Эр эңишке түшүп, көк бөрүгө шыктанган ковбойлор

Бөлүшүңүз Email Бөлүшүңүз Фейсбук Бөлүшүңүз Твиттер Бөлүшүңүз Вотсап

Америкалык ковбойлор Көчмөндөр оюндарына экинчи ирет көк бөрү тартуу үчүн келди. Бул жолу алар өз өлкөсүндө Көк бөрү федерациясын түзүшкөнүн жарыялады.

Image caption Родеодон көк бөрүгө өткөн ковбойлор

Көк бөрүгө кызыгып келген ковбойлордун курамында - банкир, мушкер жана родео чемпиону бар экен. Алар бул оюндарда жеңишке жетпегени менен жергиликтүү көрөрмандардын кызуу колдоосуна ээ болду. Би-Би-Си редактору Гүлнара Касмамбетова менен интервьюсунда АКШ командасынын оюнчулары көк бөрүгө кантип кызыгып калышканы тууралуу айтып беришкен.

Көк бөрүчү күчтүү жана ат жандуу болушу керек тура

Брендон Браэнт: Менин атым Брендон Браэнт. Мен Кошмо штаттарында Вайоминг штатында туулуп өскөм.

Гүлнара Касмамбетова: Брендон, силер кесипкөй ковбойлорсуңарбы?

Брендон Браэнт: Ооба, командабызда бир нече кесипкөй ковбойлор бар. Бул жерде олтурган Жэй дагы кесиби ковбой. Калгандарыбыз ат минип чоңойгонбуз. Ошол үчүн бизди дагы тандап алышты. Америкадагы аттарыбыз кыргыз аттарынан айырмаланат.

Гүлнара Касмамбетова: Ковбойчулуктан башка дагы эмне кыласыз?

Брендон Браэнт: Мен соңку алты жылдан бери Кытайда жашап, мугалим болуп иштейм.

Гүлнара Касмамбетова: Эмне себептен ковбойлор көк бөрү ойноп калды?

Брендон Браэнт: Эмне себептен көк бөрү? Багыбызга жараша, бизди көкбөрү ойнойсуңар деп, АКШ командасына тандап алышты. Бул оюнду эле эмес, кыргыз элин жана маданиятын сүйүп калдык. Көк бөрү жакты бизге. Көк бөрүчү күчтүү жана ат жандуу болушу керек тура. Каныбызда болсо керек. Вайомингде чоңойгон шартыбызга, алган тарбиябызга төп келип турат.

Гүлнара Касмамбетова: Көк бөрү жөнүндө кайдан билдиңер?

Брендон Браэнт: Көк бөрүнү алгач 2016-жылы Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көрдүк. Ошол оюндарга келерибизге эки апта калганда, көк бөрүнү "Ютубдан" көрүп, ушул оюнду биз да ойносок деп тамшангам.

Родеодон көк бөрүгө өткөн мага оңой эле болду

Гүлнара Касмамбетова: Эми, кесипкөй ковбой менен сүйлөшөлү. Өзүңүздү тааныштырып койсоңуз.

Жэй Гэвон: Менин атым Жэй Гэвон. Мне Вайомингде туулуп, өскөм. Ранчо ээлеринин бешинчи мууну болом.

Гүлнара Касмамбетова: Кесипкөй ковбой деген ким?

Жэй Гэвон: Кесипкөй ковбой деп, родео мелдешине катышкандарды айтабыз. Мен дагы родеого катышып турам. Калган убактымда ранчодо уй багам.

Гүлнара Касмамбетова: Родео чемпиону болуп жүрүп, кандайча көк бөрү тартып калдыңыз?

Жэй Гэвон: Родеодон көк бөрүгө өткөн мага оңой эле болду. Бир гана жери, кыргыз ээр токумуна көнө албай жатам. Биздин ээр токумдан катуураак экен. Биздики ыңгайлуу, уйду арканга байлап алып, сүйрөтүп кетебиз.

Гүлнара Касмамбетова: Ранчодо мал багып, керек болсо "аркандап алып сүйрөп кетебиз" дедиңиз. Көк бөрүдө улакты жерден ала алат бекенсиз?

Жэй Гэвон: Мага абдан оор болду. Себеби биз малды жерден аркандап алып сүйрөйбүз. Көк бөрүдө болсо, эңкейип, жерден көтөрүш керек экен.

Гүлнара Касмамбетова: Тай казанга жок дегенде бир жолу улак таштай алдыңызбы?

Жэй Гэвон: Тай казанга бир да жолу таштаган жокмун, бирок улакты бир жолу башкалардан тартып алып, тай казанга ыргыткан кишиге бердим.

Гүлнара Касмамбетова: Эми мындан ары көк бөрү ойноп турасызбы?

Жэй Гэвон: Ооба. Мекениме кайтып барып, көбүрөөк кишилерди кызыктырып, ойноп турам го дейм. Мыкты оюн экен!

Ат үстүндө олтуруп эңишкен биринчи америкалык болдум

Гүлнара Касмамбетова: Дагы бир ковбой менен таанышалы. Аты жөнүңүз ким?

Николас Уеллик: Менин атым Николас Веллик. Мен Вайомингден болом, бирок азыр Калифорнияда турам.

Гүлнара Касмамбетова: Турмушта ковбойчулуктан башка дагы эмне кыласыз?

Николас Уеллик: Мен учурда эс алууга чыккам. Мурун чыгыш күрөшү боюнча адис болчумун.

Гүлнара Касмамбетова: Кыргыз күрөштөрүнө түшүп көрдүңүзбү?

Николас Уеллик: Ооба. Эр эңишке түштүп, ат үстүндө олтуруп эңишкен биринчи америкалык болдум.

Гүлнара Касмамбетова: Оор болдубу?

Николас Уеллик: Эр эңишти бир көргөндө эле жагып калып, мелдешке түштүм. Дагы таймашарыма 100 пайыз ишенип турам. Ушунчалык жакты мага!

Гүлнара Касмамбетова: Эр эңишти жеңдиңизби?

Николас Уеллик: Жок, утпадым. Атаандашым билектен кармап туруп алды. Алты мүнөттөй тартыштым. Анан ал мени ээрден сүйрөп түшүрдү. Эпчил экен.

Гүлнара Касмамбетова: Сиз аябай эле күчтүү көрүнүп турасыз, эр эңишти утуу үчүн эмне керек экен?

Николас Уеллик: Ыкмасын билиш керек экен. Анын үстүнө, мен мурун бир да жолу ат үстүндө олтуруп, тартышып көргөн эмесмин. Билектен алышканда эле, ал атын кайда жылдырып, кандай кыймылдаш керек экенин дароо билди. Мен болсо, а дегенде, каршылашым жана анын аты менен алышпастан, өз атыма көнө албай жаттым.

Гүлнара Касмамбетова: Эр эңиште кара күчкө кана таянбай, эптүү дагы болуш керек тура.

Николас Уеллик: Эптүү болуп, атыңды сезип, аны туура жылдырып турушуң керек экен.

Гүлнара Касмамбетова: Эми жалпы суроомо жооп берип койсоңуздар. Көк бөрү Америкада популярдуу боло алабы?

Николас Уеллик: Менимче, көкбөрү Америкада абдан популярдуу болушу ыктымал. Аны ойнош үчүн эптүү, күчтүү болуш керек. Америкада андайлар көп.

Брендон Браэнт: Эгерде биз күйөрмандарды, ат оюндарына, балким поло же родеого кызыккан кишилерди, демөөрчүлөрдү тарта алсак, көкбөрү жайылышы ыктымал.

Image caption Көк бөрү тарткан ковбойлор

.