Кой-Таштагы тополоңдун соту: Атамбаевдин тагдыры таразада

Алмазбек Атамбаев соттун биринчи күндөгү жыйынына катышты

Сүрөттүн булагы, facebook

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Алмазбек Атамбаев соттун биринчи күндөгү жыйынына катышты

Бишкекте Кой-Таштагы тополоң окуялар боюнча баштапкы соттук териштирүү жабык жүрүп жатат. Экинчи күндөгү сот жыйынына эң башкы айыпкер болуп жаткан, мурунку өлкө башчысы Алмаз Атамбаев катышкан жок. Ал ортодо адвокаттар сот жыйынын ачык өткөрүү үчүн күрөшүүдө.

Сот жообуна баардыгы 19 адам тартылууда, алардын он төртүнүн иши биринчи каралат. Тергөө менен кызматташып жаткан дагы беш адамдын иши өзүнчө каралары белгилүү болду.

Сот алдында суракка туруп жаткандар мурунку президент Алмазбек Атамбаев өзү баштаган көпчүлүгү таанымал адамдар. Анын ичинде президент аппаратынын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин депутаты эки депутаты, бир мурдакы депутат жана партиялык активисттер бар.

Бир күн мурда башталган биринчи жыйынга мурдакы лидер өзү келип катышкан. Андан кийин көрүнгөн жок.

Сүрөттүн булагы, Anadolu Agency

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кой-Таштагы күч органдарынын операциясы дароо ишке ашпай, кандуу кагылышуу чыгып кеткен

Өткөн жылы августта Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн күч менен суракка алып келүү операциясында куралдуу каршылык болуп, тополоң чыгып, спецназдын бир жоокери окко учуп каза таап, милициянын бир офицери, дагы ондогон адамдар жаракат алган.

Прокуратура «Киши өлтүрүү», «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» жана «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук», «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Барымтага алуу» беренелери менен кылмыш иш козгогон.

Соттолуп жаткандардын бири ЖК депутаты Ирина Карамушкинанын коомдук сайтка жазганына караганда, Атамбаев сурак убагында көрсөтмө берүүдөн таптакыр баш тартты, о.э. сот процессин тааныбай, бардык коюлган күнөөнүн баарын четке кагууда. Бирок партиялаштарына тилектештик иретинде биринчи күнү сотко келип кетти.

"Абийир ача турган иш"

Ал ортодо айыпкерлердин адвокаттары сот жыйынын ачык өткөрүү үчүн күрөшүүдө.

"Бул сот отуруму жабык өтөт деп ойлоп турабыз. Бул бүгүнкү өкмөттүн, ИИМдин, Башкы прокуратуранын, соттун абийирин ача турган иш. Уят. Мындай кылбаш керек. Бул иште экс-президент Атамбаев да катышып жатат. Экс-депутат, башка чоң адамдар катышып жатат. Эл кызыкдар бул иш боюнча чындыкты билгенге. Керек болсо, эл алдында түз эфир кылып ачык көрсөтүш керек. Биз ишенебиз элдер чындыкты көргөндө алардын ак экенине өздөрү күбө болушат",-деди Атамбаевдин адвокаты Замирбек Жоошев.

Сүрөттүн булагы, VYACHESLAV OSELEDKO

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Алмазбек Атамбаев башынан бери эле ага каршы коюлган күнөөлөрдүн бирин да моюнга албай, четке кагып, суракта көрсөтмө берүүдөн да баш тартты.

Сот жыйынын ачык өткөрүүгө айыптоочу тарап дагы каршы эместигин билдирип жатат. Бирок акыркы чечимди сот кабыл алат.

"Кылмыш-процессуалдык кодекс боюнча сот процесси атаандаштык негизде болушу керек. Эки тарап тең. Коргоочулар сыяктуу эле биз да бир тараппыз. Соттун ачык өтүшүнө биз каршы эмеспиз",-деди айыптоочулар тобунун башчысы Темирбек Бекмаматов.

Бирок соттолуп жаткандар азыр эле сотко ишеним көргөзбөй жатышат. Алар шаршембиде сот Темирбек Бекмаматовдун басымы астында болуп жатат деп аны айыптаган билдирүү таратышты. Аны 2015-жылы баш прокурордун биринчи орун басары кызматынан Атамбаев бошоткон эле.

Темирбек Бекмаматов өз кезегинде сотту саясатташтырбоого чакырып жатат.

Баштапкы сот жыйынында камактагы сегиз адамдын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууга өтүнүч келтирилди. Сот бардык өтүнүчтү четке какты.

Бул Кыргызстанда экс-президент оор кылмыштар боюнча айыпталып соттолуп жаткан биринчи окуя эмес. Буга чейин өлкөдөн качып кеткен мурунку лидер Курманбек Бакиев дагы оор кылмыштар боюнча сыртынан соттолуп, өмүр бою эркинен ажыратылган. Атамбаев башка өлкөгө качкан жок, бирок кимге ишенип жатканы түшүнүксүз.

Кой-Таштагы кандуу тополоң боюнча эл ичинде талаш-тартыш көп. Суракка барбай, үйүн чеп кылып бекинип алып куралдуу каршылык көрсөттү деп экс-президентти күнөөлөгөндөр менен катар аны күч менен суракка алып баруу боюнча чечим да, операция да мыйзамсыз болгон дегендер да жетиштүү. (КС)