Ишке ашпай калган импичмент: Трамп кубанычын жашырган жок

Трамп Сүрөттүн автордук укугу EPA

АКШ сенатында импичмент жарыялоо аракети ишке ашпай калгандан кийин президент Трамп кубанычын ичине катып отурган жок.

"Трамп акталды" деген баш макала менен чыккан USA Today басылмасын колуна кармап алып: "Жашоомдо көп эле жолу жаңылышканымды моюнума алышым керек...Акыркы жыйынтыгы мына",-деди ал.

АКШнын тарыхында президентке импичмент жарыялоонун үчүнчү жолку аракети ишке ашпай калды. Республикачылдар көзөмөлдөгөн сенат Дональд Трампка коюлган күнөөлөр суу кечпейт деп чечти.

Трампка бийликке жамынып кыянат ишке барган деген күнөө коюуга 48 сенатор добуш берди. 52 сенатор президенттин күнөөсү жок деп чечти. Трампка импичмент жарыялоо үчүн үчтөн эки добуш керек болчу. Импичмент үчүн бардык демократтар жана бир республикачыл добуш берди.

Конгресстин ишине тоскоолдук жөнүндө экинчи коюлган айыптоо боюнча Трампты 47 сенатор күнөөлүү деп тапты, 53 сенатор импичментке каршы болду.

Биринчи добуш берүү менен экинчинин ортосундагы айырма болгон себеби, сенатор-республикачыл Митт Ромни биринчи жолу импичментти колдоп, экинчисинде каршы добуш берди.

Ириген импичмент: АКШдагы саясий күрөштүн сабагы

Сүрөттүн автордук укугу Getty Images

Өткөн жылы сентябрда башталган импичмент процесси ишке ашпай турганын демократтардын лидерлери өздөрү эле сенаттагы угуулар баштала электе эле айтып чыгышкан.

Декабрда NBC эфиринде сүйлөп жатып сенатор Кристофер Кунс республикачылдар президентти актоонун аракет кыларына бөркүндөй ишенерин билдирген.

"Эгер Сенаттагы республикачыл көпчүлүк аны импичмент жарыялап жазалоодон баш тартса, анда ал чексиз бийликке ээ болот", -деп кабатыр болгон Кунс.

Бул кооптонууга Конгресстин спикери Нэнси Пелоси да кошулбай койгон эмес, ал соңку үч жылы катары менен партиялаштарын Трампка импичмент жарыялоо демилгесинен баш тартууга үндөп келди.

Демократтар менен республикачылдардын тарапкерлеринин ортосундагы ажырым жөнүндө өткөн жылы мартта эскертип, президентти бийликтен четтетүү "өлкө үчүн кесепеттүү" иш болот деп билдирген.

Пелоси ошондо эле бул процесстин эмне менен бүтөрүнө эч кандай иллюзияга берилген эмес окшобойбу.

Трамптын жеңиши эмнеде?

Сенаттагы добуш берүүдөн кийин АКШ президенти өзүнүн жеңишин дүңгүрөтүп жар сала турганынан демократтар күмөн санаган эмес.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Эксперттер ишке ашпай калган импичментти Трамп өзүнүн өлкөнү башкаруу стратегиясынын эффективдүүлүгүнүн далили катары көрсөтүүгө умтулбай койбойт деп белгилешүүдө.

"Биз баарыбыз президентти билебиз,- деген сенатор-демократ Дик Дарбин Вашингтондогу The Hill басылмасына. - Эгер Сенатта анын дароо отставкасы үчүн 67 добуш чыкпаса, анда ал "бөрк ал десе баш алуу" аракети болгонун айтып, өзүнүн толук акталганын билдирет".

Конгресстин спикери Нэнси Пелоси Сенаттагы добуш берүүнүн эмне менен бүтөрү эмес, импичмент жарыялоо аракети болгонунун өзү маанилүү деп бир нече жолу билдирген. Анын пикиринде, Трамп тарыхта баары бир импичмент жарыяланган үчүнчү президент катары калат жана мындан эч качан арыла албайт.

Саясий эксперттер өз кезегинде Сенаттагы добуш берүүнүн жыйынтыгын Дональд Трамп жаңы президенттик жарышка колдонууга умтулбай койбойт деп жатышат.

"Ал муну өзүнүн жеңиши деп жарыялайт, анын жактоочулары вашингтондук истеблишментке каршы чыккан чыныгы баатырга добуш берип жатканына дагы бир жолу ишенишет, -дейт Стони Брук университетинин профессору, политолог Джонатан Сандерс. - Импичмент аракети ага олку-солку болуп келген шайлоочулардын жаңы добуштарын алып келиши мүмкүн ".

Саясат адистери ишке ашпай калган импичментти АКШ президенти өзүнүн өлкөнү башкаруу стратегиясынын эффективдүүлүгүнүн далили катары көрсөтүүгө умтулбай койбойт деп белгилешүүдө.

Эл эмне дейт?

Социологдордун эсептөөсүнө караганда, Сенаттагы угуулар болуп жаткан убакта АКШнын президентинин отставкасын жактагандардын саны өстү, бирок бул өсүш жалаң гана демократтардын жактоочуларынын эсебинен болду. Ошол эле убакта FiveThirtyEight долбоорунун аналитиктери америкалыктар Сенаттагы талаш-талкууларды анчалык кунт коюп угушкан жок дешет.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

Аналитикалык порталдын маалыматтарына караганда, азыркы учурда Трампты бийликтен кетирүүнү америкалыктардын теңинен саал көбүрөөгү туура көрөт. Каршылары - сурамжылангандардын 45,2%.

Ошол эле убакта Трампка импичмент жарыялап, бийликтен кетирүүнү сурамжылоого катышкан демократтардын 84,1%, өздөрүн көз каранды эмес санаган шайлоочулардын 42,6% жана катталган республикачылардын болгону 9,4% гана колдоп жатат.

Эксперттер жакын арада бул көрсөткүчтөр өзгөрүшү да мүмкүн дешет. (КС)

Тектеш темалар