“Путин өзүнүн проблемасын чечип баштады”. Орус бийлигиндеги өзгөрүүлөр эмнени билдирет?

Путин Федерация кеңешине жылыдк кайрылуу сөз менен чыгып сүйлөдү, 15-январь Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Орусияда Путиндин жылдык кайрылуу сөзүнөн кийин Өкмөттүн дароо отставкага кетиши батыш эксперттери үчүн эч күтүлбөгөн сюрприз болуп калды.

"Путин өзүнүн планын эч билдирген жок. Анын ордуна ал Пандоранын жашигин ачып берди, анда толтура вариант жатат. Бул жагдай саясий элитаны тең салмак абалдан чыгарып, Путинге аксак өрдөк болуп калбай, бүт өлкөнүн өзөгү болгонго жардам берет",-дейт New York Times гезитинин москвалык кабарчысы.

Орусиянын саясий турмушундагы окуялар - жакшы ойлонулган эле эмес, күтүлгөн стратегия болчу дейт доктор Сэм Грин, Лондондогу Кингз-Колледждин алдындагы Орусия институтунун директору.

"Койлор аман, карышкырлар ток боло турган бийликтин жаңы формациясын издейт деп болжоп келатканбыз. Кыязы, конституциялык мүмкүнчүлүк жок экенине карабай, азыркы президенттин ролун сактап калыш керек болуп жатат. Демек, бул кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушу керек".

Ошол эле убакта бул эмнеге алып келерин эч ким билбейт, дейт профессор. Толтура суроо болуп жатат, алардын жообу жок. Практика жүзүндө премьер кандай дайындалат, президент менен Федерация Кеңеши, губернаторлор кандай иштейт, Мамлекеттик кеңештин ролу менен курамы кандай болот?

"Путин өзүн коргоп жатат"

Тони Брентон 2004-2008-жылдары Улуу Британиянын Орусиядагы элчиси болуп иштеген, азыр да Москвада. Би-Би-Синин журналисттери ага байланышканда телевизордогу жаңылыктардан көз албай отуруптур.

"Албетте, Путиндин проблемалары бар. Экономикалык чаралар анын өкмөтүнүн беделин түшүрдү. Анын өзүнүн да жеке проблемасы бар, 2024-жылы президенттик мөөнөт бүткөндөн кийинки тагдыры. Азыр биз көрүп жаткан өзгөрүүлөр, менин пикиримче, ушул проблемаларды Путин чечип баштаганын билдирет. Ал жасаган билдирүүлөр боюнча бийликтин бир бөлүгү парламент менен мамлекеттик кеңешке өтөт. Ошол эле убакта Путин өзүнүн саясий тагдырына көзөмөл кыла алгандай ролду алгысы келип жатат. Анткени, анын бир аракети - Беларусь менен союздаш мамлекет түзүү аракети соңку апталарда жыдый баштагандай",-деди Брентон.

Брентон азыр Путин көрүп жаткан аракеттер президенттик мөөнөт бүткөндөн кийин анын өзүн коргоо үчүн болуп жатат деп ишенет.

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images
Image caption "Медведев Путиндин көлөкөсүнөн такыр чыккан жок", дейт "Гардиан" гезити.

Медведевге келсек, экс-элчинин айтымында, премьер-министр Путинге дайыма ак ниет кызмат кылып келди. Путиндин кайрылуусунан кийин Медведевдин билдирүүсү дароо болгону алардын эриш-аркак аракети сакталып турганын билдирет. Медведевге бериле турган жаңы роль, балким, ылдыйлоо болбойт, дейт Брентон.

New York Times ошондой эле Путин менен Медведев мурда дагы өздөрүнүн кадамдарын сүйлөшүп жасап келгенин белгилейт. Медведев президенттик кызматты ээлеп, Путин бир мөөнөткө премьер болгон учур жөнүндө айтылып жатат.

Мамлекеттик кеңеш деген эмне?

Франциянын Le Monde гезити Путиндин соңку жүрүштөрүн Казакстандын тунгуч президенти Назарбаевдин бийликтен кетишине окшош абал деп мүнөздөдү.

"Мурда белгилүү болбогон Мамлекеттик кеңештин ыйгарым укуктарын күчөтүү көп суроолорду жаратат. Бул Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин 2019-жылы президенттиктен кеткенин эске салат. Ал Улуттук коопсуздук кеңешинин төрагасы катары саясий аренада өзүнүн ролун сактал калды",-деп жазат Le Monde.

Путиндин негизги максаты "келечекте бийликке келе турган президенттин бийлигин чектөө эмес, өзүнө жакпаган чечимдерге тоскоолдук жаратуу үчүн механизмдерди киргизүү" деп жазат франциялык журналист.

Сунушталган өзгөрүүлөрдөн кийин деле Орусиянын президенти көп ыйгарым укуктарын сактап калышы мүмкүн деп болжойт Le Monde баяндамачысы.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Президент Путин кандай өзгөрүүлөрдү сунуштады?

Орусиянын лидери парламенттин эки палатасына жасаган кайрылуусунда референдум өткөрүп, президенттин колундагы ыйгарым укуктарды парламентке өткөрүп берүү сунушун айтты.

Баш мыйзамдагы реформаларда парламенттеги төмөнкү палатага (Мамлекеттик Дума) премьер-министр жана өкмөт өкүлдөрүн дайындоого "көбүрөк жоопкерчилик" берүү боюнча сунуш болду. Учурда президент премьер-министрди дайындайт, Дума болсо президенттин чечимин бекитет.

Ошондой эле Путин Мамлекеттик кеңештин ролун күчөтүү боюнча пикирин билдирди. Учурда президент Путин кеңештин төрагасы, ага Орусия Федерациясынын курамына кирген региондордун башчылары кирет. Владимир Путин Мамлекеттик кеңеши "эффективдүү" иштеп жатканын айтып келүүдө.

Дагы кандай өзгөрүүлөр сунушталды:

  • Эл аралык мыйзамдардын үстөмдүгүн азайтуу
  • Президент эки гана мөөнөт бийликте отура алат деген эрежелерди өзгөртүү
  • Мурда чет өлкөлүк жарандыгы болгон же чет мамлекетте туруктуу жашоого уруксаты бар орус жарандарынын президенттикке талапкер болушун чектеген мыйзамды күчөтүү. (КС)