Айтматов, Санги жана Ала-Дөбөт

Ыраакы Чыгышты байырлаган, бар болгон саны жети-сегиз миңге араң жеткен бир ууч нивх элинин атактуу жазуучусу Владимир Санги 18-мартта 85 жашка чыгууда. Анын чыгармалары СССРдин, Орусиянын сыйлыктарына арзыган, эл аралык уюмдардын сый-ургалына татыган. Ал эми кыргыз окурмандарына ал киши Чынгыз Айтматов аркылуу да тааныш.

Владимир Санги

Сүрөттүн булагы, sakhalin.info

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Нивх элинин жазуучусу Владимир Санги

Айтматов өзүнүн "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повестин Владимир Сангиге арнаган эле. Жазуучу жана журналист Арслан Капай уулу Койчиев нивх элинин жазуучусу Владимир Сангини быйылкы юбилейи менен куттуктап, анын Айтматов менен карым-катнашы кандайча башталгандыгын сураган.

Владимир Санги: Айтматов менен кандайча танышкам? Ал менин китептеримди көп окуган. Жазуучулардын жыйындарында, Бүткүл Союздук курултайларында такай жолугуп, баарлашып турчубуз. Негизи эле ал киши Ыраакы Чыгыш элдеринин коряктардын, чукчалардын жана башка элдердин адабиятын окуп тураарын сөзүнөн байкачумун. Бир курдай Леонид Брежнев өзү Кремлде кабыл алуу уюштурду. Айтматов президиумда отурган. Ал мени залдан көрө калып, колун жаңсап, анан жолугалы дегендей ишаара берди. Жыйындан кийин жолуктук. Айтматов мени менен жай отуруп сүйлөшкүсү келип жатканын айтты. "Каалаган учуруңда кел", - деп үйүмө чакырдым. Ошентип үйүмө келди. Мен ошол учурда жаңы эле Якутиядан чыгармачылык саякаттан кайтып келгем. Мени коноктогон якут досторум бир нече өрдөктүн тоңдурулган этин салып беришкен. Өрдөктүн бирин алып чыгып Айтматовго көрсөттүм да, бизге бирдеме даярдасын үчүн аялыма бердим. Ал өрдөктү жазы тумшуктуу өрдөк деп коюшат. Башка өрдөк тукумунан айырмасы - кашык өңдөнүп тумшугу жазы келет. Нивхилердин тилинде "лувр" деп аталат. Аялым ашканада алпурушуп, лувр өрдөгүнөн тамак жасап жатканда мен Айтматовду сөзгө тартып, сөзгө алаксыта отурдум. Лувр өрдөгү кантип кара жерди жасагандыгын айтып бердим.

Арслан Койчиев: Сюжетти Айтматовго тартуулоо идеясын кантип таап алдыңыз?

Владимир Санги: Анткени, айткан аңызым - миф Айтматовго жагып калды. Өрдөктүн эти көпкө кайнап, көптө бышат эмеспи, мен башка мифтерди да кеп салып бердим. Баса, нивхилерде ардактуу конок келгенде сөзсүз эстеликке бирдеме тартуулоо салты бар. Дубалда мергенчилердин "Барс" мылтыгы илинүү эле. Аябай жакшы мылтык. Мен ошону Айтматовго тартуулайын деп чечтим. Айтматов баш тартты. "Тим эле кой, менин дагы мылтыгым бар, мен дагы мергенчилик кылам" - деп айтты. "Болуптур" - дедим да, лувр өрдөгүнүн эти үйүмө кайдан келгендигин, лувр өрдөгүнө байланыштуу башка аңыз кептерди айтууну уланттым. Айткандарым Айтматовго жакты. Жаккандыгын ушундан билиңиз, ордунан тура калып, конок үйдө арышын кенен таштап, каршы-терши басты. Ага чыгармачыл эргүү келгендигин туйдум. Аң-сезиминде кандайдыр бирдемени жаратып, калчап атты окшойт. Бир маалда мага чукул келип: "сен муну жазасыңбы?" - деп сурады.

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Жазуучу жана журналист Арслан Капай уулу Койчиев

Арслан Койчиев: Айтматов повесть жазып салганын билебиз. Ал эми өзүңүз бул сюжетти кагазга түшүрүүгө аракет кылдыңыз беле?

