З. Аскаров: Ат-Башыда Кытайга жер сатылды деген калп, ал жерде керек болсо электромобиль чогултулат

Электромобиль Сүрөттүн автордук укугу SOPA Images
Image caption Электромобиль

Нарындын Ат-Башы районуна курулат делген индустриалык-соода-логистикалык борбордун айланасындагы талкуулар күчөдү. Айрым жергиликтүү тургундар логистикалык борбор райондун ички аймагына курулушуна каршы болуп жатат. Би-Би-Си Кыргызстандын вице-премьер-министри Замирбек Аскаровду ушул маселе боюнча маекке тартты.

З. Аскаров: Ат-Башыдагы Ак-Талаа айылдык кеңешинин токтому менен индустриалдык-соода-логистикалык борбор куруу демилгеленип (ИСЛБ), облус бийлиги өкмөткө кайрылган. Натыйжада, 2017-жылы 200 гектар жерди бөлүп берүү жөнүндө өкмөттүн 771-токтому чыккан эле. Азыр элдин арасында бир топ түшүнбөстүктөр бар. Ал курула турган болсо, биздин жерди кытайлар алып коёт, бүт кытайлар келип иштейт деген туура эмес кептер чыгып жатат.

Би-Би-Си: Муну маалыматтын туура жетпей жатканы деп түшүнсөк болобу же келишимдер коомчулукка ачык көрсөтүлбөгөндөн уламбы?

З. Аскаров: Маалыматтын жетпей жатканы го деп ойлойм. Себеби, буга чейин өкмөткө бир топ кайрылуулар түшкөн. Соода-логистикалык борбор качан курулат? Биздин эл качан жумуш менен камсыз болот? Дотациядан качан чыгабыз? Нарынга көңүл бурулабы? Ушул сыяктуу кайрылуулар облус тургундарынан далай ирет келди. Өкмөт иштебей жатасыңар деген дооматтар дагы болду.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Курулат деп жаткан логистика борборунун бир бөлүгү

Би-Би-Си: Логистикалык борбор курулса, кандайдыр бир өндүрүш болобу же алып сатуу менен эле алектенеби деген да суроолор чыгууда. Эгер өндүрүш боло турган болсо, эмнени өндүрөт?

З. Аскаров: Эки компаниянын ортосунда келишим түзүлдү. 200 гектар жерди 2017-жылы бердик. Инвестор эми каражат салышы керек. 280 млн доллардын тегерегинде индустриалдык соода логистикалык борборду кура турган келишимге кол коюлду. 200 гектар жер "Нарын" эркин экономикалык аймагына бөлүнүп берилген. Нарын СЭЗ менен эки компания биригип, бир жоопкерчилиги чектелген коом ачат. Бул "Ат-Башы" атындагы кыргыз-кытай соода уюуму болот. Жер ижарага гана берилет. Иш качан башталат, качан курулуп бүтөт, кандай ишканаларды ачат деген маселени өкмөт дыкат көзөмөлдөп жатабыз. Кытай басып кетет деген жалган. Миграция боюнча КРдын өзүнүн мыйзамы бар. Өкмөт квотаны өзү бөлөт. Өткөн жылы 8990 квота бөлүнүп берилген. Бул квоталар бир эле жылга берилет. Экинчи жылы аны узартабызбы, же жокпу өкмөт чечет. Ушунун өзү да кытайлар басып кетет дегенди жокко чыгарат. Экинчиден, ошол эле мыйзамдын негизинде кандайдыр бир биргелешкен ишканалар ачыла турган болсо, анын 20 пайыздан ашпаганы гана чет элдик жумушчулар, 80 пайыздан кем эмеси жергиликтүү жарандар болуш керек. ММКга чыккан туура эмес айрым маалыматтардан кийин, инвестордун өзү менен да сүйлөшүүгө туура келди. Өкмөт бул ишке аралашпаш керек. Алар айтып жатат керек болсо 20 эмес, 10 гана пайыз менен чектесек болот деп жатышат. Демек, адистерди окута турган гана персоналдар келет. Адегенде жумушчулар Ат-Башы районунан алынат. Ал жетпесе облустан, ал да аздык кылса анда башка облустардан тартылат.

Сүрөттүн автордук укугу FREDERIC J. BROWN/AFP/GETTY IMAGES
Image caption Ат-Башыдагы топоз

Би-Би-Си: Суроодон бир аз четтеп кеттик. Так айтканда, ошол жерде эмне өндүрүлөт?

