Түрк саммитинде саясий маселелер көтөрүлдү

Бөлүшүңүз Email Бөлүшүңүз Фейсбук Бөлүшүңүз Твиттер Бөлүшүңүз Вотсап

Image copyright President.kg

Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун VI саммити өтүүдө. Саммитти Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев ачып, төрагалыкты Кыргызстанга өткөрүп берди.

Саммитке Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган катышууда.

Саммитке Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан ардактуу конок катары келди.

Венгриянын башчысы мамлекет өз тилин жана маданиятын сактап калууга аракеттенип жатканын, түрк тилдүү мамлекеттер менен жакын болгонуна сыймыктанаарын белгиледи.

Өзбекстандын уюмга кошула турганы айтылып жаткан. Өзбекстандын бул кеңешке кирүү ниетин Шавкат Мирзиёев быйыл Түркияга болгон сапарында билдирген. Бирок, бул жолку саммитте өзбек президенти андай кадамын ачык айткан жок.

"Өзбекстан Республикасынын мүчө мамлекет катары Түрк кеңешине кошулуу ниетин бийик баалап, өзүнчө колдогум келет. Бул кадам Түрк кеңешинин жана анын эл аралык аренадагы кадыр-баркын арттырат деп терең ишенем. Өзбекстандын кошулушу уюмга жаңы дем берип, көптөгөн жаңылануулардын башаты болот деген ниеттемин ", -деди президент Жээнбеков.

Самиттеги саясий билдирүүлөр

Бул жолку саммит саясаттан сырткары "Улуттук спорт жана жаштар чөйрөсүндөгү кызматташтык" деген темада өтүп жатат. Бирок, Азербайжандын президенти Илхам Алиев өз сөзүндө Тоолуу-Карабак маселесин көтөрдү.

"Биздин өлкөлөр ушул эл аралык уюмдун деңгээлинде мамилелерин арттырып турушат. Биз кийин дагы өзүбүз жигердүү кадамдарга барып, регионалдык коопсуздук маселелерин талдап турабыз. Жаңы тобокелчиликтер да пайда болушу ыктымал. Учурда Тоолуу-Карабак аймагы армян оккупациясына кабылган. Азыр бир миллионго жакын качкын пайда болду. Он миңден ашуун адам дайынсыз жоголду. Биздин тарыхый мурастарыбыз дагы жок кылынды. Бул кылмыштар үчүн Армения жооп бериши керек", -деди президент Алиев.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган ФЕТО кыймылы боюнча айтып, уюмга мүчө өлкөлөрдү дагы буга катуу турууга чакырды. Тоолуу-Карабак маселесинде, Азербайжандын аймактык бүтүндүгүн коргоого көмөк көрсөтүшүбүз керек жана Палестина боюнча дагы көйгөйгө көңүл бурушубуз зарыл деп кошумчалады Эрдоган.

Түркия бийлиги 2016-жылдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштүн артында белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен турат деп күнөөлөп келүүдө. АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүлен бул окуяларга катыштыгы бар делген айыптоолорду кескин четке кагып, төңкөрүш аракетине баргандарды ачык сынга алган. Ага карбай Түркия Фетхуллах Гүленди террордук уюмдун лидери атап, мекенине экстрадициялоо талабын билдирип келет.

"Гүлен мектептери" боюнча пикир келишпестиктер

Эки жыл мурдагы төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги масштабдуу тазалоолорду жүргүзүп, миңдеген кишилерди камакка алып, көптөрүн кызматынан кетирген. Куугунтук Түркиянын чек арасы менен чектелген жок. Дүйнө боюнча Түркиянын элчиликтери Гүлен кыймылынын бөлүгү деп айыпталган мектептерди жаптырууга аракеттенип келет. Ошондой эле Түркиянын бийлиги 2016-жылы ишке ашпай калган төңкөрүш аракетине катыштыгы болгон деп шектелген 80 адамды 18 башка мамлекеттен алып келгенин маалымдаган.

Буга чейин түрк бийлиги Кыргызстанга да ушул боюнча кайрылган. Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаев түрк тараптын билдирүүсүн өлкөнүн ички ишине кийгилишүү катары, четке каккан эле. Саммиттин эки жылга кечигип өткөн себеби катары эксперттер ушул жагдайды белгилеп жүрүшөт.

Эрдоган Бишкек сапары учурунда бул маселени кайра көтөрдү. Буга жооп кылып, Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы "гүлендин мектеби" катары саналып жүргөн "Сапат" деп аталган билим берүү жайлары мамлекеттин көзөмөлүндө экенин айтты.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ менен дал ушул маселеден улам тирешип жатат. Түркия белгилүү динаятчы Фетхуллах Гүлен менен кызматташкан деп айыптап, АКШ жараны, христиан пастору Эндрю Брансонду камакка алгандан кийиин Вашингтон кескин нааразы болуп, Түркияга каршы санкцияларды киргизди. Бул санкциялар Түркиянын чабал экономикасына катуу сокку болуп жатат.

Image copyright President.kg

Ошол эле учурда Батыш мамлекеттери Түркияны маанилүү өнөктөш катары караганы менен ушул учурда айрым европалык өлкөлөр "Анкара менен кызматташтык канчалык маанилүү" деп карап баштады. Мындай абалда, албетте, Эрдоган үчүн саммит олуттуу мааниге ээ.

Саммитти өткөрүп жаткан Кыргызстан мамилеси сууп кеткен Түркия менен кызматташтыгын жолго коюга утмулуп жатат. Мындан эки жыл мурункуга пландалган саммитин өтпөй калышы дагы кыргыз-түрк мамилелерине байланыштуу болгон эле.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн соңку бешинчи саммити 2015-жылы Астанада өткөн. Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити 1992-жылдан тарта өткөрүлүп келет, ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчөлүккө кирген. Тили жана маданияты тектеш мамлекеттер саясий-экономикалык жана маданий кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бир уюмга биригишкен. Анын катчылыгы Стамбулда жайгашкан.

Уюмдун колдоосу астында Кыргызстанда Көчмөндөр оюну уюштурулуп, Астанада Түрк академиясы түптөлүп, ал эми Бакуда Түрк маданиятынын жана мурасынын фонду негизделген.

Бирок айрым эксперттер Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши маданий гана эмес, экономикалык альянс катары азырынча өзүн көрсөтө электигин белгилеп жүрүшөт.

Бул жолку саммитте саясий жана коопсуздук жаатында дагы маселелер көтөрүлгөнүн, айрым эксперттер мамлекет башчылары аянтчадан пайдаланып билдирүү жасады деп баалады. (AbA)