Шотландиянын кооздугун элестеткен Кыргызстан

Бөлүшүңүз Email Бөлүшүңүз Фейсбук Бөлүшүңүз Твиттер Бөлүшүңүз Вотсап

Image caption Тоолуктардын оюну - спорттук күч сынашуу, таймаш

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына алыскы Шотландиядан келген балбандар катышып, өнөрүн көрсөттү. Алар өздөрүн тоолуктарбыз деп эсептейт. Шотландиялык балбандарды Британиянын Кыргызстандагы элчилиги чакырып келген.

Би-Би-Си редактору Гүлнара Касмамбетова шотландиялык атлеттердин бири Нил Элиотту маекке тартып, көчмөндөр оюндарынан алган таасирлери тууралуу сурады.

Гүлнара Касмамбетова: Өзүңүздү тааныштырып койсоңуз.

Нил Элиот: Саламатсыңарбы! Менин атым Нил Элиот. Мен алыскы Шотландиядан келдим. Кыргызстанга биринчи жолу келишим. Табияты ушунчалык кооз жер экен, көлдүн жээги андан бетер ажайып. Биз оюндардын ачылыш каадасына катышып, андан кийин шотландиялык тоолуктардын оюнун көргөздүк.

Гүлнара Касмамбетова: Шотландиялык тоолуктардын оюну менен көчмөндөр оюндарынын эмне жалпылыгы бар?

Нил Элиот : Көчмөндөр оюндары дегенде салтка айланган спорттук оюндарды билебиз. Шотландиялык тоолуктардын салттуу спорттук оюндары да ошол категорияга кирет. Алардын алты жүз, сегиз жүз жылдык тарыхы бар, андыктан ал оюндар менен тааныштыруу биз үчүн маанилүү.

Гүлнара Касмамбетова : Шотландия дагы тоолуу эмеспи...

Нил Элиот: Ооба, жаратылышыбыз да окшошуп кетет экен. Айрыкча Бишкектен келаткандагы жол, жолдун тегереги Шотландиянын кооздугун элестетти.

Гүлнара Касмамбетова: Тоолуктардын оюну деген эмне? Бизге мүнөздөп бериңизчи.

Image caption Көчмөндөр оюндарына келген шотландиялык алп тоолуктар

Нил Элиот: Тоолуктардын оюну - спорттук күч сынашуу, таймаш. Адатта, жай айларында өткөрүлөт. Анда ядро ыргытуу, рим тобун ыргытуу, дарыянын түбүнөн таш ыргытуу сындуу кара күчтү талап кылган таймаштар жүрөт. Чынжырга байланган темир топту ыргытууга өзгөчө жөндөм, күч керек. Башыңан өйдө эки ирет чимирилтип туруп, алыска ыргытасың. Дагы бир таймаш - салмагы оор балка чабуу. Дагы бирөөсү - 25 килограмм ташты эки кабат автобустай бийик өткөөлдөн ашыра ыргытуу. Дагы бир, эскиден келаткан оюн - устун ыргытуу. Анын да салмагы оор, 50 килограммдан жүз килограммга чейин болот, узундугу 6-7 метр. Ошол карагай устунду кучактап алып чуркап, марага жеткенде бутага ыргытуу керек.

Гүлнара Касмамбетова: Эгерде кыргыздар менен шотланиялыктар таш, устун ыргытууда таймашып калса, ким утмак?

Нил Элиот: Албетте, мен утмакмын. Себеби, мен кичинемден көп тамак жеп, отуз жылдан бери күнүгө машыгып келем. Биздин оюндар тынбай машыгууну талап кылат. Жер жүзүндөгү бардык таймаштарга катыштым.

Гүлнара Касмамбетова: Шотландиялыктардын юбка кийип, оюнга чыкканы таң калтырат. Юбканын алдынан кийим кийилеби?

Нил Элиот: Эски заманда жалаңкат, алдына эч нерсе кийбей чыгышчу. Бирок, тоолуктардын оюндарына жалаңкат юбкачан чыкпай калганбыз, ич кийим киебиз. Тоолуктардын оюну - салттуу оюн болгондуктан, эски салтка ылайык, килт, узун байпак киебиз.