Коррупциянын кара тизмеси, кирешесин каткан чиновниктер

Бөлүшүңүз Email Бөлүшүңүз Фейсбук Бөлүшүңүз Твиттер Бөлүшүңүз Вотсап

Image copyright Tabyldy Kadyrbekov
Image caption Күч орган кызматкерлери кириптер болгон коррупциялык кылмыштар реестри ишке кирет

Коррупцияга каршы күрөш кезинде экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, эми Сооронбай Жээнбековдун башкы урааны болууда. Айрым байкоочулар Атамбаевдин башкаруусунун соңку жылдарында коррупция менен күрөш тандалма мүнөзүндө болуп, кээ учурда анын саясий атаандаштары куугунтукталды дешет.

Ал эми учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен анын командасынын коррупцияга каршы саясаты канчалык калыс жүрүүдө? Кыргыз бийлиги жыл башында коррупцияга каршы баштаган саясий күрөштүн кандай стратегиялык өзгөчөлүгү бар?

Сапырылган акча, бүтө элек тергөөлөр

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Бишкек ЖЭБ, Тарых музейи, Бажы кызматындагы коррупция боюнча ачылган чулгандуу кылмыш иштеринин жүрүшү боюнча бүгүн маалымат берди.

"Бул жерде (ред. ЖЭБде) эң чоң, миллиардаган суммага тете коррупциялык схемалар ачыкталды. Көп фактылар ашкере болду. Тергөө бир ай аралында соңуна чыгат", -деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев.

Бишкек ЖЭБдеги коррупциялык иштер боюнча шектүү катары мурунку эки премьер министр: Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиев , экс-министр - Осмонбек Артыкбаев жана Айбек Калиев баштаган энергетика тармагынын бакандай мурунку беш жетекчиси кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат.

Image copyright official
Image caption Бишкек ЖЭБге байланыштуу ачылган кылмыш иштерин тергөө бир айда бүтөт

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бозгундагы экс-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге каршы ачылган кылмыш иштерине токтолду.

А. Шадиевге сыртынан 304-берене менен коррупция айыбы коюлган, аны издөө иштери азырынча майнап бере элек. Ошондой эле Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов да изин таптыра элек, анын өлкө аймагынан чыгып кеткени такталган.

Тарых музейин реконструкциялоодо орун алган коррупция боюнча ачылган кылмыш ишин тергөө да азырынча соңуна чыга элек.

"Музейдин концепциясына төп келбеген Германиядан 55 миллион сомго экспонаттар алынып келингени аныкталды. Подрядчиктер менен түзүлгөн келишимдерди текшерүүдө бюджеттик эсептен 118 миллион сом максатыз пайдаланганы такталды", -деди Дамир Сагынбаев.

Ошондой эле Көчмөндөр оюну үчүн туругузулган ипподромду курууга кеткен акчалардын желиши, "Дастан" ишканасы аркылуу "Солнечный берег" пансионатынын сатылып кетиши, Бажы кызматында ашкереленген коррупциялык фактылар боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканы маалым болду.

Бул Коопсуздук кеңешинин быйыл февралда өткөн жыйынында кабыл алынган чечимдеринин аткарылышы жөнүндө отчет болду.

Кара тизме, кирешесин каткан чиновниктер

Быйыл 8-февралда Коопсуздук Кеңешинде сот жана укук коргоо органдарындагы күчөгөн коррупция жөнүндө маселе каралып, жыйынтыгында Жогорку Кеңешке, Ѳкмөткө жана Жогорку Сотко мыйзамдык бир катар жоболорду жана ыкмаларды кайра карап чыгуу, өзгөртүү сунушталган.

Анын ичинде коррупцияга каршы күрөштү координациялоо, укук коргоо жана прокуратура органдарын кызматкерлерине кызматтык жайда видеобайкоо жүргүзүү, алардын кылмыштык аракеттерин жазалоо чараларын күчөтүү, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн банктык, ишкердик аракеттерин көзөмөлгө алуу сыяктуу чаралар болгон эле.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин катчылыгына коррупция менен күрөшүүчү органдардын жетекчилик курамына талдоо жүргүзүү, жабылган кылмыш иштерин иликтөө, укук коргоо кызматкерлеринин декларацияларын дыкат текшерүү жөнүндө тапшырма берилген.

