Кыргыз-орус эриш-аркак жылы: оорчулуктар, ойлор, үмүттөр

Москванын өзүндө эле кыргыздардын саны расмий эмес маалымат боюнча жүз миңден ашат Сүрөттүн автордук укугу Facebook
Image caption Москванын өзүндө эле кыргыздардын саны расмий эмес маалымат боюнча жүз миңден ашат

Кыргыз-орус эриш-аркак жылынын алкагында Жээнбековдун Орусияга болчу сапарынан кыргызстандык мигранттар көптү күтүп жатышат. Анын ичинде кыргыздардын Москвада маданий борборун ачуу, ишкерлердин соода кылуудагы кыйынчылыктарын чечүү сыяктуу маселелер бар.

2020-жыл Кыргызстан менен Орусиянын кайчылаш жылы деп белгиленген. 27-февралда президент Сооронбай Жээнбеков бул жылдын салтанаттуу ачылышына Москвага барары күтүлүүдө. Москвадагы кыргыз элчиликтин басма сөз кызматы бул күнгө карата алгачкы иш чаралар башталганын билдирди.

"Учурда элчилик «Эриш-аркак жылдын» салтанаттуу ачылышын уюштуруу тармагында кыргыз диаспоралары менен биргеликте кеңири иш алып барып атабыз. Экономикалык, маданий-гуманитардык жактан бир топ иш чаралар пландаштырылып, алардын алгачкылары өтүп жатат", - дейт элчиликтин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова.

Мекенден алыс жүргөн кыргыз мигранттарынын улуттук маданий керектөөлөрүн чечүүнү талап кылган маселелер арбын. Эң оболу Москвада кыргыздардын улуттук маданий борборуна атайын жай керек.

"Көптөгөн маданий иш чаралар өтүүдө. Арендага зал издеп калабыз,- дейт "Аян" театрынын негиздөөчүсү Айнаш Козубаева. -Бош мекемелерди издейбиз, болбой калса кезекке турабыз. Эгер Сооронбай Жээнбеков эмне каалайт элеңиз десе, ушуну айтмакмын. Мисалы, биздин театр үчүн мекеме абдан зарыл. Өткөндө бир журналист менен сүйлөшүп калдым, сиз сыяктуу. Өзүңөрдүн кеңсеңер жок болсо, демек, силер «көчө театры» экенсиңер да деген суроону узатты. Миң чычалаган менен бул чындык. Себеби, биз репетиция кылган мезгилде көп учурда сейил бактарда даярданган мезгилдерибиз болгон. Маданият тармагында президент ушул маселени чечип берсе мекенден алыс жүргөн жарандарга жакшы болмок".

Сүрөттүн автордук укугу facebook
Image caption Кыргыздар Москвадагы ар кандай улуттардын маданий иш чараларына активдүү катышып турушат

Маданияттан тышкары чечилбей келаткан экономикалык маселелер да толтура. Ишкерлер Кыргызстан Бажы биримдигине киргени Орусияга товар киргизүү оор болуп жатканын айтышат.

"Бажыдан кыйынчылыктар болуп жатпайбы тан, курут алып келгенде. Ушул боюнча жеңилдиктер каралыш керек. Алып келе турган фирма Орусиядан да фирма ачып Меркурийге киргизиш керек экен. Бирок бажы союзуна киргенден бери эле бир ай сайын сөзсүз бир көйгөй жаралат",-дейт ишкер Адылгазиев Азамат.

Орусиянын административдик мыйзамын байкабай бузуп алган мигранттар кара тизмеге кирип калганы өзүнчө бир кыжаалат маанайды жаратууда:

"Эки штраф алгандарды автоматтык түрдө өлкөдөн чыгарып жиберип жатышат. Административдик мыйзам бузуу бул биринчиден киши өлтүрүү эмес, кылмыш иши эмес. Эгер административдик айып пулду өз убагында төлөгөн болсо, ошолорду кара тизмеге киргизбей эле коюшса. Экинчиси, аймактык полициянын кыргыздар жашаган эшикти тээп кирип, бөлүмүнө алып барып кылмышкерлерге көргөн чараларды көрүүсү, таң атканча алып калышы аша чапкандык. Ушуларга көңүл бөлүп коюшса".

Кыргыз-Орус эриш-аркак жылынын алкагында боло турган эки президенттин жолугушуусуна Орусияда иштеген кыргыз мигранттардын арткан үмүтү канчалык акталар болду экен?