Владимир Санги: Бир повесттин башын баштап койдум эле. Повесть азыркы турган жеримден жетимиш чакырым алыстагы Чаево тумшугунун жээгинде өткөн бала чагым тууралуу болчу. Менин ата-бабаларым ошол жерде төрөлүп, миңдеген жылдар бою байырлап келишкен. Ошол жерде бир тумшук бар. Толкундуу күндөрдө суунун бетинен он метрдей көтөрүлүп турат. Деңиз жак капталы тик. Маңдайкы жээктен келатсаң көзгө маяк сыяктуу урунат. Аппак кумга жамынып, ар кайсы жерин чөп, бадал жаап тургандыктан, алыстан ала-була болуп көрүнөт. Бир курдай, чоң атам экөөбүз аң улоодон кайтып келатканда ошол тумшукту жаңсап, "чоң ата, караңызчы, алыстан ала дөбөттөй көрүнөт экен" деп койгом. Ошондон кийин аң улоодон кайтып келаткан сайын чоң атам мага күлө карап, "сенин ала дөбөтүң утурлап келатат" деп койчу эле. Бир жолу деңизге нерпа улоого чыкканбыз. Жээктен кыйла ыраактап кеткенибизде коюу кара туман басып калды. Жээк каякта экенин билбей, жер издеп бир сутка бою карайлап, калкып жүргөнбүз. Он эки жашымда башымдан кечирген ошол окуяны да айтып бергем. Ары-бери толкундана басып, жаны жай таппай турган Айтматов омуроолой басып келип, сөөмөйү менен мени курсакка сайып, "сен муну жазасыңбы?" - деп сурады. Ага бирдеме тартуулашым керек эмес беле. Сюжет аябай жагып калганын, ичинен туйлап, эргип жатканын туйдум. Мен дагы аны сөөмөйүм менен төшкө сайып, "белекке тартуулайм!" - деп айттым. Ал сүйүнүп кетти, сүйүнгөнүнөн мени эки колдоп кучактады. "Эмне жаралаарын билбейм, бирок бирдемени сөзсүз чыгарам. Же повесть, же аңгеме жазам. Жазам дагы сага арнаймын!" - деди.

Арслан Койчиев: Повесть сиз каалагандай, сиз күткөндөй чыктыдыбы?

Владимир Санги: Арадан көп өткөн жок. Тез эле жазып салды. Бир жолу мага телефон чалып, "Володя, мен повестимди жазып, Баруздинге тапшырдым. Жакында жарыялайт, окуп койчу. Алган таасирлериңди анан айтасың" - деп айтты. Сергей Баруздин - "Дружба Народов" журналынын редактору эле. Бир нече күндөн кийин Баруздин телефон чалды. "Владимир Михайлович, (Айтматовдун) повестин басууга тапшырдым. Жакын арада жарык көрөт. Жарык көрөөр менен журналдын жаңы санын тартуулайм. Пикир жазарсың," - деди. Чакырган күнү барсам, Баруздин журналдын жапжаңы санын колума карматты. Айтматовдун повести бар. "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" деп аталыптыр. Бир дем менен окуп чыктым. Пикиримди жазып, реалдуу нивх жана шарттуу нивхинин айырмасын ажыратып, Айтматовдун өзүнө бергем. Англичан англичан тууралуу жазышы керек, кыргыз кыргыз тууралуу жазышы керек...

Арслан Койчиев: "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" повести тууралуу кийин экөөңөр сүйлөштүңөрбү?

Владимир Санги: Бир жолу чыгармачыл якуттар конокко келишти. Арасында жаш режиссер Андрей Борисов да бар эле. Сөздөн сөз уланып отуруп, алар Айтматовдун аталган повестин сахнага алып чыгуу идеясын көтөрүштү. Ошол жерден дароо эле Фрунзеге (Бишкектин эски аталышы - А.К.), Айтматовго телефон соктум. Якуттардын ниет-тилегин билдирип, уруксат сурадым. Нивхилердин чыныгы турмушунан алып, деталдарды кошууга, көмөк көрсөтүүгө макулдугун алдым. "Көксөткөн көк жээк" деген ат менен театрга коюлду. Ийгиликтүү чыкты. Грузиндер демилге көтөрүп, сыйлыкка сунушташты эле, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгын жеңип алды. Кыскасы, нивх эли Айтматовго ыраазы. Айтмакчы, быйылкы юбилейиме арнап якуттардын театры "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөттү" Сахалинге апкелип коёбуз деген салам-дубайын айттырышыптыр.

Арслан Койчиев: Сиз элиңиздин келечегин кантип элестетесиз?

Владимир Санги: Элестете албайм. Анткени, келечеги жок. Тилин түгөл унутушту. Маселен, мен нивх тилинде сүйлөгөн жалгыз эркекмин.

Арслан Койчиев: Кап. Аянычтуу экен. Бирок, турмушуңузда терең из калтырган Ала-Дөбөт тумшугу жоголбойт деп ойлойм.

Владимир Санги: Ооба. Мындан бир канча жыл илгери Сахалинге биротоло көчүп келдим дагы, Ала-Дөбөт тумшугун сатып алдым. Ошол жерге эки үй курдум, ала дөбөт да багам. Келсең көрөсүң.

Арслан Койчиев (тамашалап): Буюрса. Балким мага да сюжет тартууласаңыз, туз буйруп барып калаармын.

Владимир Санги: Кел. Келсең, кенен сүйлөшөбүз. Август айы ылайыктуу, августта кел.