Аскар Акаев: 2005-жылы Кеминге барсам абал аябай курчуп кетмек

Бөлүшүңүз Email Бөлүшүңүз Фейсбук Бөлүшүңүз Твиттер Бөлүшүңүз Вотсап

Image copyright RUFAT ERGESHOV/BBC
Image caption Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев

Мындан туура 14 жыл мурун Кыргызстандын борбору Бишкекте абал кыйла олку-солку болуп турган. Ага чейин кээ бир облус, райондордо нааразылык акциялары, жөө жүрүштөр өтүп келген эле.

Айрым эксперттер буга ошол кездеги президент Аскар Акаевдин бийлигинин мөөнөтү узакка созулуп, соңку парламенттик шайлоо бурмаланып, социалдык абал оорлоп кеткени себеп деп келишет. Мындан тышкары Аксы окуясы, тамырлап кеткен коррупция сыяктуу олуттуу кемчиликтер бийликти алмаштырууга түрткү берген деген жүйөөлөр да бар. Ошол эле учурда бул атайын уюштурулуп, элдин атына жамынган саясатчылардын кылган иши дегендер да жок эмес.

Би-Би-Си Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев менен эксклюзивдүү маек куруп, илимден тарта саясат, тарых, экономика маселелерине чейин баарлашты.

Бул саам 2005-жылдын 24-мартындагы ыңкылап, Аксы окуясы тууралуу кеп болот

Image caption 2005-жыл 24-март Бишкек

Би-Би-Си: 2005-жыл 24-мартка кайрылалы. "Акаев 2005-жылы өлкөдөн чыгып кетпегенде кандай болмок?" деген талкуулар азыркыга чейин уланып келет. Эгер сиз ошондо Кыргызстандан чыгып кетпегениңизде окуя башкача өнүгөт беле?

Аскар Акаев: Мен 15 жыл президент болуп иштедим. Ушунча жыл аралыгында 24-марттагы окуя мен үчүн эң татаал, эң оор чечим болду. Ал менин өлкөдөн чыгып кетүү чечимим эле. Биз ошондо "Ала-Тоо" аянтына кылкылдаган криминал чогулат деп ойлогон эмеспиз. Криминал чөйрөсү чогулганы кийин ачык-айкын болбоду. Өзүңөр билесиңер, ыраматылык Баяман: "Кечээки революцияны жеңишке алып келген күч мен болдум. 5000 аскер алып келип, жеңип чыктык, ошондуктан мага бийликтин бир бутагын бересиңер",- деп парламентте сүйлөдү. Кийин президенттик шайлоого катышам деп атылып кетти, туурабы?!

Эскертүү: Жарнамалар болушу ыктымал

Ошол күнү эрте менен бөлмөмдөн карасам, чогулган 15 миңдей кишинин ичинен 10 миңден ашууну негизинен криминалдар экен, көпчүлүгү спирттик ичимдик ичип алыптыр. Ошондо көп эле жардамчыларым мага келип, Аскар Акаевич, көрүп турасыз, 10 миңден ашык криминал экен. Криминалга каршы күч колдонбосо болбойт деп айтышты. Көп өтпөй эле "Акаев күч колдонбосо, кечинде өзүбүз кан төгүп, бийликке шылтап коёбуз" деген сөздөрдү уктук. Мындай сценарий кийин Киевде, башка мамлекеттерде да колдонулду.

Би-Би-Си: Кечиресиз, Кыргызстандан чыгып кетүү маселесине кайрадан кайрылалы. Сиздин кичи мекениңизде же өлкөдөгү башка жерде, балким Бишкекте эле калууга мүмкүнчүлүгүңүз бар беле?

Аскар Акаев: Ар тараптан ойлонуп, негизгиси элдин канын төкпөшүм керек дедим. Кандай гана бийлик болбосун адам өмүрүнө татыбайт. Ошондуктан кан төгүлбөшү керек эле. Аскер кызматкерлери курал колдонуу керектигин айтып жатышат дегенде, кандай гана кырдаал болбосун, атпагыла, курал колдонбогула!, деп айттым. Акыркы буйругум ушул болду. Анан мен өлкөдөн чыгып кетүүм керек деген чечим кабыл алдым. Себеби, Кеминге барганда ал жактагылар көтөрүлүп, конфликт күчөмөк. Анын үстүнө кечинде кан төгүшсө. Кан төгүлгөндөн кийин конфликт өтө чоң масштабга чыкмак. Ошон үчүн мен бийликтен баш тартып, өлкөдөн чыгып кетип, кан төкпөй, тынчтык жолу менен кийинки бийликтин келүүсүнө мүмкүндүк түзүп берүүнү чечтим. Туура, айрымдар мени күнөөлөп да жүрүшөт. Акаев качып кетти, күч колдонуп эле криминалды тартипке келтирсе болмок дегендер да жок эмес. Мунун баары көп кемчиликтер, кыйынчылыктардан кийинки эл арасында чыккан пикирлер. Мен ошол күнү туура чечим кабыл алгам деп ойлойм. Себеби, өзүңөр билгендей, Аксы окуясы сабак болду. Өзүң айткандай, Аксы трагедиясы мен президент болуп тургандагы эң начар окуя болуп калды.

