Сеулда карантин эрежесин кайра-кайра бузган ээнбаш жигит төрт айга камалды

Түштүк Кореяда коронавирус кайра жайылып баштаганда карантин жана дезинфекция чараларын күчөтүштү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Түштүк Кореяда коронавирус кайра жайылып баштаганда карантин жана дезинфекция чараларын күчөтүштү

Түштүк Кореяда коронавируска каршы карантин эрежелерин бир нече жолу бузган 27 жаштагы жаранды төрт айга түрмөгө камоо жөнүндө сот өкүм чыгарды. Түштүк Корея Сеул шаарында түнкү клубдардан инфекция жайылып кеткенден кийин тартип жана жазалоо чараларын күчөтүүдө.

Сеулдагы Лаура Бикер жиберген кабарга караганда, Ким деген фамилия менен араң издеп табышкан жигитти коронавирус менен ооруган 19 адам менен байланышта болгон үчүн анын эки апта бою үйдөн чыкпай, өз алдынча карантинде болушун өтүнүшкөн. Бирок ал он төрт күндүк карантиндин экинчи эле күнү үйүнөн чыгып баратканда кармалып калган. Аны үйүнө кайра жеткиришкен, бирок кайра дагы качып чыгып баратканда кармалган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Коронавирус түнкү клубдардан жайылып баштагандан кийин түнкү сайрандоо жайларын мэр жаап турууга аргасыз болду.

Карантин эрежесин бузгандар бул өлкөдө эң көп дегенде бир жылга түрмөгө кесилет же сегиз миң доллар чамасында айып пул төлөшү керек. Сот бул адамды төрт айга түрмөгө камалсын деп өкүм чыгарды.

Өлкөдө азыркы убакта 33 миңден ашык адам өз алдында обочолонуп жашап жатат, алардын көбү сырттан келгендер.

Карантин шартын бузгандар эми электрондук браслет тагынып жүрүүгө тийиш, алардын баскан-турганы, каякка барганы ошол браслет менен көзөмөлгө алынат. Азыркы учурда мындай браслетти тагынып жүргөндөр 17 адам. (КС)