Министрликтер чоңоюп, калган кызматтар жоюлат

Улукбек Марипов

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Өкмөт түзүлүшү боюнча олуттуу өзгөртүлүп жатат. Анын курамын, түзүлүшүн жана өкмөт башчынын программасын ЖКнын профилдик комитети карады. Президент Садыр Жапаров кайталанма органдар жоюларын буга чейин айткан.

Сунушталып жаткан жаңы өкмөт башчы баары элдин турмушун жеңилдетүү, сапатын арттыруу максатында жасалып жатат деди.

"Негизги максатыбыз резервдерди көбөйтүү. 2021-жылдагы дефицитти жабуу. Максатсыз чыгымдарды кыскартуу", - деди өкмөт башчылыкка талапкер Улукбек Марипов.

Марипов Энергетика тармагындагы кыскартуулардан эле 2 млрд сом үнөмдөлүп жатканын мисал келтирди. Айтымында, өкмөттөгү жетекчи кишилердин саны 22ден 16га түшөт.

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Кубанычбек Турдубаев Энергетика министрлигин мурда да жетектеген, оңдон экинчи

12 министрлик, Улуттук коопсуздук боюнча комитет иштейт. Агенттиктер, комитеттер, кызматтар жана башка бир катар ведомстволор министрликтерге кошулду. Энергетика жана өнөр жай, Коргоо министри болуп эки министрлик пайда болду. Марипов 16 жетекчинин жарымы жаңы экенин айтты.

Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев Энергетика министрлигин мурда да жетектеген, оңдон экинчи

Юстиция министри Асел Чынбаева

Унаа, архитектура жана байланыш миниистри Гүлмира Абдралиева

Айыл чарба, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков

Экономика жана каржы министри Улукбек Кармышаков

Ички иштер министри Уланбек Ниязалиев

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев

Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү,

Буга чейин өкмөт башчынын милдетин аткарып келген Артем Новиков биринчи вице-премьер болот

Биринчи вице-премьер министр Артем Новиков

Бир гана вице-премьер министр калды. Экономика жана Каржы министрлиги бириктирилип, министри менен өкмөт аппаратынын башчысы вице-премьердин рангында эсептелет.

Экономика жана каржы министрлигине кирешени негизги чогултуучу салык, бажы кошулуп жатат. Вице-премьер рангына тете боло турчу Улукбек Кармышаков буга чейин иштеп жаткан каржы министри.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине кошулууда. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ордунда калып жатат. Ал бул кызматка оорукана жетекчилигинен келген. Айым депутаттар аялуу топтор менен иштөө, жөлөк пул, эмгек менен камсыздоо жана башка көп социалдык көйгөйлөрдү бул министр жөндөй алабы деген тынчсыздануусун билдиришти.

"Суроолор көп. Ирилештирүүнүн негизинде, мисалы, Саламаттык сактоо мнистрлиги менен Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги бириктирилип жатат. Министрликти жетектеген адам өзү кандай иштейт, көз карашын кыскача айтып койсо болобу? Кантип бириктиресиздер? Социалдык коргоодо жөлөк пул, калкты орноштуруу жана башка толтура маселелер бар", - деди депутат Аида Касымалиева.

Унаа жана жол министрлигине архитектура жана байланыш тармагы кошулду. Анын башына келген Гүлмира Абдралиева өкмөттүн аппаратында ушул багытта иштептир. Өкмөт санариптештирүүнү да ушул министрликке кошту. Депутат Айсулуу Мамашева унаа, жол оффлайн тармак, санариптештирүү онлайн, экөөнү чогуу бир киши кантип калып кетет деген суроону койду:

Сүрөттүн булагы, kenesh.kg

"Санариптештирүү - бул абдан чоң блок. Көбүрөөк Мамлекеттик каттоо кызматына таандык десем болот. Гүлмира Курманбековна тигүү тармагынан келгенден кийин бул жоопкерчиликти көтөрүп кете алабы?".

Эң көп милдет жана укук Ички иштер министрлигине берилди. Ага Каттоо кызматы бүт тейлөө борборлору менен кошо өтүп жатат. Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы кошулду. Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы кошулду. Социалдык тармактарда көпчүлүк ушул өзгөртүүнү сынга алууда. Мурдагы реформалар Каттоо кызматында натыйжалуу болгонун айтып жатышат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ИИМ ажыдаарга айланаарын, тергөө менен жаза берүү бир жерде болбош керектигин айтууда.

"Жаза аткаруу кызматы эч качан ИИМге берилбеш керек. Себеби тергөө жүргүзгөн, кармаган, кыйноо фактылары бар орган ИИМ. Жаза аткаруу кызматы жарандарды тарбиялаган, билим берген орган болуп өзгөрсө деп жүргөнбүз. Мени өтө өкүндүргөнү калкты тейлөө борборлору ИИМге кошулуп жатканы. Ал эми жөнгө салынып калган, паспортту бир күндө деле алууга мүмкүн болчу. Мурда ИИМдеги ички аскерлерди биз жазалоочу органда болбосун деп Башкы штабга коштурсак, Сооронбай Жээнбеков ката кетирип, аны кайра ИИМге берди. Ошентип, өзгөртөбүз деп эле биз бир органды ажыдаарга айлантып жатабыз. Мурда УКМК ажыдаар болгон. Азыр ИИМди ажыдаар кылуу аракети болуп жатат, бул өтө кооптуу. ИИМ кылмыштын алдын алган, эл, жаштар менен иштеген министрлик болуш керек", - деди Абдирасулова Би-Би-Сиге.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине спорт, жаштар саясаты кошулуп, буга чейин орун басары болуп келген Кайрат Иманалиев министрликке сунушталды.

Ошентип жаңы өкмөттө эки айым министр пайда болот. Юстиция министрлигине Асел Чынбаева талапкер. Бирок бул өтө аз деген сындар айтылууда. Жогорку Кеңеште социалдык маселе боюнча, зомбулукка каршы иштеген органдарда кур дегенде орун басарлар аялдар болуш керек деген сунуштар берилди.

Бул өкмөт техникалык өкмөт экени айтылууда. Баш мыйзам өзгөргөндөн кийин өкмөттүн ишин толугу менен президент көзөмөлдөйт. Жада калса аппараттары да бир болоорун президент Садыр Жапаров билдирген.