Кытайдагы коронавирустун очогу Ухань: Шаарда коомдук транспорт токтотулду

Китайский вирус

Сүрөттүн булагы, AFP

Дем алуу органдарын сезгенткен коронавирусту жүздөгөн кишилер жуктуруп алды.

Шаршембиде Кытайдын мамлекеттик телеканалы жергиликтүү бийликке шилтеме берип, саат 12:00гө карата Хубэй провинциясында 17 киши вирустан көз жумганын кабарлады. Мындан бир нече саат алдын 9 киши кайтыш болгону расмий маалымдалган эле.

Кытай бийлиги Ухандагы коомдук транспортту убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Муну инфекциянын андан ары тароосун алдын алуу чарасы катары түшүндүрдү.

Автобустар, метро, паром сыяктуу жүргүнчү ташыган транспорт түрлөрү саат 10дон баштап ишин токтотот.

Шаар тургундары үчүн аэропорттор, темир жол станциялары жабылды. Ухань шаары Бээжин менен Шанхайга салыштырмалуу өтө белгилүү болбошу мүмкүн. Бирок шаардын экономикалык жана транспорттук жактан дүйнөнүн көп өлкөлөрү менен байланышы бар, Ухандан Лондон, Париж, Дубай жана башка шаарларга түз учкан аба каттамдары бар.

Кытайдын бийлиги жарандарына эл топтошкон жерлерге жана Ухань шаарына барбоого чакырды. Шаарга барып калгандарды таштап чыгып кетпөө эскертилди.

"Негизгиси Уханга барбагыла. Ал жерде болуп калгандарды шаарды таштап чыгып кетпөөгө чакырам",-деди Кытайдын Саламаттыкты сактоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Ли Бинь.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Эпидемиянын очогу Ухан шаарындагы базар болду

Вирус каяктан пайда болду?

Жаңы вирустун булагы Ухандагы деңиз азыктары, канаттуулар, жылан, коён жана башка жаныбарлар сатылган базар болду деп эсептейт кытай бийлиги. Канаттууларды жана үй жаныбарларын сатууга тыюу салынды.

"Базарда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз саткан жерден оору тараганы бизге белгилүү болду. Вирустун алып жүрүүчүсү жаныбарлар болуп, андан адамга жугушу мүмкүн деп болжоп жатабыз",-деди Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун директору Гао Фу.

Чиновниктин айтымында, 2019-nCoV аталган вирус негизгиси аба аркылуу жугат.

"Азырынча вирустун тароо жолдорун так аныкташыбыз керек. Вирус мутация болуп, андан ары кеңири тарап, эпидемияга айлануу коркунучу бар",-деди Ли Бинь.

Эки миң ашуун киши вирусту жуктуруп алгандар менен катыштык кылганы белгилүү болду. Андан сырткары Уханда кеминде 15 медицина кызматкери бейтаптардан вирус жуктуруп алган.

(Коронавирустар[2] (лат. Coronaviridae) — киши, мышык, чымчык, ит, бодо малды, чочкону жана коендорду ооруткан вирустардын үй-бүлөсү. 2020-ж. январына коронавирустардын 2 урууга бириккен 39 түрү белгилүү. Алардын ичинен жетөөсү кишини оорутат. Алгач 1965-ж. курч ринит менен ооруган бейтаптан табылган. Караңыз: https://el-sozduk.kg)

Инфекциянын тарашы

Кытай бийлиги вирус тездик менен жайылып кетиши мүмкүн деп чочулап жатат. Анткени учурда Кытайда Жаңы жылды майрамдоо үчүн миллиондогон кишилер саякаттап жүрөт. Миңдеген кытайлыктар чет өлкөгө чыгып кетишет.

Эксперттер илдет жуктуруп алган көп кишилер катталбай дагы калышы мүмкүн деп кооптонууда. Лондондогу Империялык колледждин алдындагы Глобалдык инфекциялык оорулардын анализи борбору жүргүзгөн изилдөөдө вирусту жуктургандар саны 1700гө жетти.

Буга байланыштуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эл аралык өзгөчө кырдаал абалын жарыялашы мүмкүн. Мындай абал буга чейин эболага байланыштуу киргизилген эле.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Ухань - Кытайдагы негизги транспорт түйүнү

Ухань шаары тууралуу

Ухань - Кытайдагы негизги транспорт түйүнү. Кытайдагы жетинчи, дүйнөдөгү 42-орунда турган ири шаар. БУУнун маалыматына караганда, Уханда тогуз миллионго чукул киши жашайт. Шаар бийлиги болсо, 11 миллион тургуну бар экенин айтууда.

Шаардын чоңдугу жана өнүккөн экономикасы эмне үчүн вирус АКШга чейин жетип барганын түшүндүрүп турат.

2016-жылы Ухандагы эл аралык аэропорт 20 миллионго чукул жүргүнчүнү тейлеген. Андан бери дагы жүргүнчүлөр саны көбөйдү.

Ухань Яньцзы дарыясынын жээгиндеги шаар. Уханда көптөгөн индустриалдык аймактар жана 700 миң студент окуган 52 окуу жай бар.(AbA)