Коронавирус: Мекеге кичи зыярат токтотулду

Меке Сүрөттүн автордук укугу MAHMUD HAMS
Image caption Меке

Сауд Арабиясы коронавирус коркунучуна байланыштуу ажылык кичи зыяратты убактылуу токтотту. Миллиондогон адамдар топтолуучу Меке жана Мединага болчу зыяраттар вирустун жайылыш очогуна айланбайбы деген кабатыр суроо чыгууда.

Быйыл Кыргызстандан алты миң адам Мекеге зыярат кылат, бирок ага чейин эле жүздөгөн жарандар умра же кичи ажылык сапарга барып келгенге үлгүрүштү.

Буга чейин муфтиятка Сауд Арабиядан коронавируска байланыштуу ажылык маалындагы коопсуздук чаралары тууралуу инструкция келген эле.

"Анда ажылык сапарда өзүн таза алып, маска кийүү керектиги айтылат. Оорунун белгилери бар адамдарга жакын жолобоо, сүйлөшпөө керектиги айтылды. Тамактарды текшерип, этияттап жеп, башкысы колду тез-тезден жууп туруу керек деген инструкциялар келди. Бул тууралуу биз атайы сабактарды өткөрөлү деп жатабыз", -деди Би-Би-Сиге Муфтиятын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев.

Сүрөттүн автордук укугу Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Муфтиятын ажылык бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек Абдылдаев.

Ал билдиргендей, быйыл Мекеге зыярат жасайм дегендер медициналык камсыздандыруу күбөлүгүн алууга да милдеттендирилип жатат. Жыл сайын зыяратка барам дегендер менингит жана сасык тумоонун төрт түрүнө каршы вакцина алуусу милдет болуп келген. Бирок быйыл зыяратчылар алдында дагы бир оорунун коркунучу турат. Ал - коронавирус жана анын азырынча дабаасы да табыла элек.

Каныкей Бирназарова үй-бүлөсү менен чогуу Мекеге зыяратка барам деп турган чагы. Ал вирус тууралуу кабардар экенин, бирок ага көп кыжаалат эмес экенин айтып берди:

Сүрөттүн автордук укугу ATTA KENARE
Image caption Беткапчан аял, Тегеран

Коронавирус: Мекеге кичи зыярат токтотулду

"Ажылыкка биринчи жолу аттанып атабыз. Жолдошум, апабыз болуп баратабыз. Ниетибиз, даярдыгыбыз деле жакшы. Коронавирус тууралуу кыжалат деле болгонубуз жок, баары Кудайдан. Аллахка тобокел кылып эле жөнөп атабыз. Башкысы, ажылыгыбыз кабыл болсо, болду".

Кытайдан чыккан коронавирус мусулман өлкөлөрүнөн Иранда тездик менен жайылып жатат. Шийит мусулмандары үчүн ыйык эсептелген Кум жана Мешхедге келген зыяратчылар өлкөдө вирустун кенен жайылышына себепчи болгону айтылууда. Бирок Иран бийлиги сыйынуучу бул аймактарга карантин киргизүүдөн баш тартууда.

Сауд Арабияда бул вирусту алып жүргөн эки жаран бар экендиги айтылып, маалымат такталууда. Мындай шартта миллиондогон адамдарды топтогон мусулмандардын зыяраты тобокелчилик болууда.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.
Ажылык тууралуу сиз билбеген жети нерсе

"Жапонияда өтчү спорттук Олимпиада болбой калышы мүмкүн экенин ал өлкөнүн вице-президенти айтып жатат. Ажылык болсо, андан масштабы бир топ эсе чоң иш-чара. Умра боюнча деле коронавирус маселесинде жеткиликтүү чаралар болбой жатканы байкалат. Мекеда кандай гана тыгын болот, миллиондогон адам чогулган жедеги коопсуздукту сактоо деген оор нерсе. Бул ойлончу маселе", -деди Ислам илимий изилдөө институтунун директору Маметбек Мырзабаев Би-Би-Сиге.

Ал тапта Кыргызстандын саламаттыкты сактоо министрлиги да зыяратка карата медициналык-санитардык чаралар иштелип чыгарын билдирди. Учурда зыяратчыларды коштоп бара турган дарыгерлерди тандоо сынактары өтүүдө. Быйыл июлда өтчү ажылык сапарга чейин кырдаалга карап да чечимдер кабыл алынат, дешти Эмдөө борборунан:

"Азыр бул тууралуу эчтеке айта албайбыз, баары кырдаалга жараша болот. Коронавирус боюнча биздин штаб иш баштаганда оору он өлкөдо эле бар болчу, азыр 35тен ашты. Сауд Арабияда эле эки учур бар болуш керек, такталып атат", -деди Гүлбара Ишенапысова.

Бишкекте Умрага адамдарды жөнөтүүчү ондогон саякат агенттиктери бар. Алардын биринде иштеген Нурдин Ишенбердиев кечээ эле кезектеги зыяратчылар тобу Меккеге кеткенин Би-Би-Сиге билдирди:

"Коронавирус тууралуу суроолорду берип эле атышат, бирок ага басым жасашкандар деле жок. Умра дегенде деле бир жолу барчу жер, баары Кудайдан деп эле кетип атышат".

Тектеш темалар