Image copyright Official
Image caption Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев

"2019-жылдын 1-январынан тартып укук коргоо органдары тарабынан жасалган кылмыштардын реестери иштей баштайт. Учурда бардык керектүү техникалык документтер даярдалып жатат. Коомчулук укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн үстүнөн жазылган арыз-даттануулар кандай каралып жатканын онлайн режиминде көрө алышат. Муну менен бардык тергөөчү, прокурор жана башка кызматкерлер кайсы бир ишти жаап-жашыруудан мурун "кылмышкерди калкалоо керекпи же жокпу" деп он жолу ойлонот деген ишеним бар", -деди Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Коопсуздук Кеңешинин чечимдеринин аткарылышы боюнча.

Ал белгилегендей учурда 48 миң декларация текшерилип, анын 833 тикелей чиновниктерге таандык. Алдын ала маалыматтар боюнча учурда 50 аткаминердин киреше менен чыгышасында айырмачылыктар аныкталды.

1960-1970 жана 2000 жана андан кийинки жылдары жоголгон жана уурдалган кылмыш иштери такталып, буга айыптуу он бир кызматкерге кылмыш иши козголду. Алардын сегизи - прокурлор.

"Сот реформасы жок коррупцияга каршы күрөш майнапсыз"

Коомчулуктун көзүндө учурдагы бийликтин коррупцияга каршы саясатынын багыты туура жолдо бараткандай көрүнөт, бирок ал айыптууларды жоопко тартуу менен гана чектелгендей таасир калтырууда. Мурдакы баш прокурор Аида Салянова:

"Жоопко тартуу деген бул кесепет менен күрөшүү болот. Себептери менен эмес, маселенин кесепети менен. Жоопко тартуу өтө маанилүү маселе, бирок ал жалгыз курал болбош керек. Ага гана таянай берсек аягында жыйынтыгы болбой, маанисиз болуп калат", -деди Салянова Би-Би-Сиге.

Айтымында коррупцияга каршы күрөштө системалык мамиле керек. Ал кандай болуш керек?

"Биринчиси, журналистердин көз карандысыздыгы, анан мыйзамдардын тактыгы жана өтө маанилүү нерсе - сот реформасы. Анысы жок коррупция менен күрөштү айтууга эртелик кылат. Ал эми сот реформасы бүгүн эч бир ордунан жыла элек. Козголгон дагы жок", -деди мурунку баш прокурор.

Image copyright official
Image caption Салянова мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 2011-2015-жылдары баш прокуратураны жетектеген

Аида Салянова мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда 2011-2015-жылдары баш прокуратураны жетектеген. Кызматтагы кезинде бийликтин бийик сересиндеги ондогон адамдарга коррупция боюнча айыптар тагылып, кылмыш иштери козголгон. Бирок кийин УКМК Салянованын өзүнүн жолдошу Бакыт Абдыкапаровду коррупция боюнча айыптоо башталгандан көп өтпөй эле отставкага кеткен.

"2015-жылга чейин биз мыйзам баарына бирдей иштеши керек деп, министрлерин, сотторун, депутаттарды дагы жоопко тартып аттык. Менин оюмдо коомчулукта ошондо ошого ынанды. Ошондой жумушту колдоду. Тилекке каршы, 2015-жылдан кийин президент Атамбаев ошол ишти башка нукка буруп, ошол жумуш коррупция менен күрөшүү эмес, оппоненттер менен күрөшүү жаатына өтүп кетти", -деди экс баш прокурор Аида Салянова.

Ал эми президент Сооронбай Жээнбековдун коррупцияга каршы баштаган жүрүшү негизинен коомчулукта колдоого ээ болууда. Бирок жогорку деңгээлдеги саясий реформаларсыз бул күрөш канчалык максатына жетет, канчалык адилеттүү жүрөт деген күмөндүү мамиле да болуп жатканын айта кетүү керек.