Мас абалында машина айдаган судья кызматынан алынмай болду

Судьянын ичимдик ичип алып машина айдап жүргөнүн жергиликтүү журналисттер видеого тартып чыгарышкан

Сүрөттүн булагы, Akipress

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Судьянын ичимдик ичип алып машина айдап жүргөнүн жергиликтүү журналисттер видеого тартып чыгарышкан

Жаңы жылдык корпоративден кийин мас болуп машина айдап баратып, башка бирөөнүн машинасын сүзүп алган судья кызматынан алынмай болду. КР Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясы Э. Сулайманова судьянын кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгы үчүн аны кызматтан алуу сунушун президентке жөнөттү.

"КР Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын 2020-жылдын 27-январындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын сунушу канааттандырылып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Э.М. Сулайманова тартип жоопкерчилигине тартылып, мөөнөтүнөн мурда бошотуу туурасында тартиптик жаза көрүлдү. Бул чечимдин негизинде Кыргыз Республикасынын Президентине аталган судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөтүлдү",-деп айтылат Жогорку Соттун билдирүүсүндө.

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 5-1 статьясына ылайык, судья Кыргыз Республикасынын судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден алыс болушу керек экендиги жазылган.

Э. Сулайманова жаңы жылдын алдында "Тойота" автоунаасын айдап баратып, башка бирөөнүн машинасын сүзүп алган. Жол инспекторлору жол кырсыгын териштирүү учурунда судьянын жанында тийиштүү документтери жок, ичимдик ичип алып жүргөнүн аныкташканын журналисттер видеого тартып, жарыялашкан эле. Судьянын өзү жол инспекторунун чечимин талашып, сотко арызданганы белгилүү болгон. Ошондон кийин Жогорку Сотунун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясына, судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунушу жөнөткөн. (КС)