К. Байболов: Коррупцияга каршы күрөш - саясий реформасыз сая кеткен иш

Бөлүшүңүз Email Бөлүшүңүз Фейсбук Бөлүшүңүз Твиттер Бөлүшүңүз Вотсап

Президент Сооронбай Жээнбеков сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө кеңешинин чечимдерине кол койду. Анда Жогорку Кеңешке, Ѳкмөткө жана Жогорку Сотко мыйзамдык бир катар жоболорду жана ыкмаларды кайра карап чыгуу, өзгөртүү сунушталган. Анын ичинде коррупцияга каршы күрөштү координациялоо, укук коргоо жана прокуратура органдарын кызматкерлерине кызматтык жайда видеобайкоо жүргүзүү, алардын кылмыштык аракеттерине жазалоо чараларын күчөтүү, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн банктык, ишкердик аракеттерин көзөмөлгө алуу сыяктуу чаралар айтылат.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгына коррупция менен күрөшүүчү органдардын жетекчилик курамына талдоо жүргүзүү, жабылган кылмыш иштерин иликтөө, укук коргоо кызматкерлеринин декларацияларын дыкат текшерүү жөнүндө тапшырмалар берилди.

Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, мурдакы башкы прокурор, коопсуздук кызматынын мурдакы жетекчилеринин бири Кубатбек Байболов Би-Би-Сидеги маегинде өлкөдө саясий реформалар жүрмөйүнчө президенттин күч органдарындагы коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнөн оң жыйынтык чыгышы кыйын деп билдирди.

Би-Би-Си: Президент Жээнбековдун коррупцияга каршы баштаган аракеттеринен кандайдыр бир алгылыктуу натыйжаларды күтүүгө болобу?.

К. Байболов: Мына, жакында эле укук коргоо жана сот тармагындагы акыбалга президент Атамбаевдин баасы башкача эле. Баары жакшы, баары ийгиликтүү, коррупция менен күрөш абдан эффективдүү болуп жатат деп укук коргоо органдарына не деген батирлерди берди, алардын жетекчилерине наамдарды, сыйлыктарды тапшырбады беле. Ал эми азыр жаңы президенттин берген баасы башкача болуп чыкты. Менин оюмча, бул чечимдин саясий эң баалуулугу мына ушунда. Ал эми калган чечимдери ишке ашып, ийгиликтүү натыйжа берери күмөн. Себеби дегенде, биздеги акыбал ушунчалык оорлошуп кетти, ошол себептүү тармактык реформалар, айрым багыттагы реформалар өз алдынча эч кандай жыйынтык бере албайт. Калган тармактагы эски механизмдер, эски күчтөр, чечим кабыл алуучу деңгээлдеги алдым-жуттум жетекчилер, уурулар алдыга жылууга эч бир мүмкүнчүлүк бербейт.

Би-Би-Си: Аскар Акаев президент болуп турган учурда дагы Ак үйдүн төрүнө чейин барган коррупциянын тамырын кыркуу жөнүндө бир нече жолу маселе коопсуздук кеңешинин деңгээлинде каралып, жыйынтыгы жок көп эле чечимдер кабыл алынган. Азыр деле кайрадан коопсуздук кеңешинин катчылыгына ошондой тапшырмалар берилип жатат. Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын башка укук коргоо органдарындагы коррупцияны таап, тазалап чыкканга тиши өтө тургандай күчү бар деп ойлойсузбу?

К. Байболов: Коопсуздук кеңешинде болгон сөз, анда кабыл алынган чечимдер баары туура. Туура эмес деп ким айтат. Баары туура. Бирок алардын ишке ашышы чоң күмөн болуп жатат. Биринчиден, тапшырма берилген органдар, ошол органдардын жетекчилери, реформа жасай алса, эчак эле жасабайт беле. Демек, колунан келбейт экен да. Эми ошол эле органдарга берилген тапшырма кандайча сыйкырдуу күч менен ишке ашып кетет.

Коррупциялашкан органдардын бир чоң өзгөчөлүгү бар. Маселен, ошол эле АКС деген мекеме коррупцияга каршы күрөштө арка-бел болот деп түзүлгөн да. Ал эми бүгүн ошонун өзүнүн үстүнөн дагы бир органды - коопсуздук кеңешинин катчылыгын көзөмөл кылып коюшка мажбур болуп жатабыз. Коопсуздук кеңеши өзүнө коюлган милдетти аркалаш үчүн ага белгилүү санда кызматкер керек, процессуалдык укуктар керек болот. Секретарлар, кагаз, машинка, анан машиналар керек болот. Бир аз жылдан кийин ошол катчылыктын үстүнөн карай турган дагы бир катчылык түзгөнгө мажбур болобуз.