З. Аскаров: Биринчиден, азыр булар Huawei компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Кадимки эле смартфондордун экранын, айнегин чыгара турган өндүрүш болот деп жатат. Экинчиси, бул кесме чыгаруучу ишкана болот. Үчүнчүсү, азыр эң актуалдуу болуп жаткан электрондук автомобилдерди ошол жерде топтоп чыгара турган ишканаларды ачабыз деп жатат. Азыр алар атактуу ишканалар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Эми мен бир нерсени тактап айтайын Ю Ин деген мырза өзү кытай жараны экен. Кытайдагы чоң корпорациянын жетекчиси. Казакстандагы "Хоргосту" кургандардын бири. Андан сырткары, Казакстан, Белорусия, Орусия, Өзбекстанга барып, логистикалык борборлорду анализ кылып , көрүп келишти. Максат биздин Ат-Башыга курула турган логистика борборун биз санап өткөн өлкөлөрдүкүнөн мыкты кылуу.

Сүрөттүн автордук укугу Zhang Peng
Image caption Электр унааны кубатоочу жабдуулар

Би-Би-Си: Мына өндүрүш боюнча абдан алгылыктуу багыттарды айттыңыз, ошол эле телефондун айнектери, электромобиль жөнүндө. Булардын ишке ашуусу канчалык реалдуу? Сөз бойдон калып калбайбы?

З. Аскаров: Жок. Бул компания өтө олуттуу компания. Биринчиден, булар өзүнүн имиджине көлөкө түшүрүүнү жаман көрөт экен. Алар биздин социалдык тармактарда, ММКларда болуп жаткан нерселерден дагы кабардар. Бизге тынчсызданып, кайрылып жатат. Биз инвестицияны салалыбы же жокпу деген талаптарды койду. Мына, "Казакстанга кетебиз, кой Кыргызстанга болбойт экен. Булардын мыйзам чыгаруу органдары абдан кыйын экен" деген жеринен биз сүйлөшүүлөр аркылуу алып калдык. Логистика борбору курулуп кала турган болсо, 15 миңге жакын жарандарыбызга жумуш болот. Торугарттагы бажыны көргөнү барганда, атайын токтоп карадым. Сөз болуп жаткан жер тоонун боорунда экен. Суу, свет, канализация дегенден эч нерсе жок, жайдак талаа. Эми ошол жерге бир чоң шаарча, өнөр-жай, соода-логистикалык борбор куруп койсок кимге жаман?

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Индустриалык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салган маал

Би-Би-Си: Коомчулукта "келишим купуя, кандай экенин так көрө албай жатабыз" деп өкмөттү сындагандар аз эмес. Келишим эмнеге ачык жарыяланбайт же купуя болушу керек деген шарттары бар беле?

З. Аскаров: Келишим ошол Нарын СЭЗ менен кыргыз-кытай "Ат-Башы" соода-логистикалык борбор экөөнүн ортосунда түзүлгөн. Келишим ачык эле. Муну биз Нарын СЭЗге ачык жарыялап, маалымат каражаттарына бергиле деп айталы. Бул жерде эч кандай купуя сыр болбошу керек.

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Ат-Башыдагы индустриалык-соода-логистикалык борбор курулат делген жер. Өкмөт дал ушул аймакта электромобиль чыгып, смартфондордун экранын даярдалат деп жатат

Би-Би-Си: Ижарага бериле турган жердин жалпы аянты канча? Жер канча мөөнөткө ижарага берилди?

З. Аскаров: Жалпы аянты 200 гектар жер деп 2017-жылы токтом чыккан. Анын 176 гектары логистика борборуна берилет. 24 гектарына бажы инфраструктурасы курулат. Биз муну менен Кытайга кирип жана чыгып жаткан товарлардын баарын бир жерден көзөмөлгө алабыз. Коррупция жайылып кетти, Кытайдан келген товардын эсеби жок деген сын-пикирлерге бөгөт коё турган мүмкүнчүлүк. Бул жерде бажы, ветеринардык, фито-санитардык кызмат, салык кызматынын өкүлдөрү бүт баары ушул жерде болот.

Би-Би-Си: Бирок ошону менен катар эле Торугарттагы чек ара кызматы кала берет?

Сүрөттүн автордук укугу official
Image caption Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров

З. Аскаров: Ооба, кала берет. Чек ара кызматы өзүнүн чек арадагы кызматын толук түрдө бүгүнкү күндө аткарып келе жатат, мындан кийин дагы аткара берет.

Би-Би-Си: Сиз Ош шаарында вице-мэр болуп турганда азыр сөз болуп жаткан логистика борборун курат деп жаткан компания менен байланышы болгон, тендерди жеңип чыгуусуна көмөктөшкөн, жеке байланышы бар деген шектенүүлөр да айтылууда.

З. Аскаров: Эч кандай байланышым жок. Окуп алып, өзүм да таң калдым

Тектеш темалар

Тема боюнча башка макалалар