Image caption 2005-жыл 24-март Бишкек шаары

Би-Би-Си: Аскар ага, терезеден карасам криминал жүрүптүр деп калдыңыз. Сиз криминал экенин кайдан, кантип билдиңиз?

Аскар Акаев: Мага маалымат жеткиришти. Ошол жерде биздин күзөт кызматынын адамдары, Улуттук коопсуздук кызматкерлери да жүргөн. Анан дүрбү менен да криминал экени көрүнүп турду. Мага дүрбү алып келип, "мына ишенбесеңиз караңыз, булардын кебетесин көрүңүз, булар жөнөкөй адам эмес, криминалдар",- деп айтышты.

Аксы окуясы, атылган ок...

Би-Би-Си: Аксы окуясына кайтып келели. Тилекке каршы бир нече адам окко учту. Бул сиздин башкаруу учуруңуздагы бетке чүркөө болгон иш экени ачуу чындык. Чын-чынына келгенде ок атуу тууралуу буйрук ким тарабынан берилген?

Аскар Акаев: Туура айтасыз. Мен президент болуп турганда эң татаал окуя Аксы трагедиясы болду. Мунун баары талкууланган, күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алган. Ошол кезде өзүңөр билгендей, атуу жөнүндө эч кандай буйрук берилген эмес. Баарын өздөрү атып, кийин жалаа жаба башташты. Ошондо мен коопсуздук кеңеши ачык болсун, эл уксун деп баяндаманын баарын ачык айттыргам. Ага эл канааттанган. Комиссияны башкарган Танаев абдан адилеттүүлүк менен баарын талдап чыгып, күнөөлүүлөрдүн баарынын аты аталып, жазасын алган болчу. Атуу буйругун эч ким берген эмес. Айрыкча, жетекчилердин ичинен эч ким андай көрсөтмө бермек эмес. Кийин Азимбек Бекназаров башкы прокурор болуп турганда, бул боюнча өзү "изилдөө жүргүзүп, ага Бакиев күнөөлүү экенин" айткан эле.

Аксы окуясы маалында Бакиев премьер-министр болчу. Мен расмий иш сапар менен чет мамлекетте жүрүп келген элем. Бакиев ал кезде оорудум деп Жалал-Абадда санаторийде экен. Ошондо Азимбек Бекназаров "Бакиев күнөөлүү" деп айткан.

Image caption 2005-жыл 24-март Бишкек шаары

Би-Би-Си: Кыргызда ала кушту атынан аташ керек деген сөз бар эмеспи. Кылмыш же коррупция тууралуу сөз болгондо, анын суммасы же кайсы бир адамдардын ысымдары аталууга тийиш. Ушуну эске алганда, акыркы бүтүм же жыйынтык катары Аксы окуясында ок атууга ким күнөөлүү деп ойлойсуз?

Аскар Акаев: Бардык деталдар эсимде жок, андан бери 20 жылдай убакыт өттү. Акыркы он беш жылда мен Орусияда жүрөм. Бирок муну оппозиция өздөрү уюштурду. Өздөрү кан төгүп, иши кылып президентти кызматынан кетирүүнү көздөшкөн деп эсептейм. Кийин мына Бекназаров да ушундай версиясын айтып чыкты.

Би-Би-Си: Азимбек Бекназаров Бакиевди күнөөлөп жатат деп калдыңыз. Курманбек Бакиев өкмөт башчы боло туруп оппозицияга тиешеси болгон деп ойлойсузбу?

Аскар Акаев: Сөзсүз болгон. Мен кызматтан кетсем эле, ал дароо бийликке келүүнү максат кылган. Тезирээк президент болууну самаган. Кийин 2005-жылы төңкөрүштү башкарып, анан президент болуп шайланбадыбы.

Кыргызстандын биринчи президенти менен маек өлкөнүн тышкы карызы, башкаруу, илим жана тарых темаларында уланат.