйт, британдык Гарри менен америкалык Меган кандай мыйзамдык негизде Канадада жашайт деген чечилбеген маселелер бар.

"Менин оюмча, канадалыктардын көбү королдук үй-бүлө мүчөлөрү бизде жашап жатканына жакшы карайт",-деди дүйшөмбүдө Канаданын премьер-министри Джастин Трюдо.

"Бирок бул кандай болот жана кайсы чыгымдарды талап кылат - бул боюнча дагы көп сөз болот".

Канадалыктарды тынчсыздандырган суроонун бири - Гарри менен анын жубайын кайтарган сакчыларга ким төлөй турганы тууралуу болууда. Канадалык чоң гезит болсо Гарри менен Мегандын бул өлкөнү туруктуу байырлашына уруксат бербеш керек деп жатат.

Сакчыларга канча акча керек?

Сассек герцогу менен герцогинясы королдук казынадан акча алуудан баш тартышты, бирок бул алардын коопсуздугуна каралган акчага тийиштүү эмес болуш керек.

Королдук үй-бүлөнүн мүчөлөрүн британдык полиция кайтарат, алардын иши бюджеттен өзүнчө төлөнөт, жылына 100 млн фунт кетет.

Канадалык гезиттер Гарри менен Мегандын, алардын баласы Арчини кайтарууга болжол менен 1,3 млн доллар керек деп жатат.

"Коопсуздук маанилүү маселе. Гарри эч ким билбеген жөнөкөй адамдын жашоосун баштай албайт. Ал королдук үй-бүлөдө төрөлгөн, ошондуктан өмүр бою террористтердин бутасы болот",-деди дүйшөмбүдө Би-Би-Сиге публицист Кейт Молтби.

Сүрөттүн автордук укугу PA Media
Image caption Мындан беш мурда премьер-министр Джастин Трюдо королева менен жолугуп жатканда бир убакта британдык канзааданын үй-бүлөсү менен Канадага көчүп барары жөнүндө ой анын капарына да келбесе керек

"Кана документиңиз? "

Көп канадалыктарды кызыктырган дагы бир суроо Гарри менен Мегандын Канадада кандай мыйзамдык негизде жашай турганы жөнүндө.

Британия менен АКШнын жарандары Канадада жарым жылдан бир жылга чейин конокто жүрө алышат, бирок көчүп келип жашаш үчүн өзүнчө уруксат керек.

Бул, албетте, оңой эле чечиле турган маселе. Бул уруксат документти британдык Гарри менен америкалык Меганга ички иштер министри өзүнүн бийлиги менен эле берип кое алат.

Январда Канадада өткөрүлгөн сурамжылоого катышкандардын 61% канзаада Гарри Канаданын генерал-губернатору болсун деп колдоп добуш беришкен. Британ королевасы Канадада формалдуу түрдө мамлекет башчысы болуп саналат, генерал губернатор дагы анын церемониалдык өкүлү.

Бирок бул вариантты олуттуу түрдө карап көргөндө да, коомдук турмуштан четтеп жатканын билдирген Гарринин мындай кызматты аткарышы акылга сыйбайт.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption Королдук үй-бүлө мүчөлөрүнүн сувенирдеги сүрөтттөрү кадыресе көрүнүш.

Канадалык Globe and Mail гезити премьердин жана 60% мекендештеринин пикирине кошулбайт.

"Принц Гарри менен Мегандын Канадага көчүп келип жашоо жана ошол эле убакта королдук үй-бүлөнүн мүчөсү болуп кала бере турганы жөнүндө билдирүүлөргө жана пландарына Трюдонун өкмөтү "жок" деп так жооп айтыш керек",-деп айтылат редакциялык макалада.

Газетанын жүйөөсүнө караганда, Канаданын конституциялык системасында жана саясий маданиятында британдык монарх виртуалдуу түрдө гана катышат, байланыш анын церемониялык генерал-губернатору аркылуу жүрөт. Королдук үй-бүлө мүчөлөрүн факты жүзүндө көчүрүп келүү бул татаал конструкцияны бузуп коюшу мүмкүн. Канада сыртынан британдык монарх менен байланышта болгон менен иш жүзүндө ал абсолюттуу түрдө көз каранды эмес мамлекет. (КС)

Тектеш темалар