Экинчиден, азыр АКСтин кызматкерлерин жулмалай башташат да. Далайы бошоп кетет, ичип-жеп көнүп калган кызматкерлер качат болуш керек. Ал эми калгандары иштөөгө мүмкүнчүлүгүн жоготот. Камера менен карап атышса, кандай маанай менен иштемек эле, чөгөт болуш керек деп ойлойм.

Үчүнчүдөн, тилекке каршы, коррупция деген түшүнүктүн өзүнө бир дагы жерде көңүл бурулбай жатат. Маселен, кылмыштуулук менен күрөшүүнүн негизги документи - Кылмыш-Жаза Кодекси. Менин жетекчилигим алдында түзүлгөн кодекс. Андагы коррупция деген түшүнүк буга чейин айтылып келе жаткан түшүнүктөн түп-тамырынан бери айырмаланып жатпайбы. Эң мурда ошол түшүнүктөрүбүздү бир беткей кылып түзүп албайлыбы. Кылмыш-Жаза Кодексинде коррупция деген кылмыш өзүнө болуп жатат. Пара алуу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу -булар коррупцияга кирбейт, алар өзүнчө. Мына ушуну эске албай, биз колхоздун алмасындай терип туруп, баарын бир жерге үйүп атпайбызбы. Мыйзамыбызда бир түшүнүк, иш жүзүндө башкача кыймыл-аракет болуп, диссонанстык натыйжалар мына ушундан да келип чыгып жатат.

Биз Кылмыш-Жаза Кодексинде көрсөтүлгөн коррупциянын түшүнүгүн башкача кылып жазышыбыз керек же ошол жерде көрсөтүлгөн жоболор менен иштешибиз керек. Биз пара алгандарды деле, кызмат абалынан кыянат пайдалангандарды жана башка ошол бөлүмдө көрсөтүлгөн башка кылмыштардын баарын эле коррупция деп атпайбызбы.

Image copyright President.kg#
Image caption Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына коррупция менен күрөшүүчү органдардын жетекчилик курамына талдоо жүргүзүү, жабылган кылмыш иштерин иликтөө, укук коргоо кызматкерлеринин декларацияларын дыкат текшерүү жөнүндө тапшырма берди.

Чаржайыт күрөш

Би-Би-Си: Антикоррупциялык кызматтын айрым кызматкерлерин "кол тийгис кастага" айланып кетти деп президент өзү айтты. Ири өлчөмдөгү коррупциялардын бетин ачууга АКСтын тиши өтпөй жатканынын бир эле себеби ушулбу?

К. Байболов : АКСтын өзүнүн үстүнөн көзөмөл органы пайда болуп жатпайбы. Азыр эми коррупционерлердин, пара бергендердин негизги көңүлү ушул жакка бурулат. Бир аз жыл өткөндөн кийин бул коопсуздук кеңешинин катчылыгынын үстүнөн дагы бир катчылык түзүшкө туура келет.

Бул чечимдерди илимий негизги түшүрүү керек болууда. Коррупция менен күрөшүү өзүнчө чоң илим. Көбүн эсе тажрыйба эмес, - илим. Күчкө салуу жолу менен эле чечилиши мүмкүн эмес. Маселен, коррупция менен күрөшүү үчүн жалаң эле укук коргоо кызматкерлерин тебелеш аздык кылат. Экономика тармагындагы министрлерди караш керек.

Би-Би-Си: Коопсуздук кеңеши эмки кезек ошол экономикалык блоктогу министрлердики деп жатат.

К. Байболов: Бул күрөш диссонанс түрүндө (чаржайыт) жүрсө эч жыйынтык болбойт, биякты оңдогончо, тигил жагы шалдырап калат. Бардык жерде бир учурда жасаш керек. Мына Грузияда Саакашвили коррупция менен күрөшүүнү бир эле күндө баштаган. Баарын тең бошсуңар деп, анан баштабады беле. Бул эффективдүү ыкмалардын бири. Мисалы, бирөөлөрүн бошотуп, иретке келтиргенче, калган жагы шалдырап калып атпайбы.

