Путин Скрипалды ууландырууга шектүүлөр тууралуу пикирин билдирди

Бөлүшүңүз Email Бөлүшүңүз Фейсбук Бөлүшүңүз Твиттер Бөлүшүңүз Вотсап

Сергей Скрипалды ууландырууга шектүү аталгандар тууралуу орус бийлигинин маалыматы бар. Бул тууралуу пикирин айткан орус президенти Владимир Путин "ал жерде криминалдык нерсе жок" деп билдирди.

Image copyright Met Police
Image caption Британиянын полициясы шектелип жаткан эки адамдын видеосун чыгарган.

"Албетте, биз алар кандай кишилер экенин карап көрдүк. Биз аларды таптык жана ким экенин билебиз. Кимдер экени тууралуу өздөрү да чыгып айтып берет деп ишенем. Бул баарыбыз үчүн жакшы болот. Ал жерде эч кандай деле криминалдык нерсе жок деп силерди ишендирип кетем",-деди Орусия президенти Владимир Путин Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумдагы сөзүндө.

Өткөн аптада британ бийлиги Орусиянын эки жаранын мамлекеттин чалгын агенттигинин мурдагы офицери Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны өлтүрүүгө аракет кылган деп шектүү катары атаган эле.

Баракча ачылбайт

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй, "Александр Петров" жана "Руслан Боширов" деген каймана ат менен келген эки киши Орусиянын чалгын кызматынын офицерлери деп билдирген.

Британиянын прокуратурасы бул эки кишини айыптоо үчүн жетиштүү далилдер бар деп маалымдаган эле.

66 жаштагы Скрипаль жана анын 33 жаштагы кызы Юлия март айында "Новичок" уулу заты менен ууландырылган.

Өткөн аптада Коомдук палатанын алдында сүйлөп жатып премьер-министр Тереза Мэй ишти аягына чыгаруу убадасын берип, ууландыруунун артында Орусиянын жогорку кызматтагы адамдары турат деп билдирүү жасады.

Би-Би-Синин коопсуздук боюнча кабарчысы Гордон Кореранын айтымында, Британиянын бийлиги шектүүлөрдү мурда эле аныктап, жадагалса чыныгы аттарын да билиши мүмкүн. Мындай маалыматты азырынча жашыруун кармап, эгер алар эркин жүрүшсө, колго түшүрүүнү көздөшүүдө.

"Биз биргеликте Орусиянын чалгын кызматына каршы болгон күчүбүздү топтошубуз керек", - деп билдирген Тереза Мэй.

Ага жооп катары, Орусиянын Лондондогу эличиси Британия бийлигин "саясатташкан коомдук айыптоолордон алыс болууга чакырган" эле.

Image copyright Met Police
Image caption Шектелип жаткан эки орус жараны 4-мартта, Скрипаль ууландырылган күнү Солсбери шаарчасында жүргөн

Орус элчилигинин билдирүүсүндө, Улуу Британия бийлиги шектүүлөр тууралуу паспортунун номуру сыяктуу кошумча маалымат берип, чогуу иш алып барууга каршы болуп жаткандыгын айтып айыптады.

Лейбористтердин лидери Жереми Корбиндин Британиянын көчөлөрүндө уулуу затты колдонуу "чектен ашкандык" болуп саналат деп айтты.

Британ бийлиги эки шектүүнү Орусиядан экстрадициялоо боюнча азырынча сөз кыла элек. Анткени Орусия алар өздөрүнүн жарандары экенин тастыктаган эмес.

Бирок, Орусиянын эки жараны Европа Биримдигине кире турган болсо, дароо колго түшүрүлөт.

"Новичок" деген эмне болгон уулу зат?

