АКШнын чыгыш жээгин мелжеген кыйраткыч бороон

Бөлүшүңүз Email Бөлүшүңүз Фейсбук Бөлүшүңүз Твиттер Бөлүшүңүз Вотсап

Image copyright RICKY ARNOLD HANDOUT/EPA-EFE/REX/Shutterstock
Image caption "Флоренс" барган сайын күч алууда: дүйшөмбүдө эртең менен ал үчүнчү категорияда эле, бир сааттан кийин эле төртүнчү категорияга чыкты.

АКШнын чыгышында кыйраткыч бороондон сактанып, миллиондой адам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул жакты соңку он жылдыктагы эң катуу бороон басат деп күтүлүүдө. Атлантика тараптап келаткан «Флоренс» бороону төртүнчү категорияга чыкты. Түштүк Каролинага жакындаган сайын улам күч алып келатат.

Коркунуч тооруган аймакта чукул кырдаал жарыяланып, 187 милге созулган жээк зонасында жалпы эвакуация жүрүп жатат. Коопсуз жайга көчүрүлгөн бир миллиондой адамдын ичинде жашоочулар, кызматчылар жана туристтер бар.

"Флоренс" бороону ондогон жылдарда боло элек эң катуу бороон болот деп коркуп жатышат. Бороондун күчү мүмкүн болгон бештин ичинен төрт баллга чыкты.

2017-жылы болгон эң кыйраткыч атлантикалык шамал, "ондогон жылдардын бороону" атыккан "Ирманын" күчү эң жогору - беш балл болгон.

"Флоренс" барган сайын күч алууда. Дүйшөмбүдө эле аны үч балл деп эсептеп жатышкан, бирок бир сааттан кийин эле шамалдын ылдамдыгы саатына 178 кмден 195 кмге жетти, ал эми анын кыйраткыч күчү төрт баллга өстү. Башкача айтканда, бороондун күчү бак-дарактарды, жыгач үйлөрдү сапырып кеткенге жетет, ал эми таштан салынган үйлөрдүн чатырларын, терезелерин жана эшиктерин талкалай алат.

Бул бороон болгондо океандан жээкти карай ашып-ташыган суу төрт километрге созулушу ыктымал. "Флоренс" бул региондо соңку отуз жыл ичиндеги эң кыйраткыч бороон болуп калышы мүмкүн.

Метеорологдор бул бороон Атлантиканын жылуу сууларынан кубат алган сайын эң жогорку бешинчи категорияга жетиши мүмкүн деп жатышат.

Соңку жолу мындай катуу бороон бул регионду 1989-жылы баскан эле - төртүнчү категорияга жеткен "Хьюго" шамалы Түндүк Каролинаны сапырып, 7 млрд доллар зыян алып келге, 49 адамдын өмүрүн алган.

Image copyright Reuters
Image caption Жергиликтүү жашоочулар боорондуу күнгө даярданып, эң керектүү оокаттарды камдап жатышат.

Бороонго байкоо салган улуттук борбор "Флоренсте" эң коркунучтуу" метеорологялык көрүнүштүн бардык белгилери бар деп эскертүүдө.

Ал нөшөрлөп жааган жамгырды алып келип, жээктеги жана ички региондорду бүт суу капташы мүмкүн.

Бийликтер элге электр кубаты үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн эскертип, суу камдап алууга чакырышты.

Супермаркетте узун-узун кезектер пайда болду - жергиликтүү жашоочулар суу, батарейка жана фанера сатып алып, аны менен үйлөрдүн терезелерин жаап бекитип жатышат. (КС)