Айтор, эмнеси болсо да, биз азыр кайсы бир тармактагы реформаны баштап, ошону ийгиликтүү аткарып, мамлекеттеги акыбалды оңдоп кетебиз деген ойдон алысыраак болушубуз керек.

Эң алды, бүгүнкү күндөн баштап саясий реформаларды жүргүзүшүбүз керек. Бийликтин табиятын өзгөртүүгө багытталган реформа керек. Бийлик бөлүштүрүүнү кайра карап чыгуу зарыл. Антпесе, азыр саясий сахнага жык толгон деструктивдүү күчтөр бир дагы реформаны ийгиликтүү ишке ашырууга жол бербейт. Анын ичинде, коопсуздук кеңешинин чечимдери дагы баягы эле катардагы далалат болуп кала берет.

"Карама-каршылык мына эми чыкканы калды"

Би-Би-Си: Кыргызстан эгемендик алгандан бери саясий реформалардан башы чыкпай келатат го. Эки жолу революция болду, эчен жолу конституция оңдолду, эл дагы тажап бүттү го саясий эксперименттерден?

К. Байболов: Тилекке каршы, бир дагы саясий реформа жасалган жок. 2010-жылы болгон саясий өзгөрүштөр кыргыздын тагдырына балта чапты. Ошол ойлонулбай жасалган эрежелердин негизинде Кыргызстандын башкаруу чөйрөсүнө колунан кокон тыйын келбеген, билими тайкы, алкымы чоң, алдым-жуттум, зөөкүрлөр жык толбодубу.

Бир эле маселеге токтолоюн. Эгемендик жылдарында теорияда көрсөтүлгөн кош легитимдүүлүк проблемасын башыбыздан өткөрдүк. Бүтүн эл шайлаган парламент менен бүт эл шайлаган президенттин кармашы менен келатабыз. Бул өнүгүүбүзгө эбегейсиз тоскоолдук болуп келатат. Эми ошого көзүбүз жетти, ушул конституциялык проблеманы жөнгө салалы дештин ордуна, 2010-жылы мындан да орчундуу карама-каршылык киргизилбедиби.

Мурдакы президенттерде түз көрсөтүлгөн ыйгарым укуктар жок болсо, азыркы президентте күч органдарын бүт тейлесин деп бөлүп чыгарып коюшпадыбы. Кармашты эми көрүп алгыла, буга чейин ачыкка чыкпаган кармаш болот. Себеби, калган бийлик органдары толугу менен өздөрүнүн ыйгарым укуктарын президенттик аппаратка тапшырып берип, ошондуктан өрт чыкпай, 2017-жылга чейин келбедикпи.

Андан кийин ыйгарым укуктарды кайра бөлүштүрүп, премьер-министрдин бийлиги күчөтүлбөдүбү. Карама-каршылык мына эми чыкканы калды. Эми ушул эле өңүттө өнүгө бере турган болсок, түздөн түз 1993-жылы Россиядагы кризис бизде пайда болушу мүмкүн. Жалпы эле тарабынан шайланган эки институттун ортосундагы карама-каршылык, бул объективдүү процесс. Биз ошол карама-каршылыкты эреженин өзүнө салып койдук. Эки кочкордун башы бир казандай кайнабай кыйналып жаттык эле, ага үчүнчү кочкордун башын - премьер -министрди кошуп койдук. Жогорку деңгээлдеги ыйгарым укуктарга ээ болгон премьер-министр болуп калды, ал мурун мындай күчкө ээ эмес эле да. Маселен, азыркы премьер күчүн көргөзө албашы мүмкүн. Бирок эртеңки премьер башкача болушу мүмкүн. Же кечээ эле ташыркап, тайсалдап турган парламент эртең атырылып чыкпайт деп ким кепил боло алат?

Мунун баарын күйгөнүмдөн айтып жатам. Тилекке каршы, мындай реформалар ишке ашпайт. Биринчи кезекте, саясий реформаларды жүргүзүп, эрежелерди өзгөртпөсөк болбойт. Ѳзгөчө башкаруу элитасын түзүүнүн эрежелерин түп-тамырынан бери башкача кылыш керек. Эгер парламенттик башкаруу кыла турган болсок, биздеги эрежелердин баарын ошого ылайыктап чыгышыбыз керек.