  • "Новичок" деп аталган затты Советтер Союзу 1970-80-жылдары жашыруун аскердик жайларда чыгарган. Аны "жаңы муундагы" уулу заттардын катарына кошсо болот.
  • "Новичок" камтыган A-230 химиялык заты Литвиненкону өлтүргөн VX затынан сегиз эсе күчтүү. VX затын ичип алган адам бир нече мүнөттүн ичинде каза табат.
  • "Новичок" затынын суюк жана катуу түрлөрү бар. Ошондой эле "Новичоктогу" химиялык заттар өз алдынча кармалат, алар аралашканда гана өтө күчтүү уулу затка айланат.
  • Айрым маалыматтарга ылайык, "Новичок" затын Орусиянын армиясы химиялык курал катары каттаган.
  • Орусиядан башка тарапка өтүп кеткен мурдагы чалгынчылар "Новичок" тууралуу биринчилерден болуп айтып беришкен. Ага чейин уулу зат тууралуу дүйнөлүк коомчулуктун кабары жок болчу.
Image copyright Getty Images
Image caption "Новичок" камтыган A-230 химиялык заты Литвиненкону өлтүргөн VX затынан сегиз эсе күчтүү

Буга чейин премьер-министр Тереза Мэй уулу затты Британияда колдонуу "бир гана Скрипалга каршы кылмыш эмес, жалпы Британиянын коомчулугуна каршы кылмыш" деп атады. Себеби, "жөн жай тургундардын өмүрүнө коркунуч жаралды" деп кошумчалады Мэй.

Сергей Скрипаль деген ким?

Сергей Скрипаль 1951-жылы туулган. Көп жылдар бою Орусиянын чалгын агенттигинде кызмат кылып, полковник наамына чейин жеткен.

Орусиянын ММКларында Скрипаль тууралуу маалымат абдан аз. Бирок Би-Би-Синин Британиянын атайын кызматтарына жакын булагы Скрипаль десанттык күчтөрдө өзүн мыкты көрсөткөнүн айтты. Андан соң Скрипалды чалгындоо агенттиги ишке алган.

Image copyright Moscow District Military Court/TASS
Image caption Скрипаль 2006-жылы соттолуп, 13 жылга абакка кесилген

1990-жылдары Скрипаль Орусиянын чалгын агенттигинде чоң кызматты аркалап, атайын кызматка жаңы кадрларды тандоо жагында иштеген.

Орусиянын атайын кызматтары Скрипаль Британия тарапка 1995-жылы өткөн деген пикирде.

2004-жылы ФСБ Скрипалды Британиянын чалгынчылары менен кызматташканы үчүн камакка алып, ага чыккынчылык боюнча айып тагылган.

Орусиянын бийлиги Скрипаль пенсияга чыкса дагы, мурдагы кесиптештеринин жардамы менен жашыруун маалыматтарды алып, Британияга өткөрүп турган деген пикирде болуп жатат.

Image caption Скрипаль Улуу Британияда жашап жаткан

2006-жылы Скрипаль күнөөнү мойнуна алып, Москванын аскердик соту аны 13 жылга эркинен ажыраткан. Ал аскердик наамынан дагы айрылган.

Бирок 2010-жылы Скрипалды окумуштуу Игорь Сутягин менен жана дагы эки орусиялыкты кошо АКШда кармалган орус агенттери менен алмашуу чечими кабыл алынган.

Кошмо Штаттарында кармалган агенттердин катарында тышкы чалгындоо кызматынын генерал-майору Михаил Васенков жана Анна Чапман бар болчу.

Скрипалга мунапыс берүү боюнча документке мурдагы президент Дмитрий Медведев кол койгон. Орусиянын президенти мунапыс алуу үчүн Скрипаль жана үч орусиялык өздөрү кайрылганы айтылат.

АКШ Чапман менен башка орусиялык тыңчыларды тышкы чалгындоо кызматынын мурдагы полковниги Александр Потеевдин маалыматына таянып кармашкан. Потеев мурда Орусиянын АКШдагы мыйзамсыз чалгындоо иштеринин башчысы болчу.

2010-жылы ал АКШга орусиялык тыңчылар тууралуу маалымат берип, өзү дагы Кошмо Штаттар тарапка өтүп кеткен. 2011-жылы мурдагы полковникти Орусиянын соту 25 жылга соттогон.

2016-жылы ММКалар Потеев АКШда каза тапканын маалымдашкан.